Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасында Чернобыль катастрофасынын кесепетинен жапа чегишкен граждандарына социалдык гарантияларды жана компенсацияларды берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-февралындагы № 79 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасында Чернобыль катастрофасынын кесепетинен жапа чегишкен граждандарына социалдык гарантияларды жана компенсацияларды берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-мартындагы №134, 2003-жылдын 4-июлундагы № 408 2005-жылдын 12-январындагы № 16, 2006-жылдын 23-августундагы № 605 2008-жылдын 5-августундагы № 427, 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 2013-жылдын 17-майындагы № 274 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Чернобыль катастрофасынын кесепетинен жапа чеккен граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Чернобыль катастрофасынын кесепетинен жапа чегишкен адамдарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө турак-жай тиричилик, медициналык тейлөө, социалдык камсыздандыруу жагынан башка да жеңилдик берилет, ошондой эле Чернобыль катастрофасынын кесепетинен жапа чеккен адамдардын ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жана баккан адамдарынан ажыраган үй-бүлөлөргө компенсация төлөтүлүп алынат /гарантияланат/.
I. Жалпы жоболор
1. Чернобыль катастрофасынын кесепетинен жапа чеккен адамдардын категорияларына мыйзамда көрсөтүлгөндөр кирет. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жапа чегип жатышкан адамдарга Чернобыль катастрофасынын кесепетинен улам күчөгөн дарттан майып экени аныктала элек граждандар, жарым-жартылай эмгекке жарамдуулугунан ажыраган, ошондой эле ошол катастрофанын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкандар кирет.
2. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен радиацияга дуушар болгон адамдардан күчөгөн дартынын жана майып болуп калышынын себеби катары төмөндөгүлөр түшүнүлөт: ошол радиацияга чалдыккандардын ден соолугунда зыяндуу таасирдин башталышы менен аталган катастрофанын кесепети пайда кылган радиациялык факторлордун ортосундагы байланыш, же бул факторлордун башка бир зыяндуу факторлор менен айкалышы.
3. Граждандын саламатчылыгынын начарлашы, ооруга чалдыгышы, эмгектенүүгө жарым-жартылай же толук жарабай калышы Чернобыль катастрофасынын кесепети пайда кылган терс факторлордон улам болушу мүмкүн болсо, анда мунун себеби аныкталды деп таанылат.
Мында граждандын Чернобыль окуясына чейин залалдуу нурга канча өлчөмдө чалдыкканы же ал тууралуу медициналык далилдердин бар-жогу көңүлгө алынбайт.
4. Ведомстволор аралык эксперттин жана аскердик врачтык комиссиянын корутундусу эмгекке жарамдуулукту жоготуунун, майыптуулуктун даражасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте граждандардын ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн белгилөөнү чечүү үчүн негиз болуп саналат.
II. Компенсация берүүнүн өлчөмдөрү
5. Мыйзамдын 6-статьясынын 17-пунктуна жана 7-статьясынын 7-пунктуна ылайык берилүүчү процентсиз ссуданын өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн 150 эсе суммасында белгиленет.
Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен пайда болгон оорулардан жапа тарткан адамдарга жана майыптарга көмөкчү жана фермердик чарба түзүү үчүн процентсиз ссуда 25 минималдуу айлык акынын өлчөмүндө берилет. (КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-мартындагы №134, 2006-жылдын 23-августундагы № 605 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү өлчөмдөрдө жана тартипте компенсацияларды төлөө.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомунун редакциясына ылайык)
7. (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы № 605 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Медициналык көрсөткүчтөр боюнча протездик-ортопедиялык буюмдар менен, жана жети жылда бир жолу өздүк жүрүү каражаты - майыптык кресло-коляска менен акысыз камсыздоо.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомунун редакциясына ылайык)
8.1. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8-2. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 8-3. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
III. Чыгымдарды каржылоо тартиби
9. Компенсацияларды төлөө республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү өлчөмдөрдө жана тартипте каржыланат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Көмөкчү же фермердик чарба уюштуруу үчүн эсептик көрсөткүчтүн суммасынын 25 эсе өлчөмүндөгү процентсиз ссуда алуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомунун редакциясына ылайык)
11. (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы № 605 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. Предоставление социальных гарантий и компенсаций производится территориальными органами социального развития по месту жительства.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795, 2013-жылдын 17-майындагы № 274 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. (КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-июлундагы № 408 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (9)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы №795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 22.12.2009 · № 795
- КР Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-февралындагы № 79 "Чернобыль апаатынын кесепетинен жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 22.02.1994 · № 79
- Чернобылдагы ькыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1196-XII
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006 жылдын 23-августундагы № 605 "Кыргыз Республикасында социалдык жеңилдиктерди берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2006 · № 605 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 4 июля 2003 года № 408 "О внесении дополнений и изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 04.07.2003 · № 408 · Күчүн жоготкон
9 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Ноокат шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 23-июнундагы №XXVII-4 "Ноокат шаарынын мэриясынын эсеп счетуна 2011 -жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү жөнүндө."…Постановление · 23.06.2012 · № №XXVII-4
- О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О социальной защите граждан Кыргызской Республики, пострадавших вследствие Чернобыльской катастрофыЗакон · 31.10.1998 · № 137
- Инструкция о порядке регистрации плательщиков, уплаты и учета страховых взносов по обязательному государственному социальному страхованию(Утверждено приказом Социального фонда…Инструкция · 29.01.2002 · № 18-П · Күчүн жоготкон