14-статья. Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин кызматкерлерине коюлуучу талаптар
Күчүн жоготкон · 16.11.2013 редакциясы · II Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 ноября 2013 года № 202.
1. Квалификациялуу талаптарга ылайык келиши жана медициналык жактан жараксыз деген корутундусунун жоктугу;
2. Коркунучтуу өндүрүш объектинде иш жүргүзүү эрежелерин белгилөөчү ченемдик укуктук актыларын, ченемдик техникалык документтердин талаптарын жана коркунучтуу өндүрүш объектинде кырсык же бузулуу болгон учурда аракет жасоонун тартибин сактоо.
3. Өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын даярдыктан жана аттестациядан өтүү.
4. Коркунучтуу өндүрүш объектиндеги авария же бузулуу тууралу өзүнүн түздөн-түз жетекчисине же белгиленген түрдө башка жооптуу кызматкерлерге кечиктирбей ошол замат дароо билдирүү.
5. Коркунучтуу өндүрүш объектинде авария же бузулуу болгон учурда жумуштарды белгиленген тартипте токтото туруу.
6. Коркунучтуу өндүрүш объектиндеги авариянын, анын кесепеттеринин жайылышына каршы жүргүзүлгөн жумуштарга белгиленген тартипте катышуу.
Берененин тексти 16.11.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/932/st-14" title="14-статья - Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>