Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы N 408 „Биргелешкен суюлтулган газ базаларында жана автогаз толтуруу бекеттеринде суюлтулган көмүрсуутек газдарын технологиялык жоготууну аныктоо методикасын жана Резервуарларды тазалоо учурунда мунайзатты технологиялык жоготууну аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 14-майы № 284 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы N 408 "Биргелешкен суюлтулган газ базаларында жана автогаз толтуруу бекеттеринде суюлтулган көмүрсуутек газдарын технологиялык жоготууну аныктоо методикасын жана Резервуарларды тазалоо учурунда мунайзатты технологиялык жоготууну аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 270-беренесинин, "Мунай жана газ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы N 408 "Биргелешкен суюлтулган газ базаларында жана автогаз толтуруу бекеттеринде суюлтулган көмүрсуутек газдарын технологиялык жоготууну аныктоо методикасын жана Резервуарларды тазалоо учурунда мунайзатты технологиялык жоготууну аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Резервуарларды тазалоо учурунда мунайзатты технологиялык жоготууну аныктоо методикасына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Резервуарларды тазалоодо технологиялык жоготууларды аныктоо үчүн мунайзаттары ушул методикага тиркелген 4-таблица боюнча I, II жана III топторго бөлүнөт. Технологиялык жоготуулардын ченемдери илээшкичтигине жана буулангычтыгынын деңгээлине карата I, II жана III топторго кирген мунайзаты үчүн ушул методикага тиркелген тиешелүү түрдөгү 1, 2, 3-таблицаларда белгиленген.";
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы N 4 таблица менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Тиркеме
"4-таблица
"Мунайзатты топторго бөлүштүрүү
| 1-топтогу-1 мууназат | 2-топтогу муунайзат | 3-топтогу муунайзат | |||
|---|---|---|---|---|---|
| Мунайзаты- нын аталышы | Ченемдик документ | Мунайзаты- нын аталышы | Ченемдик документ | Мунайзаты- нын аталышы | Ченемдик документ |
| Автомобиль бензини | ГОСТ 2084-77 | Дизель отуну | ГОСТ 305-82 | Авиация майлары | ГОСТ 21743-76 |
| Автомобиль бензини (экспортто- луучу) | Ишканалар- дын стандарты | Экспортто- луучу жайкы дизель отуну | Ишканалар- дын стандарты | Автомобиль майлары | ГОСТ 10541-78 |
| АИ "Экстра" автомобиль бензини | Ишканалар- дын стандарты | Экологиялык жактан таза дизель отуну | Ишканалар- дын стандарты | Автотрактор майлары | ГОСТ 8581-78 |
| Б-70 авиация бензини | Ишканалар- дын стандарты | Оордотулган фракциялык курамдуу дизель отуну | Ишканалар- дын стандарты | Карбюратор- лук кыймылдат- кычтар үчүн автомобиль мотор майлары | ГОСТ 10541-78 |
| Авиация бензини | ГОСТ 1012-72 | Реактив кыймылдат- кыч үчүн отун | ГОСТ 10227-86 | Трансмиссия майлары | ГОСТ 23652-79 |
| Бензин- эриткич | ГОСТ 3134-78 | Реактив кыймылдат- кыч үчүн термоста- билдүү отун | ГОСТ 12308-89 | Турбина майлары | ГОСТ 9972-74 |
| Техникалык изооктан | ГОСТ 4095-75 | Жарыктанды- руучу керосин | ГОСТ 38. 01407-87 | Гидравлика майлары | ГОСТ 16728-78 |
| Эталондук изооктан | ГОСТ 12433-83 | Техникалык максаттар үчүн керосин | Ишканалар- дын стандарты | Компрессор майлары | ГОСТ 1861-73 |
| Мунайзат ксилолу | ГОСТ 9410-78 | МК-8 майы | ГОСТ 6457-86 | Консерва- циялык майлар | ГОСТ 10877-76 |
| Нефрас - С 50/170 | ГОСТ 8505-80 | АМГ-10 майы | ГОСТ 6794-75 | Синтетика- лык майлар | ГОСТ 21791-76 |
| Мунайзат сольвенти | ГОСТ 10214-78 | Кеме газ турбиналары үчүн май | ГОСТ 10289-79 | Мотор майлары | ГОСТ 23497-79 |
| Мунайзат толуолу | ГОСТ 14710-78 | Аз илээшкек кеме майы | Ишканалар- дын стандарты | Аспап майы | ГОСТ 13374-86 |
| Техникалык этилбензол | ГОСТ 9385-77 | Көбүктөн- дүргүч | ГОСТ 6948-81 | М-40, М-100 мазуттары | ГОСТ 10585-75 |
(1) Биринчи топко илээшкичтиги ченемдик документтерде белгиленбеген МЗ киргизилген. Экинчи топко +20 t-да илээшкичтиги 75 сСт ашпаган МЗ кирет. Үчүнчү топко +20 t-да илээшкичтиги 75 сСт ашкан МЗ кирет. Бул топторго жогоруда саналган шарттарга жооп берген башка МЗ да кирет.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы №408 "Биргелешкен суюлтулган газ базаларында жана автогаз толтуруу бекеттеринде суюлтулган көмүрсуутек газдарын технологиялык жоготууну…Постановление · 26.07.2011 · № 408
- Мунай жана газ жөнүндөЗакон · 08.06.1998 · № 77 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон