Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-01-26.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 26-январы №56 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри аталган Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 10, 1111-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 8-беренесинин он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча долбоордун өзүн-өзү актоосунун чектик мөөнөтүн 10 жылдан ашык эмес белгилөө.".
2. 12-беренеде:
- үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан, орнотмонун ээси тарабынан өздүк муктаждыктарына пайдаланылбаган жана келишимдик негизде башка керектөөчүлөргө сатылбаган бардык электр энергиясы ЭКБны пайдалануу боюнча ушул орнотмо кайсы электр энергетика компаниясынын тармагына кошулганына карабастан, ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмо жайгашкан администрациялык-аймактык түзүлүштөгү эң ири бөлүштүрүүчү электр энергетикасы компаниясы тарабынан сатылып алынууга тийиш;";
- төмөнкү мазмундагы сегизинчи - он сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- долбоордун өзүн-өзү актоо мезгилинде ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тариф акыркы керектөөчүлөр үчүн максимум тарифти ушул берененин тогузунчу абзацында аныкталуучу тиешелүү коэффициентке көбөйтүү жолу менен белгиленет;
- өзүн-өзү актоо мезгилинде ЭКБнын ар бир түрү боюнча акыркы керектөөчү үчүн электр энергиясына максимум тарифке коэффнциенттер төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:
суу энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 2,1ге барабар; күн энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 6,0гө барабар; биомассанын энергиясын пайдалануучу энергиясын пайдалануу үчүн коэффициент 2,75ке барабар; шамал энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 2,5ке барабар; жер энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 3,35ке барабар;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына максимум тарифтин чоңдугу электр энергиясына тарифтик саясатка жараша өзгөрөт;
- долбоордун өзүн-өзү актоо мезгили аяктаганда ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтер электр энергияны иштеп чыгууга негиздүү сарптоолорду жана адилет пайданын элементин эске алуучу эсептөөлөрдүн негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар бир станция үчүн жекече белгиленет. ЭКБны пайдалануу менен өндүрүлүүчү электр энергиясына жаңыдан белгиленген тарифтер мыйзамда белгиленген тартипте жыл сайын индексацияланышы керек;
- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясын сатып алууга бөлүштүрүүчү электр энергетика компанияларынын кошумча сарптоолорун компенсациялоо электр энергетика компаниялары үчүн энергиянын салттуу булактарынан электр энергиясына тарифти белгилөөдө жана эсептөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эске алынат;
- электр энергетика компаниясынын тармагына кошконго чейинки электр берүү линияларын куруу боюнча бардык сарптоолорду ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмонун ээси көтөрөт;
- бардык электр энергетика компаниялары ЭКБны пайдалануу менен электр энергияны өндүрүүчүлөрдүн өздөрүнүн тармактарына белгиленген стандарттарга шайкеш келген шартта тармакка өздөрү иштеп чыккан электр энергияны берүү үчүн басмырлабаган жетүүнү камсыздоого тийиш;
- ЭКБны пайдалануучу орнотмону кошуу тармактарга кошуу боюнча сарптоолору эң аз болгон электр энергетика компанияларынын тармактарына карата жүргүзүлүшү керек;
- улуттук электр тармактары жана бөлүштүрүүчү электр энергетика компаниялары ЭКБны өндүрүүчүлөрдөн керектөөчүлөргө чейин электр энергиясын тоскоолдуксуз транзиттөөнү камсыз кылышат.".
