29-статья. Социалдык кызматтын кызматкерлерине берилген социалдык кепилдиктер
Күчүндө · 29.11.2021 редакциясы · 6-Глава
Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумундагы кызматкерлерине берилген социалдык кепилдиктер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары тарабынан алардын ыйгарым укуктарына ылайык аныкталат. Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумунда социалдык-медициналык жактан түздөн-түз тейлөөдө иштеген медициналык кызматкерлер мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда социалдык кепилдиктерден пайдаланышат. Социалдык кызматтардын мамлекеттик тутумундагы социалдык жактан тейлөө уюмдарынын жашы жете элек балдарды социалдык жактан реабилитациялоону түздөн-түз ишке ашырган кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жетим балдарга, ата-эненин багуусунан ажыраган балдарга билим берүү мекемелеринин жана жашы жете элек балдар үчүн атайын окутуу-тарбиялоо мекемелеринин педагогикалык кадрлары үчүн социалдык кепилдиктер жайылтылат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик уюмдарында иштеген социалдык кызматкерлер үчүн кошумча жеңилдиктерди белгилей алат. (КР 2013-жылдын 23-апрелиндеги № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 552 "Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 06.08.2012 · № 552 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы №216 «Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер тууралуу» Кыргыз…Постановление · 14.06.2005 · № 216 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/943/st-29" title="29-статья - Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>