Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-06-14.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмјт үйі
2005-жылдын14-июну, №216
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ
«Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД жөнүндө»
жана «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер
тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
мыйзам долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-
пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД жөнүндө» жана
«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
мыйзам долбоорлоруна тиркелген корутундунун негизинде
макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
жиберилсин.
Премьер-министр К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши
«Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД жөнүндө» жана «Кыргыз
Республикасындагы мамлекеттик пособиелер тууралуу» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам
долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин депутаттар тобу демилге кылган «Кыргыз
Республикасында ВИЧ/СПИД жөнундө» жана «Кыргыз
Республикасындагы мамлекеттик пособиелер тууралуу» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун
карап чыгып, төмөнкү эскертүүлјрдү жана сунуштарды эске алуу
менен аларды кабыл алууга макулдук берет.
1. Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИД жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын мыйзам долбоору боюнча:
- 4-статьяга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
биринчи бөлүгүнун экикчи абзацындагы «, өзүнчө сап менен
каралган,» деген сјздөр Кыргыз Республикасынын саламаттык
сактоосунун мамлекеттик системасынын бүткүл комплексинин
сарптоолорук кароочу «јзунчј сап» менен республикалык
a~dferrh бекитүү жөнүндө ар жылкы мыйзамдардын статьяларына
ылайык «ВИЧ/СПИД боюнча максаттуу программаларды» гана
жүзөгө ашырууга багытталган каражаттардын «өзүнчө сабы»
республикалык бюджеттин сарптоо бөлүгүндө кароо максатка
ылайык келбестигине байланыштуу алып салынсын;
биринчи бјлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда
баяндалсын:
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте - медициналык камсыздандырууга багытталган
каражаттар;».
экинчи жана үчүнчү бөлүгү «Кыргыз Республикасында
бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык башка уюмдарга бюджеттик
уюмдардын иш-аракети үчүн арналган мамлекеттик каражаттарды
өткөрүп берүүгө мүмкүнчүлүк жок болгондуктан алып салынсын;
- 6-статьясынын экинчи бөлүгүнүн сегизинчи абзацындагы
«акысыз» деген сөз менчигинин түрүнө карабастан жеке жана
юридикалык жактардын ВИЧ/СПИД маселелери боюнча чараларды
ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө каралган норма ушул
Мыйзамдын 3-статьясынын экинчи бөлүгүнө ылайык алып
салынсын;
- 10-статьясынын экинчи бөлүгү Кыргыз Республикасынын
жарандарынын ден - соолугун коргоого жетишүүгө багытталган
жана ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын жарандары менен
никеде турган чет өлкөлүк жарандарын мыйзамдуу укуктарын
сактоого багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын
нормаларына ылайык толуктап иштелсин;
- 11 -статьясынын төртүнчү бөлүгү Кыргыз Республикасынын
жарандарын социалдык жактан коргоо мамлекеттин даректүү
принципте жењилдиктерди жана гарантияларды берүүсунө
негизделгендиктен «Кыргыз Республикасында калкты социалдык
жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 5-статьясына ылайык алып салынсын;
- 12-статьяда:
биринчи бөлүтүндө «бала кезден майып» деген сјздөр
«Кыргызстан Республикасында майыптарды социалдык жактан
коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык
«майып балдар» деген сөздјргө алмаштырылсын;
статья төмөнкү мазмундагы төртүнчү бөлүк менен
толукталсын:
«ВИЧ/СПИД жуктуруп алышкан 2 жаштан өткјн балдар жалпы
негизде медициналык - социалдык эксперттик комиссиядан кайра
текшерүүдөн өтүшөт.»;
- 14-статьяда:
экинчи бөлүгү төмөнкүдјй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасында калктын социалдык жактан
тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 29-статьясына ылайык «аталган жумушчуларга Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө жана
тартипте жењилдиктер берилет жана бир жолку пособиелер
төлөнөт.»;
- 15-статья «Мамлекеттик пенсиялык социалдык
камсыздандыруу жөнундј» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2-
статьясына ылайык мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу
l`qekekephm аскер-кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу
жөнүндј мыйзамда каралган учурлардан башка мыйзамдарга
кошууга тыюу салынгандыктан алып салынсын.
2. «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер
жөнүндј» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына јзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизү тууралуу» Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору боюнча:
- 1-статьясынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда
бляндалсын:
«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер
жјнүндј» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1998-ж., №
4, 116-ст.) тјмјнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор
киргизилсин:»;
- мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча «ВИЧ-инфекция
аркылуу» деген сөздөр «ВИЧ-инфекция менен» деген сөздөргө
алмаштырылсын;
- 2-пункттун экинчи абзацы жана 4-пункттун экинчи абзацы
республикалык бюджеттин тартыштыгына жана мамлекеттин сырткы
карызын эске алууга байланышкан он сегиз жашка жеткенге
чейин майып балдарга пособиелерди төлөө боюнча кошумча
мамлекеттик каражаттарынын жоктугуна байланыштуу алып
салынсын;
- 2-статьясындагы «мезгилден баштап» деген сөздөр
«расмий күндөн тартып» деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министр К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (6)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндөЗакон · 19.12.2001 · № 111
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- О государственных пособиях в Кыргызской РеспубликеЗакон · 05.03.1998 · № 15 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон