Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин «К.О.Бурканованын арызын кароо жөнүндө» токтому
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин VIII–(бешинчи шайланган) сессиясы
2013-жылдын 21-майы № 1/1
К.О.Бурканованын арызын кароо жөнүндө
Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Кайрагач участкасында № 819 контурда жайгашкан айыл чарба багытындагы 5,37 кайракы жер аянтын башка багытка которуу жөнүндөгү Бурканова Клара Омарбековнанын арызын, айылдык кенештин айыл чарба, агроөнөржай, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссия сынын сунушун карап жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кенеши : ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайрагач айлындагы К.О.Бурканованын женке менчигиндеги № 819 контурда жайгашкан айыл чарба багытындагы 5,37 га кайракы жер аянтын Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 20-беренесинин шартын эске алып өнөр жайдын категориясына которуу жагы сунушталсын.
2. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 8-декабрындагы № 312 токтомунун 6, 36 пункттарынын негизинде Кайрагач айлын дагы К.О.Бурканованын жеке менчигиндеги № 819 контурда жайгашкан айыл чарба багытындагы 5,37 кайракы жер аянтын өнөр жай багытына которуу боюнча мыйзамдардын талаптарына ылайык тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кара-Суук райондук шаар курулуш жана архитектура, жерге жайгаштыруу жана укуктарды каттоо башкармалыктарынан - Кайрагач айлындагы К.О.Бурканованын жеке менчигиндеги № 819 контурда жайгашкан айыл чарба багытындагы 5,37 кайракы жер аянтын өнөр жай багытына которуу боюнча мыйзамдардын талаптарына ылайык тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, агроөнөржай, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы
Б. Жунусов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №312 "Жер бөлүп берүү менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө токтому" токтомуПостановление · 08.12.2010 · № 312 · Күчүн жоготкон