Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын УО «Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүлөрүнө даярдык көрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууну токтото туруу тууралуу» Декрети
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 24 мая 2013 года № 80 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О подготовке к представлению единой налоговой декларации гражданами Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-05-24.
КР 2013-жылдын 24-майындагы N 80 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары
2010-жылдын 1-июлу УӨ № 90
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык
декларациясын берүүлөрүнө даярдык көрүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууну
токтото туруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелин-
деги №1 Декретине ылайык, коррупциялык аракеттер жолу менен алынган
кирешелерди жана мүлктү декларациялоону болтурбоо максатында Кыргыз
Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык деклараци-
ясын берүүлөрүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын
колдонуу токтотула турсун.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги "Кыргыз
Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүлөрүнө
даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулуу
мөөнөтүн кайра карасын жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
кароосуна тиешелүү чечимдин долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
3. Бул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 340 ""Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 29.05.2012 · № 340 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндөЗакон · 25.02.2010 · № 36
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 24.05.2013 · № 80