Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Постановление Правительства КР «Об утверждении типовой структуры и штатной численности аппаратов мэрии и районных администраций мэрии города Бишкек»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 27 января 2015 года № 26 "О предельной штатной численности муниципальных служащих органов местного самоуправления города Бишкек"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-02-02.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-январы № 26 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2009-жылдын 2-февралы N 61
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Бишкек шаарынын мэриясынын жана мэриянын райондук администрацияларынын аппараттарынын типтүү түзүмдөрүн жана штаттык сандарын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги №230, 2009-жылдын 10-сентябрындагы №566, 2011-жылдын 12-июлундагы №383, 2011-жылдын 22-августундагы №478 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин өркүндөтүү мак- сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын типтүү түзүмү жана штат-
тык саны;
- Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын аппара-
ттарынын типтүү түзүмү жана штаттык саны.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Бишкек шаарынын
мэриясы менен бирдикте белгиленген тартипте 2009-жылдын 1-апрелине че- йинки мөөнөттө башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу жана штаттык санын кыскартууну эсепке алуу менен Бишкек шаарынын мэриясынын түзүм- дүк жана аймактык подразделениелеринин типтүү ченемдерин бекитүү боюн- ча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорлорун киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мони- торинг бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-февралындагы N 61 токтому менен бекитилген
Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын аппараттарынын ТИПТҮҮ ТҮЗҮМҮ ЖАНА ШТАТТЫК САНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12 июлундагы №383 токтомуна ылайык)
| Кызмат орундарынын аталыштары | Штаттык бирдиктердин саны |
|---|---|
| Мэр | 1 |
| Биринчи вице-мэр | 1 |
| Вице-мэр | 4 |
| Аппарат жетекчиси | 1 |
| Мэрдин кеңешчиси | 1 |
| Мэрдин жардамчысы | 1 |
| КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы №383 токтомуна ылайык алынып салынды | |
| Башкармалык начальниги | 1 |
| Бөлүм башчы | 8 |
| Башкы адис | 19 |
| Жетектөөчү адис | 19 |
| Адис | 7 |
| Бардыгы | 64 |
| Техникалык тейлөө менен иштешкен кызматчылар | |
| Башкы бухгалтер | 1 |
| Кассир | 1 |
| Чарба башчысы | 1 |
| Жетекчинин катчысы | 6 |
| Архивариус | 1 |
| Көчүрмө бюросунун башчысы | 1 |
| Машинистка катчы | 1 |
| Кенже тейлөөчү персонал | 8 |
| Жыйынтыгы | 84 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-февралындагы N 61 токтому менен бекитилген
Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациясынын ТИПТҮҮ ТҮЗҮМҮ ЖАНА ШТАТТЫК САНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы №566, 2011-жылдын 12-июлундагы №383, 2011-жылдын 22-августундагы №478 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
| Кызматтардын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
|---|---|
| Башчы | 1 |
| Башчынын биринчи орун басары | 1 |
| Башчынын орун басары | 3 |
| Аппарат жетекчиси | 1 |
| КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы N 383 токтомуна ылайык алынып салынды | |
| Бөлүм башчысы | 3 |
| Башкы адис | 10 |
| Жетектөөчү адис | 11 |
| Адис | 4 |
| Бардыгы | 34 |
| Техникалык тейлөөдө иштеген кызматкерлер | |
| Башкы бухгалтер | 1 |
| Кассир | 1 |
| Чарба башчысы | 1 |
| Жетекчинин катчысы | 2 |
| Кенже тейлөөчү кызматкерлер | 5 |
| Жыйынтыгы | 44 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 26 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуПостановление · 27.01.2015 · № 26
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги №230 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.04.2009 · № 230 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы №383 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу…Постановление · 12.07.2011 · № 383
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 26 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуПостановление · 27.01.2015 · № 26
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О местном самоуправлении и местной государственной администрацииЗакон · 12.01.2002 · № 5 · Күчүн жоготкон