Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 15 мая 2015 года № 297 "Об отзыве некоторых проектов законов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-05-15.
КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 15-майы № 297 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2012-жылдын 26-сентябры № 655 "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2001-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
2. 2-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
3. 3-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "түзүлгөн эл аралык келишимдерде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 4-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "эл аралык макулдашуулардын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 6-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"6-статья. Ишкердиктин субъекттерин мамлекеттик каттоо
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо каттоону камсыз кылуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик каттоо юридикалык жактарды каттоо жөнүндө Мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт. Каттоону камсыз кылуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, уруксат берүү мүнөзүнө ээ эмес жана юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) фактысын тастыктоо максатында жүргүзүлөт. Юридикалык жакты түзбөгөн жеке жактарды мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте статистика органдарында, ал эми патенттик негизде жүргүзүлүүчү иштер - салык органдарында жүргүзүлөт. Ишкердик субъекттерин мамлекеттик каттоодон баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн.".
6. 9-беренедеги "түзүлгөн эл аралык келишимдерди" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 10-беренедеги "Башкаруунун борбордук органдары, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары" деген сөздөр "Мамлекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 20-берененин 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү" деген сөздөр "мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. Төмөнкү мазмундагы 20-1-берене менен толукталсын:
"20-1-берене. Атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү
Мамлекет ишкерлердин ортосунда атаандаштык эркиндигин Мыйзамдуу камсыз кылат, керектөөчүлөрдү иштердин бардык чөйрөсүндө ак ниет эмес атаандаштык жана монополизм көрүнүштөрүнөн коргойт. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрү аткарган милдеттерди эске алуу менен атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө жана базардагы монополисттик ишке тоскоолдук кылууга милдеттүү.".
10. 23-беренедеги "жана арбитраждык" деген сөздөр алып салынсын.
11. 24-берененин 3-бөлүгүндөгү "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
1. Күчүн жоготту деп табылсын:
1) "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1991-жыл, № 22, 694-ст.);
2) "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Законуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1992-жыл, № 3, 144-ст.);
3) Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 2-июлундагы № 939-ХII "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Законуна толуктоолор киргизүү жөнүндө " Мыйзамы;
4) "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1993-жыл, № 6, 170-ст.);
5) "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуучулуктун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1994-жыл, № 3. 89-ст.);
6) "Кыргыз Республикасынын кээ бир Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын III бөлүгү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору. 1994- жыл, № 5, 165-ст.);
7) "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 1995-жылдын 5-июлу, № 41);
8) "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 1995-жылдын 1-ноябры, № 76);
9) "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси (1998-жылдын 12-сентябрындагы № 121);
10) "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2002-жылдын 26-июну, № 48 саны).
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Ушул "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоору Юстиция министрлигинин алдындагы ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын ишинин чегинде иштелип чыккан. "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамынын 1, 3, 4, жана 9-беренелери Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат деген Конституциянын 6-беренесине ылайык келтирүү сунушталат. Ошол эле учурда, тиешелүү чөйрөдө коомдук мамилелерди регламенттеген башка Мыйзамдардын ченемдери кайталанган жоболор Мыйзамдын беренелеринде бар экендигин белгилейбиз. Ошону менен бирге, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 32-беренесине ылайык бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия болгон учурда жана алардын ичинен бирөөсү дагы жогору юридикалык күчкө ээ болгон актыга карама-каршы келбесе, укуктук мамилелердин аталган чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жобосу колдонууларын белгилеп кетебиз. Анда, белгилеп кетүүчү нерсе, концессия маселеси "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" Мыйзамы менен регламенттелет. Ошондуктан, "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамдын 2-беренесинин 3-бөлүгүн күчүн жоготту деп табууну сунуштайбыз. Ошондой эле, "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамдын 6-беренеси "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамдын жоболорунун ченемдерине ылайык келтирилген. Ошону менен бирге, "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамдын 20-беренесинде белгиленген мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча Программасынын аталышы "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык келтирилген. Андан башка, бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында арбитраждык процесс каралбагандыктан, аталган Мыйзам долбоору менен 23-беренедеги арбитраждык Мыйзамдарга шилтемени алып салуу сунушталат. Ошондой эле, "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзам жарандардын өздөрүнүн жөндөмдөрүн жана мүлктөрүн ишкердик жүргүзүү үчүн эркин пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген укуктарын коргоого багытталган, ошондой эле ишкердиктин субъекттеринин иштеги демилгелерин мамлекеттик колдоого алуунун жана жөнгө салуунун формалары менен усулдарын белгилегендиктен, сунушталган Мыйзам долбоорунун 2-беренеси менен "Кыргыз Республикасынын менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Мыйзамын жана ага өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген бардык ченемдик укуктук актыларды же алардын структуралык элементтерин күчүн жоготту деп табуу сунушталат. Жогоруда баяндалган сунуш "Кыргыз Республикасынын менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Мыйзамынын колдонулуп жаткан беренелеринин жоболору башка профильдик Мыйзамдардын ченемдерин кайталап жаткандыгына да негизделет. Атап айтканда, жогоруда айтылган Мыйзамдын IV бөлүмү атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана монополиялык ишти чектөө маселесин карайт. Аталган маселе, атаандаштыкты коргоонун жана өнүктүрүүнүн, монополиялык ишти жана кара ниет атаандаштыкты алдын алуунун, чектөөнүн, токтотуунун уюштуруу жана укуктук негиздерин аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын рынокторун түзүү жана натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталат деген "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзам менен регламенттелгендигин белгилеп кетебиз. "Кыргыз Республикасынын менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Мыйзамдын 21, 22, 23, 27, 32-37-беренелеринде ээлик кылуу ишинин чөйрөсүндөгү укуктук мамилелер каралат. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү жана иштөөчү ишкердиктин субъекттеринин мамилелерине карата уюштуруучулук-укуктук формаларына жана менчигинин формаларына карабастан жайылтылган "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы менен регламенттеле тургандыгын белгилеп кетебиз. Андан башка, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 17-беренесинде ченемдик укуктук актынын кабыл алынышына байланыштуу аныкындай же андан азыраак юридикалык күчкө ээ болгон бардык актылар, эгерде алар жаңы актыга киргизилген ченемдик укуктук буйрумдарга каршы келсе же аларда камтылса же болбосо өзүнүн маанисин иш жүзүндө жоготсо. күчүн жоготту деп эсептелүүгө тийиш деп белгиленген, ошондуктан "Кыргыз Республикасынын менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Мыйзамы Мыйзам долбоорунун 2-беренеси менен күчүн жоготту деп табуусун сунуштайбыз. "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы 2001-жылдын 1-февралында кабыл алынган, ал эми "Кыргыз Республикасынын менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Мыйзамы 1991-жылдын 20-декабрында күчүнө киргизилгендигин белгилеп кетебиз. Ошону менен бирге, Мыйзам долбоорун коомдук талкуудан өткөргөн учурда сунуштар жана пикирлер келип түшпөгөндүгүн белгилеп кетебиз. Ошондой эле, аталган Мыйзамдын кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды алып келбейт. Андан башка, өткөрүлгөн улуттук жана эл аралык Мыйзамдардын иштеп жаткан ченемдерин талдоонун жыйынтыгында, сунушталган Мыйзам долбоорунун ченемдери иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларына каршы келбейт. Кошумча иретинде, сунушталган Мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай тургандыгын билдиребиз.
Министр
А.Шыкмаматов
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Иштеп жаткан баяндамасы | Сунушталган баяндамасы |
|---|---|
| 1-статья. Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары Кыргыз Республикасында ишкерлердин укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарына, ушул Мыйзамга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт. Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө Мыйзамдар төмөнкүлөрдү караштырат: - ишкердиктин субъекттери катышуучу мамилелердин формаларынын көп түрдүүлүгүн ченемдик жактан бекемдөө; - ишкердиктин субъекттеринин айрым категорияларына дифференцияланган мамлекеттик колдоонун ишке ашырылышын камсыздоо; - ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртуучу принциптерди мыйзамдуу бекитүү. [Эгерде Кыргыз Республикасынын катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер каралса, анда эл аралык келишимдин ченемдери колдонулат.] | 1-статья. Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары Кыргыз Республикасында ишкерлердин укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарына, ушул Мыйзамга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт. Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө Мыйзамдар төмөнкүлөрдү караштырат: - ишкердиктин субъекттери катышуучу мамилелердин формаларынын көп түрдүүлүгүн ченемдик жактан бекемдөө; - ишкердиктин субъекттеринин айрым категорияларына дифференцияланган мамлекеттик колдоонун ишке ашырылышын камсыздоо; - ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртуучу принциптерди мыйзамдуу бекитүү. КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. |
| 2-статья. Ушул Мыйзамда пайдалануучу негизги түшүнүктөр Ишкердик (ишкердик жүргүзүү) деген жеке жана юридикалык жактардын өз атынан өзүнүн менчик же карызга алган каражаттарынын эсебинен, өз тобокели жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги астында киреше алуу үчүн жүргүзгөн демилгеси, өз алдынча экономикалык ишкердиги болуп эсептелет. Ишкердиктин субъекттери болуп мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана өзүнүн уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан, өз тобокели жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги астында пайда же жеке киреше табуу максатында мыйзамда тыюу салынбаган иш жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар эсептелет. [Концессия - мамлекет тарабынан жеке ишкерлерге, чет элдик фирмаларга өнөр жай ишканаларын иштетүү, ар кандай курулуштарды куруу, пайдалануу кендерди казып алуу укугу менен участоктордун эксплуатацияга берүү келишимди.] | 2-статья. Ушул Мыйзамда пайдалануучу негизги түшүнүктөр Ишкердик (ишкердик жүргүзүү) деген жеке жана юридикалык жактардын өз атынан өзүнүн менчик же карызга алган каражаттарынын эсебинен, өз тобокели жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги астында киреше алуу үчүн жүргүзгөн демилгеси, өз алдынча экономикалык ишкердиги болуп эсептелет. Ишкердиктин субъекттери болуп мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана өзүнүн уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан, өз тобокели жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги астында пайда же жеке киреше табуу максатында мыйзамда тыюу салынбаган иш жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар эсептелет. КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. |
| 3-статья. Ишкердиктин эркиндиги Ишкердиктин эркиндиги өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана [түзүлгөн эл аралык келишимдерде] белгиленген чектерде иш чөйрөсүн эркин тандап алуу; - иштин түрлөрүн жана аны жүзөгө ашыруунун программаларын эркин тандоо; - ишкердик иш-аракетти жүргүзүү үчүн юридикалык жана жеке жактардын мүлкүн жана каржылык каражаттарын ыктыярдуу негизде эркин тартуу; - эмгек жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин сактоо менен кызматкерлерди эркин жалдоо; - жалданып иштеген адамдардын эмгек акысын жана башка кирешелеринин формасын, тутумун жана өлчөмдөрүн өз алдынча, бирок Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу деңгээлден төмөн эмес белгилөө; - бардык мамилелерде контрагентти эркин тандоо; - ишти интеллектуалдык менчиктин негизинде өнүктүрүү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, сунуш кылынган товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө бааларды эркин коюу; - мамлекет тарабынан белгиленген негизги төлөмдөрдү төлөгөндөн, ошондой эле контрагенттердин алдындагы өзүнө алган милдеттенмелерди аткаргандан кийин калган накта кирешени тескөө эркиндиги; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердин өз алдынча тышкы экономикалык иш жүргүзүүсү, анын өзүнүн валюталык үлүшүнүн пайдасын өзү каалагандай пайдалануусу. | 3-статья. Ишкердиктин эркиндиги Ишкердиктин эркиндиги өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП САНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДЕ белгиленген чектерде иш чөйрөсүн эркин тандап алуу; - иштин түрлөрүн жана аны жүзөгө ашыруунун программаларын эркин тандоо; - ишкердик иш-аракетти жүргүзүү үчүн юридикалык жана жеке жактардын мүлкүн жана каржылык каражаттарын ыктыярдуу негизде эркин тартуу; - эмгек жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин сактоо менен кызматкерлерди эркин жалдоо; - жалданып иштеген адамдардын эмгек акысын жана башка кирешелеринин формасын, тутумун жана өлчөмдөрүн өз алдынча, бирок Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу деңгээлден төмөн эмес белгилөө; - бардык мамилелерде контрагентти эркин тандоо; - ишти интеллектуалдык менчиктин негизинде өнүктүрүү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, сунуш кылынган товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө бааларды эркин коюу; - мамлекет тарабынан белгиленген негизги төлөмдөрдү төлөгөндөн, ошондой эле контрагенттердин алдындагы өзүнө алган милдеттенмелерди аткаргандан кийин калган накта кирешени тескөө эркиндиги; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердин өз алдынча тышкы экономикалык иш жүргүзүүсү, анын өзүнүн валюталык үлүшүнүн пайдасын өзү каалагандай пайдалануусу. |
| 4-статья. Ишкерлерге берилчү кепилдиктер жана алардын укуктарын коргоо Мамлекет ишкерлерге менчигинин түрлөрүнө карабастан, төмөнкүлөрдү кепилдикке алат: - тең укуктуулук жана каржылык, эмгектик, табигый, маалыматтык жана интеллектуалдык ресурстарга бирдей укук жана мүмкүнчүлүк берүү; - атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү; - Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет мамлекеттерде [эл аралык макулдашуулардын] негиздеринде иштеп жаткан ишкердиктин субъекттеринин укуктары менен мыйзамдуу таламдарын коргоо. Тиешелүү органдардын мыйзамда белгиленген негиздердин жана ыйгарым укуктарынын чектеринен тышкары учурларда, ишкерлердин иштерине мамлекеттин жана анын органдарынын кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Мамлекет экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы ишкердикти колдоонун жана өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгууну жана аны жүзөгө ашырууну камсыздайт, инфраструктуралык жана институционалдык өзгөртүүлөрдү жүргүзөт, аларды ишке ашыруу үчүн ченемдик-укуктук, экономикалык-уюштуруучулук ыңгайлуу шарттарды түзөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган төлөмдөрдү белгилөөгө жана алууга тыюу салынат. | 4-статья. Ишкерлерге берилчү кепилдиктер жана алардын укуктарын коргоо Мамлекет ишкерлерге менчигинин түрлөрүнө карабастан, төмөнкүлөрдү кепилдикке алат: - тең укуктуулук жана каржылык, эмгектик, табигый, маалыматтык жана интеллектуалдык ресурстарга бирдей укук жана мүмкүнчүлүк берүү; - атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү; - Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет мамлекеттерде МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ САНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДИН негиздеринде иштеп жаткан ишкердиктин субъекттеринин укуктары менен мыйзамдуу таламдарын коргоо. Тиешелүү органдардын мыйзамда белгиленген негиздердин жана ыйгарым укуктарынын чектеринен тышкары учурларда, ишкерлердин иштерине мамлекеттин жана анын органдарынын кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Мамлекет экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы ишкердикти колдоонун жана өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгууну жана аны жүзөгө ашырууну камсыздайт, инфраструктуралык жана институционалдык өзгөртүүлөрдү жүргүзөт, аларды ишке ашыруу үчүн ченемдик-укуктук, экономикалык-уюштуруучулук ыңгайлуу шарттарды түзөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган төлөмдөрдү белгилөөгө жана алууга тыюу салынат. |
