16-статья. Коркунучтуу өндүрүш объектиндеги аварияны жайылтпоо жана кесепеттерин жоюуга даяр туруу боюнча уюмдарга коюлган өнөр жай коопсуздугунун талаптары
Күчүн жоготкон · 16.11.2013 редакциясы · II Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 ноября 2013 года № 202.
1. Коркунучтуу өндүрүш объектиндеги аварияны жайылтпоо жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларын пландаштыруу жана ишке ашыруу.
2. Авариялык-сактоочу кесипкөй кызматтар же кесипкөй авариялык-сактоочу түзүлүштөр менен тейлөөгө карата келишимдерди түзүү, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда өзүнүн авариялык-сактоочу кесипкөй кызматтарын жана авариялык-сактоочу кесипкөй түзүлүштөрүн, ошондой эле кызматкерлердин өзүнөн штаттан тышкары авариялык-сактоочу түзүлүштөрүн түзүү.
3. Аварияны жайылтпоо жана кесепеттерин жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык резервде финансы каражаттарынын жана материалдык ресурстардын болушу.
4. Коркунучтуу өндүрүш объекттеринде авариялар же бузулуулар болгондо кызматкерлерди иш-аракет жасоого үйрөтүү.
5. Авария болгон учурда байкоо, билдирүү, байланыш жана иш-аракеттерди колдоо тутумдарын түзүү жана аталган тутумдарды пайдаланууга жарактуу абалда кармоо.
Берененин тексти 16.11.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/932/st-16" title="16-статья - Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>