Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 81 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 9-апрели ПЖ № 81 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын түзүмүн оптималдаштыруу жана мамлекеттик мүлктү жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттагы "58" деген сан "257" деген сан менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1- жана 2-пункттар төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ага мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүн тейлөө боюнча Департаментти бириктирүү жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
- ушул Жарлыктын тиркемесинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу ведомстволук мамлекеттик ишканалар менен мекемелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонддун карамагына;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Ош атайын ооруканасы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине.";
3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын, ушул Жарлыктын 2-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункттун үчүнчү абзацындагы "жана бөлүнүп жаткан мамлекеттик юридикалык жактын бөлүштүрүү" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 6-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кумбел айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп бериле турган мектепке чейинки мекемелерден тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонддун карамагына өткөрүп берилип жаткан мамлекеттик ишканалар менен мекемелерди ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктөрүн менчиктештирүү Программасына кошуу боюнча маселелерди карасын.";
- жогоруда аталган Жарлыктын тиркемеси ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
Фонддун карамагына өткөрүп берилип жаткан Кыргыз
Республикасынын Президентинин Иш башкармасына
караштуу ведомстволук мамлекеттик
ишканалардын жана мекемелердин
ТИЗМЕСИ
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Ысык-Көл - Аврора" санаторийи" мамлекеттик ишканасы.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Ысык-Көл" мейманкана-соода комплекси" мамлекеттик ишканасы.
3. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын № 54 Ысык-Көл асыл тукум жылкы заводу" мамлекеттик ишканасы.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Элита" мамлекеттик көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасы.
5. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын курулуш, инвестициялар жана соода башкармасы" мамлекеттик ишканасы.
6. "Асель" ательеси" мамлекеттик ишканасы.
7. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу коомдук маалыматтык борбор" мамлекеттик мекемеси.
8. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын № 172 "Арген" бакча-яслиси мектепке чейинки мекемеси" мамлекеттик мекемеси.
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын № 27 "Звездочка" балдар бакчасы" мамлекеттик мекемеси.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- КР Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын кайра уюштуруу жөнүндө" жарлыгыУказ · 15.02.2012 · № 43
- КР Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы ПЖ № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" жарлыгыУказ · 13.05.2011 · № 111
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 464 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун карамагына өткөрүп берилүүчү мамлекеттик…Постановление · 03.07.2012 · № 464
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-майындагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасын жоюу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.05.2012 · № 304
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы № 315 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 25.05.2012 · № 315
- Постановление Правительства КР от 18 октября 2012 года № 726 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2013 год и прогнозе на…Постановление · 18.10.2012 · № 726 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы ПЖ № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" жарлыгыУказ · 13.05.2011 · № 111
- КР Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын кайра уюштуруу жөнүндө" жарлыгыУказ · 15.02.2012 · № 43
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Асель" ательеси" мамлекеттик ишканасын…Постановление · 05.06.2015 · № 346 · Күчүн жоготкон