Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «»Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-05-29.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 29-майы № 340 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, фискалдык саясатты өркүндөтүү, кирешелерди жана мүлктү легалдаштыруу жана жалпы декларация берүүгө өтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2010-жылдын 12-марты, № 17 - 18) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "2009-жылдын 31-декабрын" деген цифралар жана сөздөр "2012-жылдын 31-декабрын" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.
2. 5-беренеде "2010-жылдын 1-мартынан баштап 2010-жылдын 1-июлун кошо алгандагы" деген цифралар жана сөздөр "2012-жылдын 1-апрелинен баштап 2012-жылдын 31-декабрын кошо алгандагы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жарактуулугун токтотуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декрети күчүн жоготту деп табылсын.
3-берене.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- үч айлык мөөнөттө салык төлөөчүлөрдүн чыгымдарын контролдоонун негизинде салыктык башкарууну жүзөгө ашырууга багытталган жол жоболорду иштеп чыксын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 25-февралындагы № 36 Мыйзамынын күчү Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 90 декрети менен токтотулган. Азыркы учурда жалпыга бирдей декларациялоого өтүүнүн зарылдыгы, ошондой эле аны менен байланышкан жеке жактардын чыгымдарын (коррупциялануунун деңгээлин азайтуу максатында) контролдоонун зарылдыгы мыйзамдаштыруу жүргүзүүнү талап кылууда. Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына ылайык 2012-жылы салык салынуучу объекттердин ээлери (авто транспорттору, жер участоктору, үй жана батирлери бар) - жеке жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлери салык органдарына бирдиктүү салык декларацияларын тапшырууга милдеттүү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасында жеке жактардын өз кирешелерин жана мүлктөрүн жалпыга бирдей салыктык декларациялоону киргизүүнүн биринчи этабы болуп саналат. Алдыда турган иш-чаранын маанилүү экендигин, атап айтканда, жеке жактын биринчи бирдиктүү салыктык декларациясы, мындан ары салык органдарына бул жак өз өмүрүнүн бардык учуруна берүүгө милдеттүү боло турган андан кийинки салыктык декларациялардын бардыгы үчүн негиз болуп санала тургандыгын эске алып, сунушталып жаткан "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбору иштелип чыккан. Мыйзам долбоорунун негизги максаты Кыргыз Республикасынын жарандарына (жеке жактарга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерине) алар 2011-жылдын 31-декабрын кошо, алган кирешелерине жана мүлктөрүнө карата салыктарды, бажы алымдарын, социалдык камсыздандыруулар боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча жогоруда көрсөтүлгөн кирешелерди жана мүлктөрдү ыктыярдуу декларациялоо жолу менен, аталган салыктарды, чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөсүз билдирилбеген милдеттенмелерин аткарууга мүмкүндүк берүү болуп саналат. Ыктыярдуу декларацияланган учурда мамлекет жеке жактарга жана мамлекеттик кызматкерлерге төмөнкүлөргө кепилдик берет:
- 2011-жылдын 31-декабрына кошо, ага чейинки алардын финансылык-чарбалык иш-аракеттерине карата текшерүүлөрдүн ар кандай түрүн жүргүзүүгө тыюу салууга;
- аларга карата процессуалдык, аттын ичинде декларациялоону жүргүзүү процессинде алынган маалыматтардын негизинде кылмыштык куугунтуктоо же административдик эмгек жана дисциплинардык жоопкерчиликтин чараларын колдонууну ишке ашыруу боюнча аракеттерди жүргүзүүгө тыюу салууга;
- декларациялануучу кирешелердин жана мүлктөрдүн келип чыккан булактары тууралуу маалымат берүү милдетинен бошотууга;
- конфиденциалдуулугун (жашыруун сыр) камсыз кылууга;
- натыйжада декларанттарга салык салуу, бажы алымдарын төлөө, социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр жана башка милдеттүү төлөмдөргө карата басмырлоочу чараларды колдонбоого.
