Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Ресаубликасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 „Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө“ токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 18 февраля 2015 года № 72 "О внесении дополнения и изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики" токтому» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-02-18.
КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 18-февралы № 72 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 28-марты № 187 Кыргыз Ресаубликасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Жаныбарларды идентификациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү максатында, "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргаз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жободо:
7-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: "- жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, чарбаларды каттоо, идентификацияланган жаныбарлардын кыймылынын эсебин алуу боюнча чаралардын комплексин уюштуруу жана жүргүзүү, Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү;".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен бирдикте эки айлык мөөнөттө зарыл болгон финансылык каражаттарды жана каржылоо булактарын аныктоо менен "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планын даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын…Положение · 07.05.2013 · № 256 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-февралындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөЗакон · 06.06.2013 · № 91
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.05.2013 · № 256 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-февралындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон