Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 175 „Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жаңгак жана арча) конфискацияланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачтарын пайдалануунун жана сатуунун тартибин бекитүү жөнүндө“ токтомун колдонууну токтото туруу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 9 апреля 2013 года № 183 "Об утверждении Порядка использования конфискованной ореховой древесины, ореховых корней и капов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-04-09.
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 23-апрели № 244 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 175 "Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жаңгак жана арча) конфискацияланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачтарын пайдалануунун жана сатуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомун колдонууну токтото туруу тууралуу Өзгөчө баалуу дарак породаларынын конфискацияланган жыгач продукциясын иштетүүдө пикир келишпестиктерди болтурбоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 175 токтомун Кыргыз Республикасынын андан жогорураак юридикалык күчкө ээ нормативдик укуктук актыларына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 175 "Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жаңгак жана арча) конфискацияланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачтарын пайдалануунун жана сатуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун жарактуулугу 2009-жылдын 21-мартынан баштап токтотулуп турсун.
2. Конфискацияланган жаңгак уюлун жок кылуунун ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароо боюнча тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн.
3. Ведомстволор аралык комиссия конфискацияланган жаңгак уюлун жок кылуунун ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароонун жыйынтыгы боюнча 2009-жылдын 10-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна тийиштүү сунуштарды киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жана укуктук камсыздоо жана кадрлык кызмат бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 244 токтомуна тиркеме
Конфискацияланган жаңгак уюлун жок кылуунун ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Аалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин статс-катчысы, комиссиянын төрагасы. Комиссия мүчөлөрү: Салянова А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы; Нишанов А.Т. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Мамбеталиев М.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы; Эшалиев Т.М. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуни- кациялар министринин орун басары; Алмаматов Т.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук ко- опсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары; Курманалиев С.У. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары; Чынгожоев А.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; Турдукулов Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академи- ясынын Токой институтунун директору; Жумаев И.К. - Кыргыз Республикасынын Токой продуктуларын кай- ра иштетүү боюнча ишканалар ассоциациясынын ди- ректору (макулдашуу боюнча); Исмаилов И.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн эксперти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
Н.Айтмурзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 183 "Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.04.2013 · № 183
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 175 "Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жаңгак жана арча) конфискацияланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачтарын пайдалануунун жана…Постановление · 13.03.2009 · № 175 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жаңгак жана арча) конфискацияланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачтарын пайдалануунун жана сатуунун тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 13.03.2009 · № 175 · Күчүн жоготкон