| 6-статья. Ишкердиктин субъекттерин мамлекеттик каттоо [Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана анын аймактык органдары тарабынан акысыз жүргүзүлөт. Мамлекеттик каттоо өтүнмө берүү мүнөзүндө болот жана "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт. Юридикалык жактарды юстиция органдарында мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда уруксат берүү мүнөзүнө ээ эмес, ал уюштуруу документтеринин тууралыгын тастыктоо иретинде жүргүзүлөт жана лицензиялоого жатпаган багыттар боюнча ишкердик ишти жүргүзүүнү баштоо үчүн негиз болот. Юридикалык жак түзбөгөн жеке жактарды мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте статистика органдарында, ал эми патенттик негизде жүргүзүлүүчү ишкердик - ишкердин жашаган жериндеги Мамлекеттик салык инспекциясынын органдарында жүргүзүлөт. Ишкердиктин субъекттерин мамлекеттик каттоо четке кагылганда сотко даттанууга болот.] | 6-статья. Ишкердиктин субъекттерин мамлекеттик каттоо ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫ МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КАТТООНУ КАМСЫЗ КЫЛУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ЖАНА АНЫН АЙМАКТЫК ОРГАНДАРЫ ТАРАБЫНАН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫ КАТТОО ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМДАРГА ЫЛАЙЫК ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫ КАТТООНУ КАМСЫЗ КЫЛУУ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДА МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНДА КАРАЛГАНДАН БАШКА УЧУРЛАРДА УРУКСАТ БЕРҮҮ МҮНӨЗҮНӨ ЭЭ ЭМЕС, ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫ, ФИЛИАЛДАРДЫ (ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРДҮ) МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО (КАЙРА КАТТОО) ФАКТЫСЫН ТАСТЫКТОО МАКСАТЫНДА ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. ЮРИДИКАЛЫК ЖАК ТҮЗБӨГӨН ЖЕКЕ ЖАКТАРДЫ МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ АНЫКТАГАН ТАРТИПТЕ ТИЕШЕЛҮҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН ТАРАБЫНАН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. ИШКЕРДИКТИН СУБЪЕКТТЕРИН МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО ЧЕТКЕ КАГЫЛГАНДА СОТКО ДАТТАНУУГА БОЛОТ. |
| 9-статья. Чет өлкөлүк ишкерлердин иш жүргүзүүсү Кыргыз Республикасында ишкердик иш жүргүзгөн чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар өз иш-аракеттеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, [түзүлгөн эл аралык келишимдерди] жетекчиликке алат жана Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары үчүн каралган тең укуктар менен милдеттерге ээ. | 9-статья. Чет өлкөлүк ишкерлердин иш жүргүзүүсү Кыргыз Республикасында ишкердик иш жүргүзгөн чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар өз иш-аракеттеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП САНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДИ жетекчиликке алат жана Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары үчүн каралган тең укуктар менен милдеттерге ээ. |
| 10-статья. Ишкердикти илимий жана кадрлык камсыздоо [Башкаруунун борбордук органдары, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары] жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана адистигин жогорулатуу боюнча окуу жайлар тармагын өнүктүрүү үчүн шарт түзүү, ишкердиктин актуалдуу проблемалары, боюнча алар үчүн кыска мөөнөттүү курстарды жана семинарларды, конференцияларды, симпозиумдарды уюштуруу боюнча чараларды жүргүзүшөт. | 10-статья. Ишкердикти илимий жана кадрлык камсыздоо МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫ жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана адистигин жогорулатуу боюнча окуу жайлар тармагын өнүктүрүү үчүн шарт түзүү, ишкердиктин актуалдуу проблемалары, боюнча алар үчүн кыска мөөнөттүү курстарды жана семинарларды, конференцияларды, симпозиумдарды уюштуруу боюнча чараларды жүргүзүшөт. |
| 20-статья. Ишкердиктин субъекттеринин мамлекеттик менчикти жеңилдетилген шартта менчиктештирүүсү Мамлекеттин менчигиндеги иштебей токтоп турган, консервацияланган жана майнапсыз иштеген ишканалар, өндүрүштүк аянттар, жабдуулар жана башка негизги каражаттар продукцияларды, товарларды чыгарууну жана тейлөөнү уюштуруу үчүн ишкердиктин субъекттерине ижаралык шартта, [Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү] боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен Программа жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кийин сатып алуу үчүн ижарага алуу жолу менен өткөрүп берилиши мүмкүн. Мамлекеттик мүлктү ишкердиктин субъекттерине жеңилдетилген шартта өткөрүп берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. | 20-статья. Ишкердиктин субъекттеринин мамлекеттик менчикти жеңилдетилген шартта менчиктештирүүсү Мамлекеттин менчигиндеги иштебей токтоп турган, консервацияланган жана майнапсыз иштеген ишканалар, өндүрүштүк аянттар, жабдуулар жана башка негизги каражаттар продукцияларды, товарларды чыгарууну жана тейлөөнү уюштуруу үчүн ишкердиктин субъекттерине ижаралык шартта, МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ БОЮНЧА боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен Программа жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кийин сатып алуу үчүн ижарага алуу жолу менен өткөрүп берилиши мүмкүн. Мамлекеттик мүлктү ишкердиктин субъекттерине жеңилдетилген шартта өткөрүп берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. |
