Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-01-20.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-январы №40 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2009-ж., № 7, 751-б.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 24-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын долбоору анын чечими боюнча кароого мамлекеттик тилде киргизилиши мүмкүн.".
2. 26-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Ченемдик укуктук актылар мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат. Тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысын мамлекеттик тилде кабыл алууга жол берилет.".
3. 28-берененин 2-бөлүгүндөгү "мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук жана кагаз түрүндө" деген сөздөр алып салынсын.
4. 29-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Бул Мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган, кабыл алынган тилде жарыялануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Бүгүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актыларын эки тилде кабыл алуу жана жарыялоо маселеси курч турууда. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын 29-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыларды жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт. Ченемдик укуктук актыны расмий жарыялоо дегенде Өкмөт тарабынан аныкталган кагаз же электрондук басылмада ченемдик укуктук актынын текстин чыгаруу жолу менен алар жөнүндө жалпы элдин кабардар кылынышы түшүндүрүлөт. "Кыргыз Республикасында ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоонун булактары жөнүндө" Өкмөттүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтому менен ушул максаттагы бир катар басылмалар аныкталган. Ошондой болсо да ченемдик укуктук актылардын тексттерин басылмаларда жарыялоодо каржы жагынан кыйынчылыктар болуп жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кайрадан карап көрүү зарылдыгы жөнүндө көп айтылып келүүдө. Атап айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына расмий жарыялоо үчүн бөлүнгөн каржы каражаттарынын чектелүү келгендиги, басылмаларынын сейрек басылганы жана алардын көлөмү аздыгы жөнүндө белгиленип келди, ушунун натыйжасында басылмалардын нускасын чыгаруу процесси создуктурулууда. Ушул факторлор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларынын Конституциянын 6-беренесине ылайык мыйзамдуу күчүнө киришин создуктуруп, бул айрым коомдук-укуктук мамилелерге өз таасирин тийгизүүдө. Ушундан улам Юстиция министрлиги тарабынан "Кыргыз Республикасында ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоонун булактары жөнүндө" Өкмөттүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" КР Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыгып, учурда кабыл алынган (Өкмөттүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 532 токтому), ал ченемдик укуктук актыны расмий жарыялоонун булактарынын бири катары ченем чыгаруу органдарынын расмий веб-сайттарын аныктоого багытталган. Токтомдун ушул долбоорун иштеп чыгуу Жогорку Кеңештин Төрагасы А.Келдибековдун 2011-жылдын 15-мартындагы № 66-ОД буюрмасы менен бекитилген анын Ош облусуна иш сапарынын натыйжасында берилген тапшырмасын аткаруу боюнча иш-чаралар планынын 7-пунктунан келип чыккан. Ошентсе да жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан козголгон маселе расмий жарыялоонун альтернативалуу булагын аныктоо менен чечилип калбайт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын эки тилде жарыялоо кыйынчылыкка турууда. Көрсөтүлгөн субъекттердин ченемдик укуктук актылары жергиликтүү мааниге гана ээ болуп, ал тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин гана аймагына таркатылат. Ошону менен катар бир бирдиктин алкагында мамлекеттик тилди билген тургундар көпчүлүктү түзгөндүктөн, бул актынын расмий тилде жарыяланышын талап кылбайт. Ушундан улам "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органынын чечими боюнча анын ченемдик укуктук актысынын долбоорун мамлекеттик тилде киргизүү жаатында өзгөртүү киргизүү зарылдыгы пайда болууда. Мындан тышкары долбоор аркылуу ченемдик укуктук актылар мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынаары аныкталууда. Ошол эле мезгилде тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген тургундар көпчүлүктү түзгөн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органына өзүнүн ченемдик укуктук актысын мамлекеттик тилде кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталууда. Ошондой эле каралып жаткан Мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктарын албаганда ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик тизмесин жүргүзүү жана мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлгөн ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо жаатында тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Мындан тышкары сунушталган долбоордун 2-беренеси аркылуу Өкмөткө өз чечимин кабыл алууда өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталат. Айталы, Өкмөттүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик тизмесин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат. Жогоруда баяндалганды, ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы А.Келдибековдун жогорудагы буюрмасын эске алуу менен, Мыйзамдын ушул долбоору иштелип чыккан. Ошону менен бирге көрсөтүлгөн долбоорду коомдук талкулоону жүргүзүүдө эч кандай сунуштардын жана сын-пикирлердин болбогондугун белгилейбиз. Мындан тышкары көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунун ченемдери талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгында күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбегиндигин белгилейбиз. Кошумча белгилесек, мыйзам долбоорун кабыл алууда мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылык чыгымдарды талап кылбайт.
Министр
А.Мухамеджанов
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Колдонулуп жаткан редакциясы | Мыйзам долбоорунун редакциясы |
|---|---|
| 24-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорун ченемдик укуктук актыны кабыл алуу укугуна ээ болгон субъектке киргизүү 1. Ченемдик укуктук актыны кабыл алуу укугуна ээ болгон субъектке киргизиле турган ченемдик укуктук актынын долбооруна төмөнкүлөр тиркелет: коштомо кат; маалымкат-негиздеме; салыштырма таблица (ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилсе же ал жаңы редакцияда берилсе); ченемдик укуктук актынын макулдашылганы жөнүндө маалыматты камтыган документтер - зарыл болсо; жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар - зарыл болсо. 2. Эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш. 3. Ченемдик укуктук актынын долбоору кагаз түрүндө электрондук сакталмасы менен кошо мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет. 4. Ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизүү тартибинин башка маселелери ченемдик укуктук актыны кабыл алуу укугуна ээ болгон тиешелүү субъект тарабынан аныкталат. 5. Ушул берененин талаптарын бузуу менен киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору каралбастан кайра кайтарылууга жатат. Мүчүлүштүктөр оңдолгондон кийин долбоор кароого белгиленген тартипте киргизилет. | 24-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорун ченемдик укуктук актыны кабыл алуу укугуна ээ болгон субъектке киргизүү 1. Ченемдик укуктук актыны кабыл алуу укугуна ээ болгон субъектке киргизиле турган ченемдик укуктук актынын долбооруна төмөнкүлөр тиркелет: коштомо кат; маалымкат-негиздеме; салыштырма таблица (ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилсе же ал жаңы редакцияда берилсе); ченемдик укуктук актынын макулдашылганы жөнүндө маалыматты камтыган документтер - зарыл болсо; жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар - зарыл болсо. 2. Эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш. 3. Ченемдик укуктук актынын долбоору кагаз түрүндө электрондук сакталмасы менен кошо мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет. [Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын долбоору анын чечими боюнча кароого мамлекеттик тилде киргизилиши мүмкүн.] 4. Ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизүү тартибинин башка маселелери ченемдик укуктук актыны кабыл алуу укугуна ээ болгон тиешелүү субъект тарабынан аныкталат. 5. Ушул берененин талаптарын бузуу менен киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору каралбастан кайра кайтарылууга жатат. Мүчүлүштүктөр оңдолгондон кийин долбоор кароого белгиленген тартипте киргизилет. |
| 26-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорун кабыл алуу 1. Эгерде Конституцияда башкача каралбаса, ченемдик укуктук актылар ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга ыйгарым укугу бар ченем жаратуучу орган тарабынан ушул Мыйзамда жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда аныкталган тартипте кабыл алынат. Жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен финансылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча финансылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого жатат. 2. Ченемдик укуктук актыны кабыл алууга укугу бар ченем жаратуучу орган ченемдик укуктук актынын долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөргө укуктуу: ченемдик укуктук актыны кабыл алууга; себептерин көрсөтүү менен долбоорду четке кагууга; өз сын-пикирлерин жана сунуштарын көрсөтүү менен долбоорду толуктап иштеп чыгуу үчүн кайра кайтарууга. | 26-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорун кабыл алуу 1. Эгерде Конституцияда башкача каралбаса, ченемдик укуктук актылар ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга ыйгарым укугу бар ченем жаратуучу орган тарабынан ушул Мыйзамда жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда аныкталган тартипте кабыл алынат. Жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен финансылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча финансылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого жатат. [1-1-Ченемдик укуктук актылар мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде кабыл алынышына тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо жол берилет.] 2. Ченемдик укуктук актыны кабыл алууга укугу бар ченем жаратуучу орган ченемдик укуктук актынын долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөргө укуктуу: ченемдик укуктук актыны кабыл алууга; себептерин көрсөтүү менен долбоорду четке кагууга; өз сын-пикирлерин жана сунуштарын көрсөтүү менен долбоорду толуктап иштеп чыгуу үчүн кайра кайтарууга. |
