15-статья. Өнөр жай радиациялык коопсуздугунун талаптары
Күчүн жоготкон · 16.11.2013 редакциясы · II Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 ноября 2013 года № 202.
1. Радиоактивдүү заттар жана иондоштуруучу нурлануунун башка булагы менен иштөөдөгү өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуучу технологиялык регламенттерди, эрежелер менен инструкцияларды иондоштуруучу нурлануунун булагы менен иштөөгө атайын уруксаты (лицензиясы) бар, көрсөтүлгөн тартипте экспертизадан өткөн жана өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы бекиткен уюмдар иштеп чыгат.
2. Радиоактивдүү заттар жана иондоштуруучу нурлануунун башка булагын колдонуучу коркунучтуу өндүрүш объектилерин пайдаланган, ошондой эле радиоактивдүү элементтерди ичине камтыган пайдалуу кенди иштетүүчү уюмдарда радиациялык коопсуздук кызматы түзүлөт, анын курамы, жабдылышы, өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы менен макулдашылып, өндүрүштүк иш-аракеттеринин жагдайына жана көлөмүнө жараша бекитилет.
3. Радиоактивдүү заттар пайдаланылуучу орнотмолордо башкаруу жана коргоо тутумунун болушу зарыл. Радиоактивдүү заттар колдонулуучу орнотмолордун башкаруу жана коргоо тутумуна:
- алгачкы өлчөөчү өзгөрткүчтөр;
- башкаруу жана коргоо тутумунун аткаруучу жабдуулары;
- байланыш түйүндөрү;
- башкаруу жана коргоо тутумуна кирген техникалык түзүлүштөрдү текшерүүдө колдонулуучу каражаттар кирет.
Башкаруу жана коргоо тутуму ишке киргизүүнү, чендерди жөнгө салууну, аларды өлчөөнү жана жумушчу режимден орнотмону чыгарууну камсыз кылышы керек.
4. Радиоактивдүү заттар колдонулуучу, сакталуучу же радиоактивдүү заттардын калдыктары көмүлгөн коркунучтуу өндүрүш объекттеринин айланасында зоналар түзүлөт, алар:
- катуу тартиптеги зона - кызматчыларга сырткы бета-, гамма-, нейтрондук нурлануу таасир берүүчү, аба чөйрөсүнүн, курулуш конструкцияларынын беттеринин жана жабдуулардын радиоактивдүү заттар менен булганышы мүмкүн болгон аймактар, түзүлүштөр, имараттар, жайлар;
- санитардык-коргоочу зона;
- байкоо жүргүзүүчү зона.
5. Катуу режимдеги, санитардык-коргоочу жана байкоо жүргүзүүчү аймактардын өлчөмдөрү, радиациялык көзөмөлдүн көлөмү радиоактивдүү заттар колдонулуучу, сакталуучу, ошондой эле радиоактивдүү калдыктар сакталуучу коркунучтуу өндүрүш объекттерин долбоорлоо белгиленет. Иштеп жаткан коркунучтуу өндүрүш объекттеринде бул зоналарды жана радиациялык текшерүүнүн көлөмдөрүн өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы жана мамлекеттик санитардык көзөмөл органдары менен макулдашып, уюмдун радиациялык коопсуздук кызматы аныктайт.
Берененин тексти 16.11.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/932/st-15" title="15-статья - Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>