Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому (Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматынын уюштуруу түзүмү жөнүндө)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 5 октября 2011 года № 616 "Об утверждении Положения о Департаменте государственной ветеринарии при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-10-05.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-октябрындагы № 616 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 11-августу № 436
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматынын
уюштуруу түзүмү жөнүндө
"2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматын
өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-февралындагы № 62 токтомуна ылайык жана
мамлекеттик ветеринария органдарынын уюштуруу түзүмүн Жаныбарлардын ден
соолугун коргоо боюнча бүткүл дүйнөлүк уюмдун стандарттарына ылайык
келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашы-
руу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жыл-
дын 4-августундагы № 562 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин
борбордук аппаратынын кызматкерлеринин жогорку штаттык саны 52 бирдик-
тен жана анын аймактык органдарыныкы - 859 бирдиктен белгиленсин.".
2. "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 25-апрелиндеги № 294 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кир-
гизилсин:
- 3-пункттун бешинчи абзацындагы ", юридикалык жактын статусу ме-
нен алардын базасында түндүк, түштүк жана чыгыш региондук башкармалык-
тарын түзүү менен" деген сөздөр алып салынсын;
- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл,
суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин башкаруу схемасын-
да "АЧМнын жана ИИМдин мамлекеттик чек арадагы жана транспорттогу мам-
веткөзөмөлү ГУПВКС" позициясы алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Чек аралык-ве-
теринардык карантиндик кызматы башкы башкармалыгы анын функцияларын,
штаттык санын жана материалдык-техникалык бөлүгүн
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментине өткөрүп
берүү менен жоюлсун.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментин
күтүүгө бөлүнүүчү ассигнованиелердин чектеринде жаныбарлардын ден соо-
лугун контролдоо боюнча өкүлчүлүктөрдүн укуктарында жети зоналык под-
разделение түзүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык
келтирүү боюнча сунуш киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бир
айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдала-
нуу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-октябрындагы № 616 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 05.10.2011 · № 616
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги №294 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай Министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 25.04.2006 · № 294
- Кыргыз Республикасынын кмтнн 2006-жылдын 4-августундагы №562 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 04.08.2006 · № 562 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги №294 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай Министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 25.04.2006 · № 294
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-октябрындагы № 616 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 05.10.2011 · № 616
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-февралындагы № 62 "Кыргыз Республикасынын ветеринария кызматын өнүктүрүүнүн 2008-2012-жылдарга карата стратегиялык планын бекитүү…Постановление · 25.02.2008 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын кмтнн 2006-жылдын 4-августундагы №562 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 04.08.2006 · № 562 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Ветеринария жөнүндөЗакон · 12.04.2005 · № 61 · Күчүн жоготкон