Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын кайра уюштуруу жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 15-февралы ПЖ № 43 Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын кайра уюштуруу жөнүндө (КР Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги ПЖ № 81, 2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 122, 2012-жылдын 24-сентябры ПЖ № 205 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан оптималдаштыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ага мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүн тейлөө боюнча Департаментти бириктирүү жолу менен кайра уюштурулсун.
(КР Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги ПЖ № 81 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
- ушул Жарлыктын тиркемесинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу ведомстволук мамлекеттик ишканалар менен мекеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонддун карамагына;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Ош атайын ооруканасы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын № 172 "Арген" бакча-яслиси мектепке чейинки мекемеси" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасынын карамагына;
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын № 27 "Звездочка" балдар бакчасы" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын карамагына. (КР Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги ПЖ № 81, 2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 122, 2012-жылдын 24-сентябры ПЖ № 205 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
3. (КР Президентинин 2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 122 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Президентинин 2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 122 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги ПЖ № 81 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонддун карамагына өткөрүп берилип жаткан мамлекеттик ишканалар менен мекемени ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктөрүн менчиктештирүү Программасына кошуу боюнча маселелерди карасын.
(КР Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги ПЖ № 81, 2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 122 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттагы "73" деген сандар "58" деген сандар менен алмаштырылсын.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасынын карамагына өткөрүп берилип жаткан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук мамлекеттик МЕКЕМЕЛЕРИ ЖАНА ИШКАНАЛАРЫ
(КР Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги ПЖ № 81, 2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 122 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Ысык-Көл - Аврора" санаторийи" мамлекеттик ишканасы.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Ысык-Көл" мейманкана-соода комплекси" мамлекеттик ишканасы.
3. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын № 54 Ысык-Көл асыл тукум жылкы заводу" мамлекеттик ишканасы.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Элита" мамлекеттик көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасы.
5. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын курулуш, инвестициялар жана соода башкармасы" мамлекеттик ишканасы.
6. "Асель" ательеси" мамлекеттик ишканасы.
7. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу коомдук маалыматтык борбор" мамлекеттик мекемеси.
8. (КР Президентинин 2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 122 Жарлыгына ылайык алынып салынды)
9. (КР Президентинин 2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 122 Жарлыгына ылайык алынып салынды)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- КР Президентинин 2012-жылдын 28-июнун ПБ № 99 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдындагы Кыргыз…Распоряжение · 28.06.2012 · № 99
- КР Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы ПЖ № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" жарлыгыУказ · 13.05.2011 · № 111
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-февралындагы № 144 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" токтомуПостановление · 24.02.2012 · № 144
- КР Президентинин 2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 122 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.06.2012 · № 122
- КР Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги ПЖ № 81 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 09.04.2012 · № 81
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3418-V "2011-жылдын 17-июнундагы № 710-C-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мамлекеттик кызматчыларынын жана башка…Постановление · 23.07.2013 · № 3418-V
- КР Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы ПЖ №205 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын кайра…Указ · 24.09.2012 · № 205 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы ПЖ № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" жарлыгыУказ · 13.05.2011 · № 111
- КР Президентинин 2012-жылдын 25-июнундагы ПЖ № 122 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.06.2012 · № 122
- КР Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги ПЖ № 81 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 09.04.2012 · № 81
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.