Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чоң-Алай айылдык кеңешинин «(« Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттук байланыштын коргоонун жана башка жерлер» категориясына которууну (трансформация) макулдук берүү)» токтому
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чоң-Алай айылдык округдук кеңешинин төртүнчү чакырылышынын кезектеги он тогузунчу сессиясы
2012-жылдын 03-апрели №5 (« Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттук байланыштын коргоонун жана башка жерлер» категориясына которууну (трансформация ) макулдук берүү) Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11,12-беренелерине ,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №312 токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы №19 токтому менен бекитилген жобонун талаптарына жана өзүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы 17-катына ылыйык Чоң-Алай айылдык округдук Кеңешинин IV чакырылышынын ХIX кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы ченемдик актыларды жетекчиликке алуу менен бирге Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар Министирлиги тарабынан «Кайди» жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген АЕ 1632, АЕ1633 лицензияларында көрсөтүлгөн «Лебобережний Кара-Казык» участкасынан 100га, «Рудное тело» №2 участкасынан 70 га жер аянттары « Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттук байланыштын коргоонун жана башка жерлер» категориясына которууну (трансформация ) макулдук берүү менен бирге тийиштүү органдарга сунушталсын.
2. Бардык мыйзам чегинде төлөнүүчү төлөмдөр өз мөөнөтундө төлөө жагы, тийиштүү талап кылынган иш кагаздарды камсыздоо райондук мамлекеттик администрациясы менен келишимдерди түзүү «Кайди» жоопкерчилиги чектелген коомуна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзмөлгө алуу жагы пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, айыл чарба боюнча комитетине тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык округдук кеңешинин төрагасы
А. Алипбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №312 "Жер бөлүп берүү менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө токтому" токтомуПостановление · 08.12.2010 · № 312 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби…Постановление · 22.01.2008 · № 19 · Күчүн жоготкон