Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы „Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору“ мамлекеттик мекемесинин айрым маселелери жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 7-октябры № 556
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесинин айрым маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 616 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктундагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Экономика жана коммерция министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 147 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду жөнүндө жободо:
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына кызмат орду боюнча төмөнкүлөр кирет:
- бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси, Фонддун Байкоочу кеңешинин төрагасы;
- экономикалык саясат боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары;
- бюджеттик саясат боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары.";
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Фонддун Байкоочу кеңешинин ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыздоону МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча орган ишке ашырат. Мамлекеттик өнөктөш тарабынан МЖӨ долбоорун ишке ашыруу планы аткарылбаса же аткаруу артыкчылыгы төмөндөтүлсө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун координациялоо боюнча орган Байкоочу кеңештин кароосуна консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга бөлүнгөн акча каражаттарды кайтарып алуу маселесин киргизүүгө укуктуу.".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө";
2) 1, 5-пункттарындагы "Экономика министрлигинин" деген сөздөр "Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун 13-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун каражаттарынын эсебинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо тартиби жөнүндө жободо:
- 5-8, 14-пункттарындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун мамлекеттик реестринде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пунктундагы "МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 18-октябрындагы № 92 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (9)
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун каражаттарынын эсебинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз…Положение · 25.03.2022 · № 160
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө"…Постановление · 28.06.2019 · № 333
- "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду жөнүндө жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 147 токтому менен бекитилген)Положение · 17.03.2014 · № 147
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы, № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана…Постановление · 10.12.2021 · № 300
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 616 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө" токтомуПостановление · 14.09.2012 · № 616
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун мамлекеттик реестринде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз…Положение · 25.03.2022 · № 160
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө Жобо (КР…Положение · 07.10.2022 · № 556
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралы № 107 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 16.02.2026 · № 107
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-майы № 329 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелерин жөнгө салуучу айрым…Постановление · 11.05.2026 · № 329
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы, № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана…Постановление · 10.12.2021 · № 300
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2022 · № 160
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 616 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө" токтомуПостановление · 14.09.2012 · № 616
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 147 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо жөнүндө" токтомуПостановление · 17.03.2014 · № 147
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги ПЖ № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө…Указ · 15.04.2022 · № 115
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө"…Постановление · 28.06.2019 · № 333