Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Жер бөлүп берүү менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө токтому» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 19 марта 2014 года № 169 "Об утверждении Временного положения о порядке перевода (трансформации) земельных участков"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-03-19.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 8-декабры № 312 Жер бөлүп берүү менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө токтому (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомуна ылайык) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, жер участокторун бир категориядан башка категорияга же жерлерди бир түрдөн башка түргө которуу (трансформациялоо) боюнча жер жайгаштыруу иштерин кароонун процессин оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 «Жерлерди бир категориядан башка категорияга же бир түрдөн башка түргө которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер участокторун бир категориядан башка категорияга же жерлерди бир түрдөн башка түргө которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө жободо:
24-пункттагы «же жер пайдалануучу» деген сөздөр алып салынсын; 29-пункттагы «жана жер пайдалануучу» деген сөздөр алып салынсын; 35-пункттагы «ургаалдуу пайдалануудагы же алыскы» деген сөздөр алып салынсын; 36-пунктта: «алыскы жайыттар» деген сөздөр алып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: «Жайыт жерлерин жердин башка категориясына которууда райондун мамлекеттик администрациясы жайыт жерлерин которуу жөнүндө чечим чыгарат, ал чечим жер-эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү органына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына белгиленген тартипте жиберилет.»; 38-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын; 39-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «39. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы берилген материалдар ушул Жобонун нормаларына туура келгенде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун даярдайт, ал милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана жаратылыш ресурстар министрликтери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги менен макулдашуудан өткөрүлөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте жиберилет.».
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 29 «Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому; «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 29 «Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 153 токтому;
- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 29 «Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 804 токтому.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (10)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтому менен бекитилген Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун…Положение · 22.01.2008 · № 19
- Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 1-мартындагы № 6 “Жер участогун бир категориядан экинчи категорияга которуу” токтомуПостановление · 01.03.2018 · № 6
- Дара айылдык кеңешинин 2014-жылдын 12-сентябрындагы № 2 "Айыл ѳкмѳтγнγн Сары Талаа айылынын аймагындагы Алтын жылга участкасынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берγγ…Постановление · 12.09.2014 · № 2
- Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2013-жылдын 21-майындагы № 1/1 "К.О.Бурканованын арызын кароо жөнүндө" токтомуПостановление · 21.05.2013 · № 1/1
- Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2012-жылдын 03-апрелиндеги №5 "(« Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттук байланыштын коргоонун жана башка жерлер»…Постановление · 03.04.2012 · № 5
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби…Постановление · 22.01.2008 · № 19 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 19.03.2014 · № 169 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 16 января 2002 года N 29 "Об утверждении Положения о Республиканской комиссии по вопросам, связанным с отводом земель"Постановление · 16.01.2002 · № 29 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №804 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 29 "Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык…Постановление · 25.12.2009 · № 804 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 12 апреля 2005 года № 153 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 16 января 2002 года № 29 "Об утверждении…Постановление · 12.04.2005 · № 153 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Постановление Правительства КР от 16 января 2002 года N 29 "Об утверждении Положения о Республиканской комиссии по вопросам, связанным с отводом земель"Постановление · 16.01.2002 · № 29 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 19.03.2014 · № 169 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби…Постановление · 22.01.2008 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 12 апреля 2005 года № 153 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 16 января 2002 года № 29 "Об утверждении…Постановление · 12.04.2005 · № 153 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №804 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 29 "Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык…Постановление · 25.12.2009 · № 804 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение о Республиканской комиссии по вопросам, связанным с отводом земель ( Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 16 января 2002 года N 29)Положение · 16.01.2002 · № 29
- Петровка айылдык кенешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы № 84-15 «Жер тилкесин калктуу конуштарга трансформациядан өткөрүү жөнүндө» токтомуПостановление · 26.12.2018 · № 84-15