Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ №20 «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын белгилөө жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 28-январы ПЖ №20 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын белгилөө жөнүндө Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгынын урматына, ошондой эле Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча социалдык колдоо көрсөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөргө 2010-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин ай сайын берилүүчү стипендиясы 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө стипендия белгиленсин:
- Улуу Ата-Мекендик согуштун майыптарына;
- Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына;
- 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана "Ленинграддын коргогондугу үчүн" медалы менен сыйланган адамдарга жана "Курчоодогу Ленинграддын тургуну" белгиси менен сыйланган адамдарга;
- экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жерлеринин жашы жетелек туткундары болгон адамдарга.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ай сайын берилүүчү стипендияны төлөө үчүн зарыл болгон акча каражаттарын издеп тапсын.
3. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы №43 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз…Постановление · 28.01.2010 · № 43
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы №43 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын…Порядок · 28.01.2010 · № 43
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-июлундгаы № 391 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз…Постановление · 15.07.2014 · № 391
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 274 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.05.2013 · № 274
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы №44 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча…Постановление · 28.01.2010 · № 44 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы №44 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча бир жолку юбилейлик акчалай жөлөкпул төлөөнүн" ТАРТИБИПостановление · 28.01.2010 · № 44 · Күчүн жоготкон