| 28-берене. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестри 1. Ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине (мындан ары - Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестри) киргизилет. 2. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрин алып барууну Юстиция министрлиги [мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук жана кагаз түрүндө ишке] ашырат. 3. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен ченемдик укуктук актыларды таркатуу Интернет тармагы аркылуу акысыз жүргүзүлөт. 4. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат. 5. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилбеген ченемдик укуктук акт юридикалык күчкө ээ болбойт. | 28-берене. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестри 1. Ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине (мындан ары - Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестри) киргизилет. 2. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрин алып барууну Юстиция министрлиги ашырат. 3. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен ченемдик укуктук актыларды таркатуу Интернет тармагы аркылуу акысыз жүргүзүлөт. 4. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат. 5. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилбеген ченемдик укуктук акт юридикалык күчкө ээ болбойт. |
| 29-берене. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоонун тартиби 1. Ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланууга жатат. 2. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо деп ченемдик укуктук актылардын тексттерин Өкмөт тарабынан аныкталуучу басмасөздүк же электрондук басылмада жарыялоо жолу менен аларды жалпыга маалымдоо түшүнүлөт. 3. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде ишке ашырылат. 4. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланган датасы деп ушул акт жарыяланган басылма жарыкка чыккан күн эсептелет. 5. Мамлекеттик жашыруун сырды камтыган маалыматтарды кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоодо аны толук эмес берүүгө жол берилбейт. 6. Жарыялоо жөнүндө маалымат Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилет. 7. Ченемдик укуктук актыларды башка жалпыга маалымдоо каражаттарында басып чыгарууда басылманын расмий булагына шилтеме милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш. 8. Укук колдонуу практикасында ченемдик укуктук актылардын расмий жарыяланыштары пайдаланылууга тийиш. | 29-берене. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоонун тартиби 1. Ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланууга жатат. 2. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо деп ченемдик укуктук актылардын тексттерин Өкмөт тарабынан аныкталуучу басмасөздүк же электрондук басылмада жарыялоо жолу менен аларды жалпыга маалымдоо түшүнүлөт. [3. Ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын албаганда ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.] 4. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланган датасы деп ушул акт жарыяланган басылма жарыкка чыккан күн эсептелет. 5. Мамлекеттик жашыруун сырды камтыган маалыматтарды кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоодо аны толук эмес берүүгө жол берилбейт. 6. Жарыялоо жөнүндө маалымат Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилет. 7. Ченемдик укуктук актыларды башка жалпыга маалымдоо каражаттарында басып чыгарууда басылманын расмий булагына шилтеме милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш. 8. Укук колдонуу практикасында ченемдик укуктук актылардын расмий жарыяланыштары пайдаланылууга тийиш. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 628 "Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"…Постановление · 25.09.2012 · № 628
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 1-ноябрындагы № 2451-V "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана…Постановление · 01.11.2012 · № 2451-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 4-октябрындагы № 2344-V "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана…Постановление · 04.10.2012 · № 2344-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 19-январындагы № 2696-V "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо…Постановление · 19.01.2013 · № 2696-V
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №743 "Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 08.12.2009 · № 743
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы №532 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий…Постановление · 05.09.2011 · № 532
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.