Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-04-26.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 26-апрели № 192 «Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-апрелиндеги № 192 токтому менен жактырылган
«Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Э.Төрөбаев, А.М.Режавалиев, Т.У.Шайназаров демилге кылган «Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт. Мыйзамдын берилген долбоору этностук кыргыздар-кайрылмандар жеке пайдалануу, ошондой эле өндүрүштүк, ишкердик жана башка коммерциялык иштер үчүн бажы чек арасы аркылуу товарларды, товардык-материалдык баалуулуктарды (жабдууларды, инвентарларды ж.б.) алып өтүүдө аларга салык салуунун жеңилдетилген шарттарын белгилөөнү карайт. Мыйзам долбоорунда сунушталган нормалар, айрым алганда этностук кыргыздар-кайрылмандар өндүрүштүк, ишкердик жана башка коммерциялык иштер үчүн арналган товардык-мактериалдык баалуулуктарды алып келген учурда үч жылга чейинки мезгилге салыктар жана жыйымдар боюнча жеңилдетилген тарифтерди белгилөө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинин 6-бөлүгүнө карама-каршы келет, ага ылайык Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары болуп саналбаган мыйзамдарга, ушул Салык кодексинде каралган учурлардан тышкары, салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу нормаларды киргизүүгө тыюу салынат. Салык төлөөчүлөрдүн айрым категорияларына берилүүчү, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралбаган ар кандай салык жеңилдиктери салык салуунун негизги принциптеринин бири болгон адилеттүүлүк принцибинин бузулушуна алып келет. Бул принцип салык төлөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн экономикалык иштин бирдей шарттарын жана салыктарды салык төлөөчүлөрдүн ортосунда адилеттүүлүк жана теңдештирүү принциби боюнча бөлүштүрүүнүн механизмин түзүүнү карайт. Экономикалык иштин кайсы бир түрүнө салык жеңилдиктерин бергенде, мамлекет албай калган кирешелердин ордун толтуруу үчүн иштин башка түрлөрүнө салык төлөмдөрүн жогорулатууга аргасыз болот. Мына ушунун айынан салык жүктөмүн тең эмес бөлүштүрүү келип чыгат. Этностук кыргыздарга - кайрылмандарга өндүрүштүк, ишкердик жана башка иштер үчүн арналган жабдууларга жана башка товардык-материалдык баалуулуктарга салыктык жана бажылык артыкчылыктарды берүү мындан сырткары жекече мүнөздөгү салык жеңилдиктерин берүү катары квалификацияланып, салыктык башкарууну кыйла татаалдатат, аталган артыкчылыктарды ак ниет эмес салык төлөөчүлөрдүн кыянаттык менен пайдалануулары боюнча терс көрүнүштөрдү жаратат. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 201-беренесинин 1-бөлүгүндө жеке жактын, анын ичинде жеке ишкер болуп саналгандардын өндүрүштүк, ишкердик же коммерциялык башка иш үчүн арналган товарларды алып өтүшү Бажы кодексине ылайык жалпы тартипте жүргүзүлөрү аныкталган. Бажылык тарифтер жана салыктык жеңилдиктер Бажы, Салык кодекстерине жана «Кыргыз Республикасынын бажы тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет. Көчкөндөр мурда өздөрүнө менчик укугунда таандык жана өндүрүштүк, ишкердик же башка коммерциялык максаттарга арналбаган товарларды Кыргыз Республикасына туруктуу жашоочу жерине алып кирүүсүндө, алардын салмагына, санына, баасына карабастан алып келиши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 токтому менен бекитилген Жеке адамдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана автотранспортторду алып өтүүсү жөнүндө нускамага ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөдөн толук бошотуу менен жана жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонбостон жөнөкөйлөтүлгөн жеңилдиктүү тартипте ишке ашырыла тургандыгын белгилөө керек. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (7)
- Тарыхый мекенине кайтып келуучу этникалык кыргыздарга берилуучу мамлекеттик кепилдиктер жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу тууралуЗакон · 18.07.2008 · № 157
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндөЗакон · 29.03.2006 · № 81 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 31 декабря 2004 года №976 "Об утверждении Инструкции о перемещении товаров и автотранспорта через государственную границу Кыргызской Республики…Постановление · 31.12.2004 · № 976 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөЗакон · 26.11.2007 · № 175
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 токтому менен бекитилген Жеке адамдардын товарларды жана автотранспортту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик…Постановление · 31.12.2004 · № 976 · Күчүн жоготкон