Мыйзам долбооруна ылайык кирешелер жана мүлктөр тууралуу декларация кылмыш, административдик, дисциплинардык же башка процесстер боюнча далил болуп санала албайт, ошондой эле 2011-жылдын 31-декабрына кошо, ага чейинки алар тарабынан алынган кирешелерине жана мүлктөрүнө карата салык салуу, бажы алымдарын төлөө, социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерин жойду деп тааныган фактыдан башкалар, укук берүүчү же укугун күбөлөндүрүүчү документ болуп саналбайт. Мындан тышкары мамлекеттик кызматкерлер үчүн кирешелер жана мүлктөр тууралуу декларация андан ары "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматы жөнүндө" жана "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралу" Мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкеринин жана анын үй-бүлөсүнүн жакын мүчөлөрүнүн мүлктөрү жана кирешелери тууралуу декларацияны түзүү жана тапшыруу үчүн негиз болуп саналат. Кирешелерди жана мүлктөрдү 45000000 (кырк беш миллион) сомдон ашык суммага декларациялаган учурда (мыйзам долбоору боюнча - "декларациялык чек"), жеке жак декларациялык чектен ашып кеткен суммага карабастан, 450000 (төрт жүз элүү миң) сом көлөмүндө бир жолку декларациялык төлөмдү төлөөгө милдеттүү. Калган учурларда декларациялык төлөм алынбайт. Декларациялоо мөөнөтү 2012-жылдын 1-апрелинен тартып 2012-жылдын 1-июлун кошо, ага чейинки мезгил аныкталган. Бул мөөнөт 2012-жылы бирдиктүү салыктык декларацияны тапшыруунун мөөнөтүнө жакындатылган. Декларациялоону жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп, декларациялануучу субъекттин койгон колунун түп нуска экендигин гана күбөлөндүрө ала турган, мамлекеттик нотариалдык конторалар саналат. Кирешелер жана мүлктөр тууралуу декларациянын мазмунуна тиешелүү маалыматтар эч бир жерде жазылып белгиленбейт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана башка мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары тарабынан кирешелер жана мүлктөр тууралуу декларациялардын көчүрмөсүн алууга тыюу салынат. Декларациялоонун натыйжасында 2011-жылдын 31-декабрын кошо ага чейин пайда болгон билдирилген бардык салыктык жана бажылык милдеттенмелер, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө, ошондой эле бул милдеттенмелер боюнча айыптар, проценттер жана туумдар жоюлду деп таанылат. Бул милдеттерге карата эч кандай кылмыш, административдик же башка териштирүүлөр демилгеленбеши керек. Мыйзам долбоору мурда декларацияланган бирок жоюлбаган салыктык, бажылык милдеттенмелерге жана социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөргө карата колдонулбайт, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөрдү тапшырууну карайт:
- өз чечимдерин мыйзам долбооруна ылайык келтирүүнү;
- мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык чечимдерди даярдоону жана кабыл алууну;
- 3 айлык мөөнөттө салык төлөөчүлөрдүн чыгымдарын контролдоону күчөтүү үчүн салыктык башкарууну андан ары катуулатууга багытталган жол-жоболорду иштеп чыгуу тапшырылат.
Мындан тышкары, бул мыйзам долбоорунун колдонулушу социалдык, экономикалык, укуктук коргоо, гендердик, экологиялык, жана коррупциялык кесепеттерге алып келбей тургандыгын белгилеп кетүү керек, бул экспертизанын атайын түрлөрүн жүргүзүүнүн милдеттүү эместигин билдирет. Коомдук талкуулоону жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесин ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн бул мыйзам долбоору Министрликтин расмий сайтында (www.mert.kg) жайгаштырылган, коомдук талкуулоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин сайтында жайгаштырылган күндөн тартып долбоорго киргизүү үчүн сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок. Ошол эле учурда сунушталып жаткан мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды керектебейт жана ишкердик субъекттеринин иш-аракеттерин жөнгө салбайт, андыктан регулятивдик таасирине талдоо жүргүзүү талап кылынбайт ("Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренеси).
Министр
Т.Сариев
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясы | Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган редакциясы | |
|---|---|---|
| 1 | Ушул Мыйзам салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү тиешелүү түрдө төлөбөй 2009-жылдын 31-декабрын кошо алганда киреше жана мүлк алган Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсү менен байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салат. | Ушул Мыйзам салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү тиешелүү түрдө төлөбөй 2011-ЖЫЛДЫН 31-ДЕКАБРЫН кошо алганда киреше жана мүлк алган Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсү менен байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салат. |
| 2 | 1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинде аныкталган Кыргыз Республикасынын жеке жактарына жана мамлекеттик кызматчыларына аталган салыктарды, чегерүүлөрдү жана милдеттүү башка төлөмдөрдү төлөбөй [2009-жылдын 31-декабрын] кошо алганда алган кирешелерине жана мүлкүнө карата салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча билдирилбеген милдеттенмелерди аткаруусуна мүмкүндүк берүү ушул мыйзамдын максаты болуп эсептелет, буга жалпы алганда ушул Мыйзамда белгиленген декларациялоо чегинен ашкан кирешелердин суммасы жана мүлктүн наркы кирбейт. | 1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинде аныкталган Кыргыз Республикасынын жеке жактарына жана мамлекеттик кызматчыларына аталган салыктарды, чегерүүлөрдү жана милдеттүү башка төлөмдөрдү төлөбөй 2011-ЖЫЛДЫН 31-ДЕКАБРЫН кошо алганда алган кирешелерине жана мүлкүнө карата салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча билдирилбеген милдеттенмелерди аткаруусуна мүмкүндүк берүү ушул мыйзамдын максаты болуп эсептелет, буга жалпы алганда ушул Мыйзамда белгиленген декларациялоо чегинен ашкан кирешелердин суммасы жана мүлктүн наркы кирбейт. |
| 3 | 2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: кирешени жана мүлктү декларациялоо (мындан ары - декларациялоо) декларация объекттерине укуктарды ыктыярдуу түрдө декларациялоо менен байланышкан иш-аракеттер; билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү аткаруу салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү тиешелүү түрдө төлөбөй [2009-жылдын 31-декабрын] кошо алганда алынган кирешелерге жана мүлккө карата салык жана бажы милдеттенмелерин, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелердин тындырылгандыгын таануу. Декларациялоо чегинен ашкан кирешелер жана мүлктөр боюнча милдеттенмелер декларациялык төлөмдү төлөө менен тындырылат; декларациялоо субъекттери - "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинде аныкталган, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте кирешелерин жана мүлкүн декларациялашкан жана милдеттенмелерин тындырышкан Кыргыз Республикасынын жеке жактары жана мамлекеттик кызматчылары (мындан ары Кыргыз Республикасынын жарандары). Бул адамдар ыйгарым укуктуу кызмат адамынан кирешелерди жана мүлктү декларациялоо жөнүндө күбөлөндүрүлгөн декларацияны алган күндөн баштап декларациялоо субъекттеринин статусуна ээ болушат; декларациялоо объекттери - мурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жол-жоболоштурулбаган (декларацияланбаган), жана/же башка адамга жол-жоболоштурулган, жашыруу максатында легалдуу экономикалык жүгүртүүдөн чыгарылган, Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышкары алынган жана/же жайгашкан кирешелер, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк; кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык аныкталуучу мүлк; ыйгарым укуктуу кызмат адамы - кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларацияларды ушул Мыйзамда каралган тартипте ырастоочу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекеттик нотариустары; декларациялоо мөөнөтү - ушул Мыйзамда каралган мөөнөт, ушул убакта Кыргыз Республикасынын жарандары ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрыла алышат; кирешелер жана мүлк жөнүндө декларация - жеке катар номери бар жана кирешелерди жана мүлктү декларациялоо фактысын ырастаган жана билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелеринин, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн орду толтурулгандыгы таанылган катуу отчеттуулук документи. Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет; Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын реестри - ыйгарым укуктуу кызмат адамы түзүүчү жана жүргүзүүчү реестр, анда декларациялоо жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар камтылат: кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын жеке катар номери, декларациялоо күнү, ушул декларацияны берген адамдын жеке маалыматтары, кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларациянын бузулгандыгы же жоголгондугу тууралуу маалымат; декларациялоо чеги - кирешелердин суммасынын жана мүлктөрдүн наркынын 45000000 (кырк беш миллион) сомдон ашкан жыйынды суммасы; декларациялык төлөм - декларациялоо чегинен ашкан суммадан көз карандысыз түрдө, ушул Мыйзамга ылайык декларациялоо субъекттери бир жолу төлөөчү 450000 (төрт жүз элүү миң) сом; ыйгарым укуктуу коммерциялык банк - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу коммерциялык банк; жакын туугандары - декларант менен чогуу жашаган жана аларга карата декларант мүлктүк милдеттенме алып жүргөн. Кыргыз Республикасынын үй-бүлө мыйзамдарында аныкталган адамдар. | 2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: кирешени жана мүлктү декларациялоо (мындан ары - декларациялоо) декларация объекттерине укуктарды ыктыярдуу түрдө декларациялоо менен байланышкан иш-аракеттер; билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү аткаруу салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү тиешелүү түрдө төлөбөй 2011-ЖЫЛДЫН 31-ДЕКАБРЫН кошо алганда алынган кирешелерге жана мүлккө карата салык жана бажы милдеттенмелерин, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелердин тындырылгандыгын таануу. Декларациялоо чегинен ашкан кирешелер жана мүлктөр боюнча милдеттенмелер декларациялык төлөмдү төлөө менен тындырылат; декларациялоо субъекттери - "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинде аныкталган, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте кирешелерин жана мүлкүн декларациялашкан жана милдеттенмелерин тындырышкан Кыргыз Республикасынын жеке жактары жана мамлекеттик кызматчылары (мындан ары Кыргыз Республикасынын жарандары). Бул адамдар ыйгарым укуктуу кызмат адамынан кирешелерди жана мүлктү декларациялоо жөнүндө күбөлөндүрүлгөн декларацияны алган күндөн баштап декларациялоо субъекттеринин статусуна ээ болушат; декларациялоо объекттери - мурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жол-жоболоштурулбаган (декларацияланбаган), жана/же башка адамга жол-жоболоштурулган, жашыруу максатында легалдуу экономикалык жүгүртүүдөн чыгарылган, Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышкары алынган жана/же жайгашкан кирешелер, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк; кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык аныкталуучу мүлк; ыйгарым укуктуу кызмат адамы - кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларацияларды ушул Мыйзамда каралган тартипте ырастоочу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекеттик нотариустары; декларациялоо мөөнөтү - ушул Мыйзамда каралган мөөнөт, ушул убакта Кыргыз Республикасынын жарандары ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрыла алышат; кирешелер жана мүлк жөнүндө декларация - жеке катар номери бар жана кирешелерди жана мүлктү декларациялоо фактысын ырастаган жана билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелеринин, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн орду толтурулгандыгы таанылган катуу отчеттуулук документи. Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет; Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын реестри - ыйгарым укуктуу кызмат адамы түзүүчү жана жүргүзүүчү реестр, анда декларациялоо жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар камтылат: кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын жеке катар номери, декларациялоо күнү, ушул декларацияны берген адамдын жеке маалыматтары, кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларациянын бузулгандыгы же жоголгондугу тууралуу маалымат; декларациялоо чеги - кирешелердин суммасынын жана мүлктөрдүн наркынын 45000000 (кырк беш миллион) сомдон ашкан жыйынды суммасы; декларациялык төлөм - декларациялоо чегинен ашкан суммадан көз карандысыз түрдө, ушул Мыйзамга ылайык декларациялоо субъекттери бир жолу төлөөчү 450000 (төрт жүз элүү миң) сом; ыйгарым укуктуу коммерциялык банк - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу коммерциялык банк; жакын туугандары - декларант менен чогуу жашаган жана аларга карата декларант мүлктүк милдеттенме алып жүргөн. Кыргыз Республикасынын үй-бүлө мыйзамдарында аныкталган адамдар. |
| 4 | 4-берене. Декларациялоо субъекттерине берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер 1. Декларациялоо мезгилинде жана андан кийин декларациялоо субъекттерин [2009-жылдын 31-декабрын] кошо алган мезгилдеги финансылык-чарбалык иштерине карата текшерүүлөрдүн бардык түрүн жүргүзүүгө тыюу салынат. 2. Декларациялоо мезгили аяктагандан кийин ушул Мыйзамга ылайык декларациялоону жүргүзүү процессинде алынган маалыматтын негизинде декларациялоо объектисине карата процесстик, анын ичинде кылмыш-жаза жазалоосу же администрациялык, эмгек жана тартип чараларын колдонуу боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга тыюу салынат. 3. Кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларация кылмыш-жаза, администрациялык, тартип же башка процесстер боюнча далил болуп эсептелбейт. [2009-жылдын 31-декабрын] кошо алганда алынган кирешелерге жана мүлккө карата салыктарды, бажы төлөмдөрү боюнча милдеттенмелердин, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн тындырылгандыгынын таануу фактысын кошпогондо, кирешелер жана мүлк жөнүндө декларация укукту белгилөөчү же укукту күбөлөндүрүүчү документ болуп эсептелбейт. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан ырасталган кирешелер жана мүлк жөнүндө декларация Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматы жөнүндө" жана "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчысынын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкү жана кирешелери жөнүндө декларацияларын түзүүсүнө жана берүүсүнө негиз болуп эсептелет. | 4-берене. Декларациялоо субъекттерине берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер 1. Декларациялоо мезгилинде жана андан кийин декларациялоо субъекттерин 2011-ЖЫЛДЫН 31-ДЕКАБРЫН кошо алган мезгилдеги финансылык-чарбалык иштерине карата текшерүүлөрдүн бардык түрүн жүргүзүүгө тыюу салынат. 2. Декларациялоо мезгили аяктагандан кийин ушул Мыйзамга ылайык декларациялоону жүргүзүү процессинде алынган маалыматтын негизинде декларациялоо объектисине карата процесстик, анын ичинде кылмыш-жаза жазалоосу же администрациялык, эмгек жана тартип чараларын колдонуу боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга тыюу салынат. 3. Кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларация кылмыш-жаза, администрациялык, тартип же башка процесстер боюнча далил болуп эсептелбейт. 2011-ЖЫЛДЫН 31-ДЕКАБРЫН кошо алганда алынган кирешелерге жана мүлккө карата салыктарды, бажы төлөмдөрү боюнча милдеттенмелердин, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн тындырылгандыгынын таануу фактысын кошпогондо, кирешелер жана мүлк жөнүндө декларация укукту белгилөөчү же укукту күбөлөндүрүүчү документ болуп эсептелбейт. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан ырасталган кирешелер жана мүлк жөнүндө декларация Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматы жөнүндө" жана "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчысынын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкү жана кирешелери жөнүндө декларацияларын түзүүсүнө жана берүүсүнө негиз болуп эсептелет. |
| 5 | 5-берене. Декларациялоо мөөнөтү Декларациялоо мөөнөтү болуп [2010-жылдын 1-мартынан баштап 2010-жылдын 1-июлун] кошо алгандагы мезгил эсептелет. | 5-берене. Декларациялоо мөөнөтү Декларациялоо мөөнөтү болуп 2012-ЖЫЛДЫН 1-АПРЕЛИНЕН 2012-ЖЫЛДЫН 1-ИЮЛУНА кошо алгандагы мезгил эсептелет. |
| 6 | 7-берене. Декларацияланбаган салык жана бажы милдеттенмелерин жана социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү тындыруунун тартиби 1. Декларациялоонун натыйжасында Кыргыз Республикасынын жаранынын [2009-жылдын 31-декабрын] кошо алганда пайда болгон декларациялоо субъекттерине карата билдирилбеген бардык салык жана бажы милдеттенмелери, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрү, башка милдеттүү төлөмдөрү, ошондой эле ушул милдеттенмелер боюнча айыптары, пайыздары жана туумдары тындырылган деп таанылат. Бул милдеттенмелерге карата эч кандай кылмыш-жаза, администрациялык же башка териштирүүлөр демилге кылынбайт. | 7-берене. Декларацияланбаган салык жана бажы милдеттенмелерин жана социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү тындыруунун тартиби 1. Декларациялоонун натыйжасында Кыргыз Республикасынын жаранынын 2012-ЖЫЛДЫН 31-ДЕКАБРЫН кошо алганда пайда болгон декларациялоо субъекттерине карата билдирилбеген бардык салык жана бажы милдеттенмелери, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрү, башка милдеттүү төлөмдөрү, ошондой эле ушул милдеттенмелер боюнча айыптары, пайыздары жана туумдары тындырылган деп таанылат. Бул милдеттенмелерге карата эч кандай кылмыш-жаза, администрациялык же башка териштирүүлөр демилге кылынбайт. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-сентябрындагы №2308-V "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнɵ даярдык кɵрүү жɵнүндɵ" Кыргыз…Постановление · 27.09.2012 · № 2308-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 2510-V "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 22.11.2012 · № 2510-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2573-V "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 13.12.2012 · № 2573-V
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-августундагы № 555 "Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 08.08.2012 · № 555 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 837 "2012-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2012 · № 837 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (9)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндөЗакон · 25.02.2010 · № 36
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 24.05.2013 · № 80
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 1-июлунун №90 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүлөрүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Декрет · 01.07.2010 · № 90 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу…Постановление · 14.06.2011 · № 310 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.