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
2. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын "Калыбына келип туруучу энергия булактары" Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Калыбына келип туруучу энергияны өнүктүрүү жана пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо максатында 2008-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын "Калыбына келип туруучу энергия жөнүндө" Мыйзамы кабыл алынган. Бул Мыйзам калыбына келип туруучу энергия булактарын (мындан ары КЭБ) өндүрүүчүлөр, сатуучулар, керектөөчүлөр жана мамлекеттер ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу механизмдери менен бирге укуктук, уюштуруучулук, экономикалык жана каржылык негиздерди орнотот. Бирок КЭБ орнотмолорунун жана алар аркылуу өндүрүлгөн энергиянын кымбаттыгын эске ала турган болсок, алдыга коюлган максаттар менен Мыйзамда каралган экономикалык жөнгө салуу иш-чараларга жетүү кыйынчылыктарды жаратары бышык. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын "Калыбына келип туруучу энергия булактары" Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоору демилгеленүүдө. КЭБди өнүктүрүү үчүн экономикалык жана укуктук механизмдерди түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору аркылуу төмөнкүлөр сунушталат: Кыргыз Республикасынын КЭБди өнүктүрүү үчүн экономикалык жана укуктук механизмдерди түзүү максатында киргизилип жаткан Мыйзам долбоорунда төмөнкүлөр сунушталат:
- КЭБди пайдалануу боюнча долбоордун өзүн-өзү актоо чеги 10 жылдан көп эмес мөөнөт менен бекитилсин;
- бөлүштүрүүчү электр компаниялар КЭБди пайдалануу менен иштелип чыгып, ээлери тарабынан өздүк муктаждыктар үчүн керектелбеген бардык электр энергиясын сатып алууга милдеттендирилсин;
- КЭБ жабдууларында өндүрүлгөн электр энергиясынын жалгыз сатып алуучусу катары аталган жабдуу кошулган бөлүштүрүүчү электр компаниясы аныкталсын. Ал эми энергия түздөн-түз керектөөчүгө же кайсы бир бөлөк энергокомпанияга сатылып жаткан учурда, КЭБ жабдуусунда өндүрүлгөн электр энергиясынын жалгыз сатып алуучусу катары КЭБди пайдалануу боюнча жабдуу жайгаштырылган административдик-аймактык түзүлүштүн электр энергиясын бөлүштүрүү боюнча рыногунда алдыңкы абалды ээлеген бөлүштүрүүчү электркомпания аныкталсын;
- бөлүштүрүүчү электр компаниялардын КЭБ жабдууларынан электр энергиясын сатып алуулары менен байланышкан кошумча чыгымдарын компенсациялоо, электр энергетикалык компаниялары үчүн салттуу энергия булактарынан сатылып алынуучу электр энергиясына болгон бааны киргизүү жана эсептөө учурунда, чыгымдарды теңдөө боюнча иштиктүү механизмдин жардамы менен жүзөгө ашырылсын;
- энергокомпаниялардын азыркы тармактарына КЭБ жабдууларын кошуу эрежеси жана кошуу үчүн болгон иштерди каржылоо булагын так аныктоо зарыл;
- КЭБди пайдалануучу электр энергиясын өндүрүүчүлөрдү стимулдаштыруу механизми, КЭБди пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясына болгон баа түрүндө, керектөөчүлөр үчүн коюлган азыркы баанын максималдуусун КЭБдин ар бир түрү үчүн аныкталган коэффицентке көбөйтүү менен мыйзамдуу түрдө бекитилет. Бул баа КЭБдин негизинде электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн бекитилүүсү зарыл.
Мындай механизмдин орношу (кошумча төлөмдөр коэффиценти Мыйзамда бекитилгендиктен) потенциалдык инвестор үчүн ачыктыкты жана айкындуулукту камсыз кылат. Кандай болгон күндө да, бул кошумча төлөм көлөмү инвесторлор үчүн сигнал катары саясий мааниге ээ. Кошумча төлөм көлөмүн бар болгону экономикалык жактан өзүн актай турган (б.а. инвестицияларды 10 жылдан кечиктирбей кайрып алууга мүмкүн болгон) КЭБди пайдалануу боюнча долбоорлордун кайсы бир шарттуу айланасы чектеп келет. Коомчулуктун талкуусуна коюу максатында "Кыргыз Республикасынын "Калыбына келип туруучу энергия булактары жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин, ошондой эле Мыйзам чыгаруу органдарынын расмий сайтына жайгаштырылган. Жалпысынан алганда бул Мыйзам долбоору боюнча кандайдыр бир сын-пикирлер келип түшкөн жок. Кыргыз-француз "Калинин ГЭСи" ЖЧКсынан жана Кыргыз Республикасындагы кичи жана орто энергетиканы өнүктүрүү долбоору боюнча Дирекциясынан сунуштар келип түшкөн. Булар эске алынып, Мыйзам долбооруна киргизилген. Ошондой эле аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин астындагы Отун-энергетикалык комплексиндеги Ачыктык демилгеси боюнча Байкоочу кеңештин отурумунда каралган. Бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын 13 министрлигинин макулдашуусуна жиберилип, алардын 12си сын-пикир жана сунуштары жок макулдашкандыгын белгилей кетүү зарыл. Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын "Калыбына келип туруучу энергия булактары" Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоорун Өкмөттүн андан соң Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет.
Министр
А.Шадиев
Кыргыз Республикасынын "Калыбына келип туруучу энергия булактары" Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| № | Иштиктүү редакциясы | Жаңы редакциясы |
|---|---|---|
| 1 | 8-берене. ЭКБ тармагындагы мамлекеттик башкаруу ЭКБ тармагындагы мамлекеттик башкаруу Кыргаз Республикасынын Өкмөтү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан алардын функцияларына ылайык төмөнкү каражаттар аркылуу ишке ашырылат. - тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу; - каржылоонун ички жана тышкы булактарын кароочу ЭКБ тармагындагы жалпы мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу, жүзөгө ашыруу жана аткаруу; - ЭКБнын потенциалын пайдаланууну эске алуу менен энергетикалык тармакты реформалоо; - ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүүгө жана ЭКБнын жабдууларын өндүрүүгө түрткү берүүчү укуктук механизмдерди, ошондой эле ченемдик-укуктук документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; - ЭКБ энергиясынын потенциалын жана пайдаланылышын баалоо; - кайра жаралуучу энергия жана отун тармагындагы ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруучу энергетикалык кайра жаралуучу ресурстарды баалоону жана субъекттердин реестрин жүргүзүүнү статистикалык эсепке алууну камсыздоо; - ЭКБны өнүктүрүү тармагындагы окууну уюштуруу жана илимий-техникалык прогресске көмөк көрсөтүү; - эл аралык илимий-техникалык кызматташтыкты, ЭКБны пайдалануу жана өнүктүрүү боюнча эл аралык программаларга катышууну камсыздоо; - ЭКБны өздөштүрүү процессине коомдук жана илимий-техникалык уюмдарды тартууга көмөк көрсөтүү; - 8 жылга чейин ЭКБны пайдалануу менен долбоорлордун өзүн-өзү актоосун камсыз кылуу, ЭКБны пайдалануунун эсебинен иштелип чыгылган энергиянын тарифтерин белгилөө. | 8-берене. ЭКБ тармагындагы мамлекеттик башкаруу ЭКБ тармагындагы мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан алардын функцияларына ылайык төмөнкү каражаттар аркылуу ишке ашырылат. - тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу; - каржылоонун ички жана тышкы булактарын кароочу ЭКБ тармагындагы жалпы мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу, жүзөгө ашыруу жана аткаруу; - ЭКЕнын потенциалын пайдаланууну эске алуу менен энергетикалык тармакты реформалоо; - ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүүгө жана ЭКБнын жабдууларын өндүрүүгө түрткү берүүчү укуктук механизмдерди, ошондой эле ченемдик-укуктук документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; - ЭКБ энергиясынын потенциалын жана пайдаланылышын баалоо; - кайра жаралуучу энергия жана отун тармагындагы ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруучу энергетикалык кайра жаралуучу ресурстарды баалоону жана субъекттердин реестрин жүргүзүүнү статистикалык эсепке алууну камсыздоо; - ЭКБны өнүктүрүү тармагындагы окууну уюштуруу жана илимий-техникалык прогресске көмөк көрсөтүү; - эл аралык илимий-техникалык кызматташтыкты, ЭКБны пайдалануу жана өнүктүрүү боюнча эл аралык программаларга катышууну камсыздоо; - ЭКБны өздөштүрүү процессине коомдук жана илимий-техникалык уюмдарды тартууга көмөк көрсөтүү; [- КЭБди пайдалануу боюнча долбоордун өзүн-өзү актоо чек мөөнөтүн бекитүү 10 жылдан көп эмес.] |
| 2 | 12-берене. ЭКБны пайдаланууга өбөлгө түзүүнүн экономикалык жана уюштуруу-укуктук механизмдери ЭКБны пайдалануу аркылуу иштелип чыккан электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүлөр жана ушул энергияны пайдалануучулар төмөнкүдөй жеңилдиктерге ээ: - ЭКБнын негизинде иштеген техникалык каражаттарды жана түзүлүштөрдү өндүргөн же кайра жабдыган жеке жана юридикалык жактар үчүн жеңилдиктер берилет; - ЭКБ боюнча иштелип чыккан энергияга жана энергокомпаниялар аркылуу сатып алууларга тарифтер энергетикалык компаниялардын, аларды сатып алуучулардын чыгымдарын компенсациялоону эсепке алуу менен белгиленет жана компенсациянын өлчөмү энергетикалык компаниялар тарабынан энергияга карата белгиленген жалпы улуттук тарифке киргизилет; - ЭКБ үчүн жабдууларды, түзүлүштөрдү жана комплекттөөчү буюмдарды импорттоодо жана экспорттоодо бажы алымдарынан бошотулат; - ЭКБ аркылуу иштетип чыгарылган энергияны энергетикалык компаниялар сөзсүз түрдө сатып алууга милдеттүү; - эгерде газ жана газ түрүндөгү кайра жаралуучу отун газ түтүктөрдүн жана жылуулук тармактардын стандарттарына жана талаптарына ылайык келсе, газ түтүктөр жана жылуулук тармактар менен иштеген уюмдар аларды өздөрүнүн системасына кошууга тийиш; - улуттук стандартка ылайык келген суюк биологиялык отун уюмдардын отун сатуу системасына киргизилиши керек. | 12-берене. ЭКБны пайдаланууга өбөлгө түзүүнүн экономикалык жана уюштуруу-укуктук