| 20-1-БЕРЕНЕ. АТААНДАШТЫКТЫ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ КӨМӨКТӨШҮҮ МАМЛЕКЕТ ЭЭЛИК КЫЛУУЧУЛАРДЫН ОРТОСУНДАГЫ АТААНДАШТЫК ЭРКИНДИГИН МЫЙЗАМ ТАРАБЫНАН КАМСЫЗ КЫЛАТ, КЕРЕКТӨӨЧҮЛӨРДҮ ЧАРБАЛЫК ИШТИН КАНДАЙ ГАНА ЧӨЙРӨСҮНДӨ БОЛБОСУН, КАРА НИЕТ АТААНДАШТЫКТЫН ЖАНА МОНОПОЛИЗМДИН КӨРҮНҮШТӨРҮНӨН КОРГОЙТ. МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАР ӨЗДӨРҮ АТКАРГАН МИЛДЕТТЕРДИ ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН АТААНДАШТЫКТЫ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ КӨМӨКТӨШҮҮГӨ ЖАНА РЫНОКТОГУ МОНОПОЛИСТТИК ИШКЕ ЖОЛ БЕРБӨӨГӨ МИЛДЕТТҮҮ. | |
| 23-статья. Ишкердиктин субъекттеринин чарбалык талаштарды чечүүсү Ишкердиктин субъекттери доо арызы менен сотко кайрылган учурда, мамлекеттик алымды төлөө мөөнөтүн сот чечим чыгарганга чейин кийинкиге калтырууга мүмкүндүк берилет. Мында мамлекеттик алым жарандык [жана арбитраждык] процесстик мыйзамдарга ылайык төлөнөт. | 23-статья. Ишкердиктин субъекттеринин чарбалык талаштарды чечүүсү Ишкердиктин субъекттери доо арызы менен сотко кайрылган учурда, мамлекеттик алымды төлөө мөөнөтүн сот чечим чыгарганга чейин кийинкиге калтырууга мүмкүндүк берилет. Мында мамлекеттик алым жарандык процесстик мыйзамдарга ылайык төлөнөт. |
| 24-статья. Ишкердин жоопкерчилиги Ишкер сатып өткөргөн продукциялар (товар жана кызмат көрсөтүү) керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу жана мүлкү үчүн толугу менен коопсуз болууга, шайкеш сертификат күтүүгө, ошондой эле сатылып жаткан товар менен кызмат көрсөтүүнүн керектөө өзгөчөлүгү жөнүндө толук жана так маалымат болууга тийиш. Керектөөчүлөр менен эсептешүүнү кассалык же товардык чекти керектөөчүгө милдеттүү түрдө берүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук ылайык жүргүзүү керек. Ушундай талаптар бузулган учурда ишкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Сапатсыз товарларды (жумуш жана кызмат көрсөтүү) реализациялоодон улам чыккан ишкер менен керектөөчүнүн ортосундагы талаштар ["Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына] ылайык аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тикеден-тике байланышуу жана кайрылуу жолу менен, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо коомдоруна (ассоциацияларга жана союздарга) же сот аркылуу каралат. | 24-статья. Ишкердин жоопкерчилиги Ишкер сатып өткөргөн продукциялар (товар жана кызмат көрсөтүү) керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу жана мүлкү үчүн толугу менен коопсуз болууга, шайкеш сертификат күтүүгө, ошондой эле сатылып жаткан товар менен кызмат көрсөтүүнүн керектөө өзгөчөлүгү жөнүндө толук жана так маалымат болууга тийиш. Керектөөчүлөр менен эсептешүүнү кассалык же товардык чекти керектөөчүгө милдеттүү түрдө берүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук ылайык жүргүзүү керек. Ушундай талаптар бузулган учурда ишкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Сапатсыз товарларды (жумуш жана кызмат көрсөтүү) реализациялоодон улам чыккан ишкер менен керектөөчүнүн ортосундагы талаштар МЫЙЗАМДАРГА ылайык аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тикеден-тике байланышуу жана кайрылуу жолу менен, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо коомдоруна (ассоциацияларга жана союздарга) же сот аркылуу каралат. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 16 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (16)
- Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 01.02.2001 · № 15
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундоЗакон · 02.03.2002 · № 31
- Об общих началах разгосударствления, приватизации и предпринимательства в Республике КыргызстанЗакон · 20.12.1991 · № 683-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 57 · Күчүн жоготкон
- Атаандаштык жөнүндөЗакон · 22.07.2011 · № 116 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-майындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.05.2015 · № 297 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 12.09.1998 · № 121 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об общих началах разгосударствления, приватизации и предпринимательства в Кыргызской РеспубликеЗакон · 21.06.2002 · № 106 · Күчүн жоготкон
16 ичинен 11 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.