Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын театр-оюн-зоок мекемелеринин «эл» жана «эмгек синирген» деген наамдары бар артисттерине үстөк акынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 25 мая 2011 года № 240 "О надбавках за почетные звания "Народный" и "Заслуженный" работникам учреждений и организаций социальной сферы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-05-25.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 240 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2006-жылдын 19-январы № 31 "Кыргыз Республикасынын театр-оюн-зоок мекемелеринин "эл" жана "эмгек сиңирген" деген наамдары бар артисттерине үстөк акынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 21-ноябрындагы № 392 "Кыргыз Республикасынын театр-оюн-зоок мекемелеринин "эл" жана "эмгек сиңирген" деген наамдары бар артисттерине үстөк акынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын театр-оюн-зоок мекемелеринин "эл" жана "эмгек сиңирген" деген наамдары бар артисттерине үстөк акынын өлчөмү 50 процентке көбөйтүлсүн.
2. "Эл" жана "эмгек сиңирген" ардактуу наамдары үчүн үстөк акысы негизги иштеген жери боюнча, Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча аныкталган кызмат акыга жана тарифтик ставкага карата белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги 2006-жылга каралган эмгекке акы төлөө фондунун чектеринде зарыл ассигнование жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын котролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом 2006-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25 - майындагы № 240 " Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине "Эл" жана "Эмгек сиңирген" деген ардактуу наамдар үчүн үстөк…Постановление · 25.05.2011 · № 240
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 21-ноябрынын № 392 " Кыргыз Республикасынын театр-оюн-зоок мекемелеринин «эл» жанан «эмгек синирген» деген наамдары бар…Указ · 21.11.2004 · № 392