механизмдери ЭКБны пайдалануу аркылуу иштелип чыккан электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүлөр жана ушул энергияны пайдалануучулар төмөнкүдөй жеңилдиктерге ээ: - ЭКБнын негизинде иштеген техникалык каражаттарды жана түзүлүштөрдү өндүргөн же кайра жабдыган жеке жана юридикалык жактар үчүн жеңилдиктер берилет; - ЭКБ үчүн жабдууларды, түзүлүштөрдү жана комплекттөөчү буюмдарды импорттоодо жана экспорттоодо бажы алымдарынан бошотулат; [- КЭБди пайдалануу жолу аркылуу иштелип чыккан жана жабдуу ээси тарабынан өздүк муктаждыктар үчүн колдонулбаган, ошондой эле келишимдик негизде башка керектөөчү тарабынан иштетилбеген бардык электр энергия, КЭБди пайдалануу боюнча бул жабдуу кайсы электр энергетикалык компания тармагына кошулганына карабастан, КЭБди пайдалануу боюнча жабдуу жайгашкан жердеги административдик-аймактык түзүлүштөгү ири электр энергиясын бөлүштүрүүчү компания тарабынан сатылып алынышы керек;] - эгерде газ жана газ түрүндөгү кайра жаралуучу отун газ түтүктөрдүн жана жылуулук тармактардын стандарттарына жана талаптарына ылайык келсе, газ түтүктөр жана жылуулук тармактар менен иштеген уюмдар аларды өздөрүнүн системасына кошууга тийиш; - улуттук стандартка ылайык келген суюк биологиялык отун уюмдардын отун сатуу системасына киргизилиши керек; [- долбоордун өзүн-өзү актоо мезгилинде КЭБди пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясына болгон баа керектөөчүлөр үчүн максималдык бааны ушул берененин тогузунчу абзацында аныкталган коэффицентке карата көбөйтүү жолу аркылуу бекитилет; - өзүн-өзү актоо мезгилиндеги КЭБдин ар бир түрү боюнча максималдык баага карата болгон коэффиценттер төмөнкү көлөмдө бекитилет: суу энергиясын пайдалануучу жабдуулар үчүн коэффицент 2,1 ге барабар; күн энергиясын пайдалануучу жабдуулар үчүн коэффицент 6,0 го барабар; биомасса энергиясын пайдалануучу жабдуулар үчүн коэффицент 2,75 ге барабар; шамаал энергиясын пайдалануучу жабдуулар үчүн коэффицент 2,5; жер энергиясын пайдалануучу жабдуулар үчүн коэффицент 3,35. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына карата максималдык баалардын көлөмү электр энергиясына карата баа саясатына жараша өзгөрөт; - долбоордун өзүн-өзү актоо мезгили аяктаган соң КЭБди пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясына болгон баалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан электр энергиясын иштеп чыгууга кеткен негиздүү чыгымдарды жана акыйкат киреше элементтерин эске алуучу эсепке негизделүү менен ар бир станцияга жекече киргизилет. КЭБди пайдалануу менен өндүрүлгөн электр энергиясына карата киргизилген жаңы баалар мыйзамдарда бекитилген эреже боюнча жыл сайын индекстештирилет; - бөлүштүрүүчү электр энергетикалык компаниялардын КЭБди пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын сатып алууга кеткен кошумча чыгымдарын компенсациялоо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан электр энергетикалык компаниялары үчүн салттуу энергия булактарынан сатылып алынуучу электр энергиясына болгон бааны киргизүү жана эсептөө учурунда эске алынуусу керек; - бардык электр энергиясын берүү линияларын электр энергетикалык компаниялардын тармактарына кошууга чейинки курулушу боюнча чыгымдарды КЭБди пайдалануу боюнча орнотмонун ээси өз мойнуна алат; - бардык электр энергетикалык компаниялар бекитилген стандарттарга туура келген учурларда КЭБди пайдалануучу электр энергиясын өндүрүүчүлөр тарабынан иштелип чыккан электр энергиясынын тармактарга тоскоолдуктарсыз киришине шарт түзүүсү керек; - КЭБди пайдалануучу жабдууларды кошуу, кошуу үчүн болгон чыгымдар эң аз өлчөмдөгү электр компаниялардын тармактарында жүргүзүлүүсү зарыл; - улуттук электр тармактары жана бөлүштүрүүчү электр энергокомпаниялар менчигинин түрүнө карабастан КЭБ өндүрүүчүлөрдөн керектөөчүлөргө чейинки электр энергиясынын тоскоолдуктарсыз ташылып өтүүсүн камсыз кылат.] |
\
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 1825-V "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү…Постановление · 12.04.2012 · № 1825-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 17-майындагы № 1913-V "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү…Постановление · 17.05.2012 · № 1913-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 28-июнундагы № 2165-V "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү…Постановление · 28.06.2012 · № 2165-V
Шилтеме берет (6)
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- Энергияны үнөмдөө жөнүндөЗакон · 07.07.1998 · № 88
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндөЗакон · 31.12.2008 · № 283 · Күчүн жоготкон
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон