Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Уул (кыз) бала асырап алган кызматкерлерге отпуска берүү Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 18 июля 2025 года № 428 "Об утверждении Порядка предоставления отпусков работникам, усыновившим (удочерившим) ребенка"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-18.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18 июлундагы № 428 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген
Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү Тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-майындагы № 257 токтомунун редакциясына ылайык)
1. 3 айга чейинки курактагы бала асырап алган
кызматкерлерге бала баккандыгы үчүн төмөнкүдөй өргүү берилет:
- бала асырап алган күндөн тартып жана асырап алынган уул
(кыз) бала төрөлгөн күндөн 70 календардык күн өткөнгө чейин, ал эми эки же андан көп баланы бир эле мезгилде асырап алганда - алар төрөлгөн күндөн тартып 110 календардык күнгө чейинки мезгилге;
- бала үч жашка чыкканга чейин эмгек акысын сактабастан
кошумча отпуск. Бала асырап алган жубайлар асырап алган учурда аталган өргүү алардын каалоосу боюнча жубайлардын бирине берилет. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-майындагы № 257 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бала асырап алган кызматкер бала
баккандыгына өргүү алуу үчүн иштеген жерине өргүүнүн түрүн жана анын узактыгын көрсөтүү менен өргүү берүү жөнүндө арыз берет жана аны алууга кызматкердин укугун ырастоочу документтерин бала асырап алгандыгы жөнүндө соттун чечими же баланын (балдардын) туулгандыгы тууралуу күбөлүк) берет. Бала (балдарды) баккандыгы үчүн өргүүнү тариздөөдө жубайлардын бирине ушул Тартиптин 1-пунктунда көрсөтүлгөн бала баккандыгы үчүн өргүүнү ал пайдаланбагандыгы же жубайы ушул Тартиптин 4-пунктуна ылайык берилген кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү үчүн өргүүдө экендиги жөнүндө экинчи жубайына иштеген (кызмат өтөгөн, окуган) жеринен маалымкат берилет.
3. Ушул Тартиптин 1-пунктунда көрсөтүлгөн өргүүлөрдү
кызматкерлерге берүү ар бир өргүүнүн узактыгы көрсөтүлүп, жумуш берүүчүнүн буйругу менен таризделет.
4. Бала асырап алган аялдарга алардын каалоосу боюнча ушул
Тартиптин 1-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн өргүүнүн ордуна баланы асырап алган күндөн тартып 70 календардык күнгө чейинки, ал эми эки же андан көп баланы бир эле мезгилде асырап алганда - алар төрөлгөн күндөн тартып 110 календардык күнгө чейинки мезгилге кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча өргүү берилет.
5. Бала асырап алган аялга кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү боюнча
өргүү берүү үчүн негиз болуп кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген эмгекке жарамсыздык баракчасы эсептелет. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-майындагы № 257 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бала асырап алган кызматкерлерге ушул Тартиптин 1 –пунктунун
экинчи абзацында көрсөтүлгөн өргүү мезгилине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана өлчөмдө баланы асырап алууда жөлөкпул дайындалат жанатөлөнөт. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-майындагы № 257 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Бала асырап алуу жөнүндө чечим чыгарган же бала асырап алууну мамлекеттик
каттоону жүзөгө ашырган кызмат адамдары, ошондой эле бала асырап алуу жөнүндө башкача жолдор менен кабардар болгон адамдар бала асырап алуунун сырын сактоого милдеттүү. Бала асырап алуучулардын эркине каршы баланы асырап алуунун сырын ачыкка чыгарган аталган адамдар мыйзамда белгиленген тартипте жазык жоопкерчилигине тартылышат. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-майындагы № 257 токтомунун редакциясына ылайык)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июлунун “Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 18.07.2025 · № 428
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 606 " Уул (кыз) бала асырап алган кызматкерлерге отпуска берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.12.2005 · № 606 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон