Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-05-17.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 17-майы № 236 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене.
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезитинин 2009-жылдын 6-февралындагы № 9 санына жарыяланган) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-берененин экинчи абзацында "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр "аткаруучу" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 3-беренеде:
1) биринчи бөлүктө "мамлекеттик менчикте" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын менчигинде гана" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 4-бөлүктө:
"аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр "аткаруучу" деген сөз менен алмаштырылсын; "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлк укугун каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин тиешелүү органынын" деген сөздөр "кыймылсыз мүлккө укукту каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 6-берененин экинчи бөлүгүндө "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр "аткаруучу" деген сөз менен алмаштырылсын.
4. 14-берененин биринчи бөлүгүндө "мамлекеттик менчиктеги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын менчигинде гана" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 16-беренеде:
1) биринчи бөлүктөгү "кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды" деген сөздөр алып салынсын;
2) экинчи бөлүктөгү "жергиликтүү каттоо органдарында" деген сөздөр "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Колдонуудагы редакция | Сунуш кылынган редакция |
|---|---|
| 2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр | 2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр |
| Жайыт - мал жайып оттотулуучу жана жерди эсепке алуу маалыматтарында чагылдырылган дагы башка максаттарга пайдаланылуучу чөп баскан айыл чарба жерлеринин түрү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу өкүлчүлүктүү, [аткаруучу-тескөөчү] жана башка органдар. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - жайыттарды башкаруу жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик орган. Жайыттардын чектерин белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен убактылуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия. Жайыт инфраструктурасынын объекттери - курулмалар, көпүрөлөр, жолдор, мал айдап өтүүчү трассалар, мал туруучу жана сугаруучу аянттар, койлорду дары сууга чөмүлтүүчү бактар, жайылуучу мал жана анын мезгилдүү туруусу үчүн арналган кашарлар жана тосулган жерлер, малчылардын тиешелүү курулмалары, жайыттарды күтүү жана аларды иштетүү үчүн зарыл болгон башка кыймылсыз мүлк. Оптималдуу жүк - малды жайыт чөбүнүн ботаникалык курамына, анын өндүрүмдүүлүгүнө жана экологиялык бүтүндүгүнө зыян тийгизбестен жаюуга мүмкүндүк берилүүчү аянтка бөлүнгөн мал башынын саны. Жайыт пайдалануучулар - жайыт пайдаланууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары. Жайыт пайдалануучулардын бирикмеси - жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймагындагы жайыттарды пайдаланууга карата тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жайыт пайдалануучуларынын таламдарын талашуучу коомдук уюм. Жайыт комитети - жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин аткаруу органы. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы - мамлекеттик менчиктеги жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 5 жылдык мөөнөттү камтыган план. Жайыттарды пайдалануунун жылдык планы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагындагы жайыттардын уруксат берилген жана макулдашылган пайдалануусун аныктоочу план. Жайыт белети - жайытка кирүүгө жана аны пайдаланууга укук ырастоочу документ. Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу - жайыт ресурстарын мал жаюудан башка максаттар үчүн пайдалануу, аларга аң уулоо, капкан коюу, бал чарбачылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, пайдалуу кендерди аз санда казып алуу, туризм жана жарандардын эс алуусу таандык, бирок чектелбейт. Мал айдап өтмө жолдор - жайыттар ортосунда малды айдап өтүү же өткөрүү үчүн жайыт комитети тарабынан аныкталган жайыт участоктору. | Жайыт - мал жайып оттотулуучу жана жерди эсепке алуу маалыматтарында чагылдырылган дагы башка максаттарга пайдаланылуучу чөп баскан айыл чарба жерлеринин түрү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу өкүлчүлүктүү, АТКАРУУЧУ жана башка органдар. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - жайыттарды башкаруу жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик орган. Жайыттардын чектерин белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен убактылуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия. Жайыт инфраструктурасынын объекттери - курулмалар, көпүрөлөр, жолдор, мал айдап өтүүчү трассалар, мал туруучу жана сугаруучу аянттар, койлорду дары сууга чөмүлтүүчү бактар, жайылуучу мал жана анын мезгилдүү туруусу үчүн арналган кашарлар жана тосулган жерлер, малчылардын тиешелүү курулмалары, жайыттарды күтүү жана аларды иштетүү үчүн зарыл болгон башка кыймылсыз мүлк. Оптималдуу жүк - малды жайыт чөбүнүн ботаникалык курамына, анын өндүрүмдүүлүгүнө жана экологиялык бүтүндүгүнө зыян тийгизбестен жаюуга мүмкүндүк берилүүчү аянтка бөлүнгөн мал башынын саны. Жайыт пайдалануучулар - жайыт пайдаланууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары. Жайыт пайдалануучулардын бирикмеси - жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймагындагы жайыттарды пайдаланууга карата тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жайыт пайдалануучуларынын таламдарын талашуучу коомдук уюм. Жайыт комитети - жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин аткаруу органы. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы - мамлекеттик менчиктеги жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 5 жылдык мөөнөттү камтыган план. Жайыттарды пайдалануунун жылдык планы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагындагы жайыттардын уруксат берилген жана макулдашылган пайдалануусун аныктоочу план. Жайыт белети - жайытка кирүүгө жана аны пайдаланууга укук ырастоочу документ. Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу - жайыт ресурстарын мал жаюудан башка максаттар үчүн пайдалануу, аларга аң уулоо, капкан коюу, бал чарбачылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, пайдалуу кендерди аз санда казып алуу, туризм жана жарандардын эс алуусу таандык, бирок чектелбейт. Мал айдап өтмө жолдор - жайыттар ортосунда малды айдап өтүү же өткөрүү үчүн жайыт комитети тарабынан аныкталган жайыт участоктору. |
| 3-берене. Жайытка болгон менчик укугу жана анын чектерин аныктоо 1. Жайыттар [мамлекеттик менчикте] турат. 2. Жайыттардын тышкы чектери учурдагы администрациялык-аймактык бирдиктердин чектерин эске алуу менен мурдагы советтик жана коллективдик чарбалардын чектери боюнча бөлүштүрүүнүн негизинде белгилениши керек. 3. Эки же андан көп жыл колдонулбай калган жайыт участкалары райондун жайыт фонду катары түзүлүшү мүмкүн. Райондук кеңештин макулдугу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын башка жайыт пайдалануучуларына пайдаланууга берилиши мүмкүн. 4. Жайыттардын тышкы чектерин белгилөө жергиликтүү мамлекеттик администрация түзгөн жергиликтүү комиссия тарабынан жүргүзүлүшү керек. Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чектеш ар бир аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун [аткаруучу-тескөөчү] органдарынын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чектеш аймактарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин өкүлдөрү, облустук мамлекеттик администрациянын жана [Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлк укугун каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин тиешелүү органынын] жер жайгаштыруу боюнча адистери кирет. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык түзүлгөн комиссиялар же облустук жумушчу топтордун комиссиялары чече албаган талаш-тартыштарды чечүүгө ыйгарым укуктуу, жайыттардын чектерин белгилөөгө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жайыттын тышкы чектерине карата акыркы сунуштарды даярдоону камсыз кылуучу мамлекеттик комиссия түзүлүшү мүмкүн. Бул комиссия ар бир облуста жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда жайыттардын чектери боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салууга ыйгарым укуктуу жумушчу топторду түзүүгө жана ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү комиссиялар менен аныкталган жайыттын чектерин бекитүүгө жана мамлекеттик комиссияга берүүгө укуктуу. 6. Жайыттардын тышкы чектерин бекитүү жайыттын чектерин белгилөө боюнча мамлекеттик комиссиянын сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт. | 3-берене. Жайытка болгон менчик укугу жана анын чектерин аныктоо 1. Жайыттар КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЕНЧИГИНДЕ ГАНА турат. 2. Жайыттардын тышкы чектери учурдагы администрациялык-аймактык бирдиктердин чектерин эске алуу менен мурдагы советтик жана коллективдик чарбалардын чектери боюнча бөлүштүрүүнүн негизинде белгилениши керек. 3. Эки же андан көп жыл колдонулбай калган жайыт участкалары райондун жайыт фонду катары түзүлүшү мүмкүн. Райондук кеңештин макулдугу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын башка жайыт пайдалануучуларына пайдаланууга берилиши мүмкүн. 4. Жайыттардын тышкы чектерин белгилөө жергиликтүү мамлекеттик администрация түзгөн жергиликтүү комиссия тарабынан жүргүзүлүшү керек. Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чектеш ар бир аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун АТКАРУУЧУ органдарынын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чектеш аймактарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин өкүлдөрү, облустук мамлекеттик администрациянын жана КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛККӨ УКУКТУ КАТТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫНЫН жер жайгаштыруу боюнча адистери кирет. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык түзүлгөн комиссиялар же облустук жумушчу топтордун комиссиялары чече албаган талаш-тартыштарды чечүүгө ыйгарым укуктуу, жайыттардын чектерин белгилөөгө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жайыттын тышкы чектерине карата акыркы сунуштарды даярдоону камсыз кылуучу мамлекеттик комиссия түзүлүшү мүмкүн. Бул комиссия ар бир облуста жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда жайыттардын чектери боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салууга ыйгарым укуктуу жумушчу топторду түзүүгө жана ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү комиссиялар менен аныкталган жайыттын чектерин бекитүүгө жана мамлекеттик комиссияга берүүгө укуктуу. 6. Жайыттардын тышкы чектерин бекитүү жайыттын чектерин белгилөө боюнча мамлекеттик комиссиянын сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт. |
| 6-берене. Жайыт комитет 1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруучу органы болуп жайыт комитети эсептелет. 2. Жайыт комитети жайыт пайдалануучулардын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын депутаттарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун [аткаруучу-тескөөчү] органынын башчыларынан турат. 3. Жайыт пайдалануучулар өзүнүн өкүлдөрүн жайыт комитетине шайлашат. 4. Жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн саны так эмес болушу, ал эми жайыт пайдалануучулар бирикмесинин өкүлдөрү жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн көпчүлүк санын түзүшү керек. 5. Жайыт комитетинин ыйгарым укуктары: - жайыттарды пайдалануу боюнча жамааттын планын иштеп чыгуу; - жайыттарды пайдалануунун жылдык планын иштеп чыгуу; - жайыттарды пайдалануу боюнча жамааттын планынын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын жоболорун ишке ашыруу; - жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү; - жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыт белеттерин берүү; - жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө жана жыйноо, аларды жергиликтүү кеңеште милдеттүү бекитүү; - өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында жайыттарды пайдаланууга тийиштүү талаш-тартышттарды чечүү; - жайыттарды жана башка ресурстарды пайдалануу үчүн акы төлөөдөн түшкөн, жайыт инфраструктурасына инвестиция катары жөнөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аларды кармоого, башкарууга жана жакшыртууга жиберилген кирешелерди башкаруу. 6. Жайыт комитетин түзүү, уюштуруу тартиби жөнүндө, жамааттардын планын жана жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык пландарды иштеп чыгуунун тартиби жөнүндө, жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөөнүн тартиби жөнүндө типтүү жоболор жайыт жерлерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. 7. Жайыттарды пайдалануу пландарын иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда жайыт комитети квалификациялуу адистерди, ошондой эле тиешелүү мекемелерди жана уюмдарды тартууга укуктуу. | 6-берене. Жайыт комитет 1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруучу органы болуп жайыт комитети эсептелет. 2. Жайыт комитети жайыт пайдалануучулардын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын депутаттарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун АТКАРУУЧУ органынын башчыларынан турат. 3. Жайыт пайдалануучулар өзүнүн өкүлдөрүн жайыт комитетине шайлашат. 4. Жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн саны так эмес болушу, ал эми жайыт пайдалануучулар бирикмесинин өкүлдөрү жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн көпчүлүк санын түзүшү керек. 5. Жайыт комитетинин ыйгарым укуктары: - жайыттарды пайдалануу боюнча жамааттын планын иштеп чыгуу; - жайыттарды пайдалануунун жылдык планын иштеп чыгуу; - жайыттарды пайдалануу боюнча жамааттын планынын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын жоболорун ишке ашыруу; - жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү; - жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыт белеттерин берүү; - жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө жана жыйноо, аларды жергиликтүү кеңеште милдеттүү бекитүү; - өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында жайыттарды пайдаланууга тийиштүү талаш-тартышттарды чечүү; - жайыттарды жана башка ресурстарды пайдалануу үчүн акы төлөөдөн түшкөн, жайыт инфраструктурасына инвестиция катары жөнөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аларды кармоого, башкарууга жана жакшыртууга жиберилген кирешелерди башкаруу. 6. Жайыт комитетин түзүү, уюштуруу тартиби жөнүндө, жамааттардын планын жана жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык пландарды иштеп чыгуунун тартиби жөнүндө, жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөөнүн тартиби жөнүндө типтүү жоболор жайыт жерлерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. 7. Жайыттарды пайдалануу пландарын иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда жайыт комитети квалификациялуу адистерди, ошондой эле тиешелүү мекемелерди жана уюмдарды тартууга укуктуу. |
| 14-берене. Жайыт жерлерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү [мамлекеттик менчиктеги] жайыт жерлерди пайдалануу маселелерин жөнгө салуу боюнча саясатты жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт. 2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет: - жайыттарды пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын программаларын жана мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; - мамлекеттик стандарттарды жана жайыттардын мониторингин, абалын жана сапатын баалоо ыкмасын аныктоо; - жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүүнүн программасынын ишке ашырылышын көзөмөлдөө; - жайыттарды пайдалануу маселелери боюнча типтүү жоболорду, нускамаларды, эрежелерди жана башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле усулдук материалдарды иштеп чыгуу; - жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды тескөө боюнча жамааттын пландарын жана жайыттарды пайдалануу пландарын колдонууга мониторинг жүргүзүү; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жайыт комитетине жайыттарды пайдаланууда техникалык жана башка жардам көрсөтүү. | 14-берене. Жайыт жерлерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЕНЧИКТИГИНЕ ГАНА жайыт жерлерди пайдалануу маселелерин жөнгө салуу боюнча саясатты жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт. 2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет: - жайыттарды пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын программаларын жана мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; - мамлекеттик стандарттарды жана жайыттардын мониторингин, абалын жана сапатын баалоо ыкмасын аныктоо; - жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүүнүн программасынын ишке ашырылышын көзөмөлдөө; - жайыттарды пайдалануу маселелери боюнча типтүү жоболорду, нускамаларды, эрежелерди жана башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле усулдук материалдарды иштеп чыгуу; - жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды тескөө боюнча жамааттын пландарын жана жайыттарды пайдалануу пландарын колдонууга мониторинг жүргүзүү; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жайыт комитетине жайыттарды пайдаланууда техникалык жана башка жардам көрсөтүү. |
| 16-берене. Жайыттарды пайдалануу укугун мамлекеттик каттоо 1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жайыттарды пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган чектердин алкагында белгиленген тартипте милдеттүү түрдө [кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды] мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. 2. Жайыт белетинин негизинде жайыттарды үч жылдан ашык пайдалануу укугу [жергиликтүү каттоо органдарында] мамлекеттик каттоодон милдеттүү түрдө өткөрүлүүгө тийиш. Жайыт белетинин негизииде жайыттарды үч жылга жетпеген мөөнөткө пайдалануу укугу белет алуучунун каалоосу боюнча катталышы мүмкүн. | 16-берене. Жайыттарды пайдалануу укугун мамлекеттик каттоо 1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жайыттарды пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган чектердин алкагында белгиленген тартипте милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. 2. Жайыт белетинин негизинде жайыттарды үч жылдан ашык пайдалануу укугу КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛККӨ УКУКТАРДЫ КАТТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫНДА мамлекеттик каттоодон милдеттүү түрдө өткөрүлүүгө тийиш. Жайыт белетинин негизинде жайыттарды үч жылга жетпеген мөөнөткө пайдалануу укугу белет алуучунун каалоосу боюнча катталышы мүмкүн. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 16-июнундагы № 636-V "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 16.06.2011 · № 636-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 16-июнундагы № 637-V "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 16.06.2011 · № 637-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 16-июнундагы № 638-V "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл…Постановление · 16.06.2011 · № 638-V
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 "«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 19.06.2009 · № 386
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү реформалоонун 2011-2015-жылдарга карата КОНЦЕПЦИЯСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Концепция · 17.05.2011 · № 237 · Күчүн жоготкон