Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 24-февралы № 144 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын кайра уюштуруу жөнүндө" № 43 Жарлыгына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишин финансылык, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, ошондой эле Мамлекеттик компьютердик тармакты программалык жана техникалык жактан камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө жобонун, түзүмүнүн жана штаттык санынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынан бөлүштүрүү балансына ылайык өткөрүлүп берилүүчү активдерди жана объекттерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасына өткөрүп алууну камсыздасын;
- ушул токтомдон чыгуучу уюштуруучу жана башка маселелерди чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасын 2012-жылдын республикалык бюджетинде каралган каражаттын чегинде каржылоону караштырсын жана камсыздасын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө. Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-мартындагы №167 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 12.03.2012 · № 167
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-майындагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасын жоюу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.05.2012 · № 304