Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Тарыхый мекенине кайтып келуучу этникалык кыргыздарга берилуучу мамлекеттик кепилдиктер жонундо» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу тууралу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2008-жылдын 18-июлу № 157
"Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу
1-берене.
"Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" газетасы, 2007-жылдын 4-декабры, № 99) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьяда:
биринчи абзацындагы "өзүн кайрылман деп таануу жөнүндө өтүнүч берген" деген сөздөр "кайрылман статусун алган" деген сөздөр менен алмаштырылсын; статья төмөндөгүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "этникалык кыргыз - чет өлкөнүн жарандыгына ээ кыргыз улутундагы адам же жарандыгы жок кыргыз улутундагы адам.".
2. 7-статьяда:
1-бөлүгүндө "ички иштер органдарына" деген сөздөр алып салынсын; статья төмөндөгүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын: "Кайрылман" күбөлүгүнүн үлгүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
3. 8-статьянын 1-бөлүгүндөгү биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кайрылман статусун берүү жөнүндөгү өтүнүч катка өтүнүч берүүчүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте төмөндөгүдөй мыйзамдаштырылган документтери тиркелет:".
4. 13-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-статья. Миграция боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кайрылмандын статусун берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимине даттануу
Адамга кайрылмандын статусун берүүдөн баш тарткан учурда чечимдин көчүрмөсү чечим кабыл алынган күндөн тартып бир ай мөөнөттө жеке анын өзүнө тапшырылат же баш тартуунун себептерин жана кабыл алынган чечимге даттануунун тартибин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү билдирүү жөнөтүлөт. Кайрылмандын статусун берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.".
5. 15-статьянын 1-бөлүгүнүн жетинчи жана сегизинчи абзацтары алып салынсын.
6. 16-статьянын төртүнчү абзацында жана 18-статьянын биринчи абзацында "менчикке" деген сөз "Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууда кийин жеке менчикке өткөрүп берүү менен бекер мөөнөтсүз пайдаланууга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 17-статьянын 1-бөлүгүнүн бешинчи жана алтынчы абзацтары алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөЗакон · 26.11.2007 · № 175
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-апрелиндеги №192 "«Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 26.04.2011 · № 192 · Күчүн жоготкон