Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2013-жылдын 17-майы № 274 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын калкына социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү тартибин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-февралындагы № 79 "Чернобыль апаатынын кесепетинен жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 6, 8-пункттарындагы "социалдык коргоо жаатындагы" жана "социалдык жактан камсыз кылуу органдарын" деген сөздөр тиешелүү түрдө "социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү" жана "социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында Чернобыль катастрофасынын кесепетинен жапа чегишкен граждандарына социалдык гарантияларды жана компенсацияларды берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
12-пунктундагы "социалдык коргоо органдары" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 28-сентябрындагы № 401 "Саясий жана диний ынанымы, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3, 4-пункттарындагы "социалдык коргоо чөйрөсүндөгү" жана "социалдык коргоо органдары менен" деген сөздөр тиешелүү түрдө "социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү" жана "социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдары менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Саясий жана диний ынанымы, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укуктарын калыбына келтирүү тартиби жөнүндө жободо:
бүткүл тексти боюнча: түрдүү жөндөмөдөгү "социалдык коргоо бөлүмдөрү", "Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан коргоо органдары", "социалдык коргоо органдары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын; "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлиги" жана "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын; 11-пункту күчүн жоготту деп табылсын; 14-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "14. Акталган жарандарды медициналык тейлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жүргүзүлөт.".
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 31-июлундагы № 348 "Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бүткүл тексти боюнча "социалдык коргоо чөйрөсүндөгү" жана "социалдык коргоонун аймактык органдары" деген сөздөр тиешелүү түрдө "социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү" жана "социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын белгилөө жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктундагы:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "социалдык жактан коргоо башкармалары" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү башкармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталаган токтом менен бекитилген 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын төлөөнүн тартибинде:
3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин райондук жана шаардык социалдык коргоо башкармаларында (мындан ары - СКБ)" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук жана шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында (мындан ары - СӨБ)" деген сөздөргө алмаштырылсын; бүткүл тексти боюнча "СКБ" аббревиатурасы "СӨБ" аббревиатурасына алмаштырылсын; 14-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине" деген сөздөр "Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 14 · байланышкандар: 7
Цитата келтиргендер (14)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы №43 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз…Постановление · 28.01.2010 · № 43
- КР Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-февралындагы № 79 "Чернобыль апаатынын кесепетинен жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 22.02.1994 · № 79
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы №43 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын…Порядок · 28.01.2010 · № 43
- "Кыргыз Республикасында Чернобыль катастрофасынын кесепетинен жапа чегишкен граждандарына социалдык гарантияларды жана компенсацияларды берүүнүн тартиби жөнүндө" ЖобоПоложение · 22.02.1994 · № 79
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы №795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 22.12.2009 · № 795
- Постановление Правительства КР от 28 сентября 1995 года №401 "О реализации Закона Кыргызской Республики "О правах и гарантиях реабилитированных граждан, пострадавших в результате…Постановление · 28.09.1995 · № 401
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата жыл сайын бир жолку акчалай…Постановление · 21.04.2021 · № 161
- Постановление Правительства КР от 31 июля 1996 года N 348 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики "О ветеранах войны, Вооруженных Сил и тружениках тыла"Постановление · 31.07.1996 · № 348
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 29.05.2025 · № 290
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" ТОКТОМУПостановление · 21.04.2011 · № 180 · Күчүн жоготкон
- Положение о выплате к 9 мая ежегодного единовременного денежного пособия ветеранам Великой Отечественной войны и труда (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской…Положение · 15.04.1996 · № 170 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги №180 токтому менен бекитилген "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнүн" ТАРТИБИПорядок · 21.04.2011 · № 180 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 токтомуПостановление · 21.04.2021 · № 161
- КР Министрлер Кабинетинин 29.05.2025 №290 токтомуПостановление · 29.05.2025 · № 290
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата жыл сайын бир жолку акчалай…Постановление · 21.04.2021 · № 161
- Постановление Правительства КР от 31 июля 1996 года N 348 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики "О ветеранах войны, Вооруженных Сил и тружениках тыла"Постановление · 31.07.1996 · № 348
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 29.05.2025 · № 290
Байланышкан документтер (7)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндөЗакон · 08.05.1996 · № 14
- Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1196-XII
- Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндөЗакон · 27.05.1994 · № 1538-XII
- КР Президентинин 2010-жылдын 28-январындагы ПЖ №20 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 28.01.2010 · № 20
- Указ Президента КР от 7 апреля 1995 года №УП-98 "О дополнительных мерах социальной поддержки ветеранов Великой Отечественной войны 1941-1945 годов"Указ · 07.04.1995 · № 98 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.