Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасын жоюу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 22-майы № 304 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасын жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 81 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасын жоюу боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүнү ага тапшыруу менен жоюу комиссиясын түзсүн;
- жоюлуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасынын документтерин жана материалдык каражаттарын кабыл алууну жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасынын жоюлушуна байланыштуу иштен бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу жөнүндө маселени карасын;
- белгиленген тартипте жоюлуучу балансты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ишинин токтотулушун каттоо үчүн зарыл документтердин пакетин даярдасын;
- ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бошонуу жөлөкпулдарын жана компенсацияларды төлөө, ошондой эле ушул токтомдон келип чыккан чыгымдарды жабуу үчүн финансы каражаттарын бөлсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-февралындагы № 144 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-мартындагы № 167 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасынын маселелери жөнүндө" токтому.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-мартындагы №167 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 12.03.2012 · № 167
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-февралындагы № 144 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" токтомуПостановление · 24.02.2012 · № 144
- КР Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги ПЖ № 81 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 09.04.2012 · № 81