Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментин кайра уюштуруу маселелери жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 11 декабря 2015 года № 854 "О вопросах Государственной службы миграции при Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-12-11.
КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 11-декабры № 854 токтомуна ылайык кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 3-июну № 311 Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментин кайра уюштуруу маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92 жана 93-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаменти Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине аны кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыккан чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментин кайра уюштуруу 2013-жылы министрликке каралган каражаттардын жана бекитилген штаттык сандын чектеринде жүргүзүлсүн.
4. "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
11-пункттагы "88", "74" жана "358" цифралары тиешелүү түрдө "103", "45" жана "372" цифраларына алмаштырылсын.
5. "Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 122 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин башкаруу схемасында:
"Тышкы миграция департаменти" позициясы күчүн жоготту деп табылсын; "Манас" жаштар борбору" позициясындагы "жаштар борбору" деген сөздөр "республикалык жаштар ордосу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. Күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаменти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 139 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 токтомунун 3 жана 4-пункттары.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (8)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-октябрындагы № 407-б (Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментинин негизги фондуларын…Распоряжение · 01.10.2013 · № 407-р
- КР Өкмөтнүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2015 · № 888
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 122 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-декабрындагы № 854 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.12.2015 · № 854 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаменти жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 139 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 28 декабрындагы № 888 токтомуПостановление · 28.12.2015 · № 888
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.04.2013 · № 212 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 122 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-декабрындагы № 854 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.12.2015 · № 854 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаменти жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 139 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.04.2013 · № 212 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15