Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы № 154, 2013-жылдын 10-июнундагы № 327, 2014-жылдын 19-ноябры № 657 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
2. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестри (мындан ары - Мамлекеттик реестр) нормативдик укуктук актыларын реквизиттерин, ошондой эле ушул актылар жөнүндө информациялык-маалымдама мүнөздөгү маалыматтарды камтыган, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын мамлекеттик эсепке алуунун бирдиктүү системасы түрүндө болот.
3. Төмөнкүлөр Мамлекеттик реестрге киргизилүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары;
3) Кыргыз Республикасынын кодекстери;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары;
6) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору;
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтомдору;
9) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомдору;
10) норма жаратуу ыйгарым укуктарын берүү актыларына ылайык нормативдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын нормативдик укуктук актылары;
11) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтомдору;
12) 2009-жылдын 7-августуна чейин юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн министрликтердин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын нормативдик укуктук актылары.
Мамлекеттик реестрге мамлекеттик сырларды камтыган нормативдик укуктук актылар киргизилбейт. Мамлекеттик сырларды камтыган нормативдик укуктук актыларды эсепке алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы № 154 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Мамлекеттик реестрди жүргүзүү мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук жана кагаз формаларында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - Юстиция министрлиги) тарабынан жүргүзүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынган ченемдик укуктук актылары мамлекеттик тилде да, расмий да тилде да жүргүзүлүүчү Мамлекеттик реестрге мамлекеттик тилде гана киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 327 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Нормативдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрү нормативдик укуктук актылар жарыяланган күнү жарыялануу булагын көрсөтүү менен кагаз жана электрондук сактагычтарда, мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада Юстиция министрлигине аларды каттоону жүргүзүшкөн мамлекеттик органдар тарабынан жиберилет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын нормативдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрү нормативдик укуктук актылар жарыяланган күнү жарыялануу булагын көрсөтүү менен кагаз жана электрондук сактагычтарда, мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмчөлөрүнө аларды каттоону жүргүзүшкөн органдар тарабынан жиберилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынган ченемдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрү аларды каттоону ишке ашырган органдар тарабынан Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялануу булагын жана ченемдик укуктук актыны жарыялоо күнүнө карата ченемдик укуктук актыны мамлекеттик тилде гана кабыл алууга боло тургандыгы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечимин көрсөтүү менен жиберилет. Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын Юстиция министрлигине алар келип түшкөн күнү жиберет. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 327 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Нормативдик укуктук актылар расмий жарыяланган кγндѳн тартып 7 жумушчу кγндγн ичинде Мамлекеттик реестрге киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-ноябры № 657 токтомунун редакциясына ылайык) Мамлекеттик реестрге төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
1) нормативдик укуктук актынын реквизиттери: актынын түрү; актынын аталышы; актыны кабыл алган орган; актыны кабыл алган күн жана номери; каттоо күнү жана каттоонун номери (ушул жобонун 3-пунктунун 12-пунктчасында көрсөтүлгөн нормативдик укуктук актылар үчүн);
2) нормативдик укуктук актынын жарыяланган күнү жана булагы;
3) нормативдик укуктук актынын статусу;
4) Мамлекеттик реестрге нормативдик укуктук актыны киргизген күн.
7. Ченемдик укуктук акты Мамлекеттик реестрге киргизилгенден кийин 10 күндүк мөөнөттө ал кабыл алынган тилде (тилдерде) Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 327 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Мамлекеттик реестрге нормативдик укуктук акты киргизилгенден кийин он күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдердеги нормативдик укуктук акты Укуктук информация маалыматтарынын борборлоштурулган банкына киргизилет.
8. Нормативдик укуктук акты күчүн жоготту деп табылганда же анын аракети белгилүү мөөнөткө токтотулганда Мамлекеттик реестрге Юстиция министрлигине ал түшкөн күнү тиешелүү нормативдик укуктук актыга шилтеме жасоо менен анын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө же анын аракети токтотулгандыгы жөнүндө тиешелүү жазуу киргизилет.
9. Нормативдик укуктук акты (анын түзүмдүк элементи) конституциялык эмес же мыйзамда белгиленген тартипте жараксыз деп табылганда бул жөнүндө маалымат соттун чечими күчүнө кирген күнү ушул нормативдик укуктук актыны каттоону жүргүзгөн органга тиешелүү сот тарабынан жиберилет. Ушул нормативдик укуктук актыны каттоону жүргүзгөн орган аталган маалыматты алган күнү Юстиция министрлигине соттун чечими жөнүндө расмий кат жиберет.
Акыркы (жазуу) формадагы соттун жүйөлүү чечими ушул нормативдик укуктук актыны каттоону жүргүзгөн органга ал күчүнө кирген күндөн тартып он күндүн ичинде жиберилүүгө тийиш, ал соттун чечимин алган күнү аны Юстиция министрлигине жиберет. Нормативдик укуктук актыны (анын түзүмдүк элементин) жараксыз деп табуу жөнүндө соттун чечими белгиленген тартипте жокко чыгарылган учурда бул чечим ушул пунктта каралган тартипте сот тарабынан жиберилүүгө тийиш. Нормативдик укуктук актыны (анын түзүмдүк элементин) конституциялык эмес же жараксыз деп табуу жөнүндө жана мындай чечимди жокко чыгаруу жөнүндө жазуу ушул нормативдик укуктук актыны каттоону жүргүзгөн органдан тиешелүү маалымат Юстиция министрлигине түшкөн күнү соттун тиешелүү чечимине шилтеме жасоо менен Мамлекеттик реестрге киргизилет.
10. Мамлекеттик реестрде камтылган нормативдик укуктук актыларды жайылтуу Юстиция министрлигинин расмий сайты аркылуу Интернет тармагы боюнча акысыз негизде жүргүзүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 11
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №743 "Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 08.12.2009 · № 743
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-ноябрындагы № 657 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын…Постановление · 19.11.2014 · № 657
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (11)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Самаркандек айылдык кеңешинин 2021-жылдын 14-майындагы № 18 "Самаркандек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдор мамлекеттик тилде гана кабыл алуу…Постановление · 14.05.2021 · № 18
- Кыштут айылдык кеңешинин 2021-жылдын 18-майындагы № 3 "Кыштут айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин сессияларында кабыл алынган токтомдор мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө"…Постановление · 18.05.2021 · № 3
- Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2015-жылдын 25-майындагы № 16 "Төрт-Гүл айылдык кеңешинин XVI-сессиясын мамлекеттик тилде өткөрүү жана токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу…Постановление · 25.05.2015 · № 16
- Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2015-жылдын 9-июлундагы № 17 "Төрт-Гүл айылдык кеңешинин XVII сессиясын мамлекеттик тилде өткөрүү жана токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу…Постановление · 09.07.2015 · № 17
- Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2015-жылдын 24-августундагы № 18 "Төрт-Гүл айылдык кеңешинин XVIII сессиясын мамлекеттик тилде өткөрүү жана токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу…Постановление · 24.08.2015 · № 18
- Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2015-жылдын 18-октябрындагы № 19 "Төрт-Гүл айылдык кеңешинин XIX сессиясын мамлекеттик тилде өткөрүү жана токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу…Постановление · 19.10.2015 · № 19
- Момбеков айылдык кеңешинин 2013-жылдын 4-декабрындагы № 6 "Момбеков айылдык Кеңешинин токтомдору жөнүндө" токтомуПостановление · 04.12.2013 · № 6
- Исфана шаардык кеңешинин 2018-жылдын 08-февралындагы №12/1 "Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын депутаттарынын чечимдерин мөөнөтү аяктаганга чейин мамлекеттик тилде кабыл…Постановление · 08.02.2018 · № 12/1
- Баткен шаардык кеңешинин 2016-жылдын 18-январындагы №2-3/2 "Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирин жүргүзүү…Постановление · 18.01.2016 · № 2-3/2
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-январындагы №40 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 20.01.2012 · № 40 · Күчүн жоготкон