Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25 - майындагы № 240 « Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине „Эл“ жана „Эмгек сиңирген“ деген ардактуу наамдар үчүн үстөк акылар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 25-майы № 240 Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине "Эл" жана "Эмгек сиңирген" деген ардактуу наамдар үчүн үстөк акылар жөнүндө Социалдык чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин жана уюмдардын "Эл" жана "Эмгек сиңирген" деген ардактуу наамдары бар кызматкерлерине ай сайынкы үстөк акы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:
- "Эл" деген ардак наам үчүн - 5000 сом;
- "Эмгек сиңирген" деген ардак наам үчүн - 2500 сом.
"Эл" жана "Эмгек сиңирген" деген ардак наамдар үчүн үстөк эмгек акынын курамына кирет, айлык орточо эмгек акынын эсебине киргизилет. Үстөк акы негизги иштеген жери боюнча, ставкасынын өлчөмүнө карабастан толук өлчөмдө төлөнөт. Кызматкердин эки жана андан көп ардак наамдары болсо, үстөк акы кызматкердин каалоосу боюнча алардын бирөө үчүн гана төлөнөт. Ардак наам календарлык айдын ичинде берилгенде үстөк акы андан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып белгиленет.
2. Бул токтом "СССРдин эл жазуучусу", "СССРдин эл акыны", "СССРдин эл сүрөтчүсү", "СССРдин эл артисти", "СССРдин эл мугалими" деген наамы бар адамдарга колдонуулары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги, Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык жактан коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 332 "Элдик" деген ардактуу наамы бар адамдардын эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын театр-оюн-зоок мекемелеринин "эл" жана "эмгек сиңирген" деген наамдары бар артисттерине үстөк акынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-августундагы № 574 "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" жана "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наамдары бар маданият жана искусство кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтому.
5. Бул токтом 2011-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жана билим берүү жана маданият бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (11)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы №507 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 240 «Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине…Постановление · 25.08.2011 · № 507
- Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429…Положение · 27.08.2019 · № 429
- Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө Жобо (К Р Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 18 токтому менен бекитилген)Положение · 15.01.2013 · № 18
- Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары, иштеген жылдары үчүн үстөктөрдү белгилөө жана төлөө тартиби жөнүндө жобо…Положение · 25.04.2026 · № 291
- Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө ЖОБОПоложение · 25.04.2026 · № 288
- КРӨкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы № 332 "Элдик" деген ардактуу наамы бар адамдардын эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтомуПостановление · 06.06.2003 · № 332 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-январындагы №31 «Кыргыз Республикасынын театр-оюн-зоок мекемелеринин «эл» жана «эмгек синирген» деген наамдары бар артисттерине үстөк акынын өлчөмүн…Постановление · 19.01.2006 · № 31 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-августундагы № 574 "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" жана "Кыргыз Республикасынын маданиятына сиңирген ишмер" деген…Постановление · 11.08.2006 · № 574 · Күчүн жоготкон
- Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын…Положение · 30.03.2022 · № 185 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы №413 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү реформалоонун 2011-2015-жылдарга карата концепциясын…Постановление · 26.07.2011 · № 413 · Күчүн жоготкон
- Калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 токтомуна)…Положение · 30.03.2022 · № 184 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КРӨкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы № 332 "Элдик" деген ардактуу наамы бар адамдардын эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтомуПостановление · 06.06.2003 · № 332 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-январындагы №31 «Кыргыз Республикасынын театр-оюн-зоок мекемелеринин «эл» жана «эмгек синирген» деген наамдары бар артисттерине үстөк акынын өлчөмүн…Постановление · 19.01.2006 · № 31 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-августундагы № 574 "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" жана "Кыргыз Республикасынын маданиятына сиңирген ишмер" деген…Постановление · 11.08.2006 · № 574 · Күчүн жоготкон