Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 3 июня 2019 года № 263 "Об утверждении Перечня видов экономической деятельности, осуществляемых предприятиями пищевой и перерабатывающей промышленности (кроме производства подакцизной группы товаров), перерабатывающими отечественное сельскохозяйственное сырье, производящими уплату НДС с уменьшением на 80 процентов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-06-03.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 18-ноябры № 278 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги Пайдага салыктан 3 жыл мөөнөткө бошотулууга тийиш болгон (товарлардын акцизделүүчү тобун чыгарууга пайдаланылчудан башка) айыл чарба продукциясын өнөр жайлык иштетүүчү тамак аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.»;
- 3-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 3 жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга жаткан айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын (товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылгандардан бөлөк) тизмесине киргизүүгө тандап алуунун критерийлеринде жана тартибинде:
- 2-пунктунун үчүнчү абзацы «салыктык карызы» деген сөздөрдөн мурда «Тизмеге киргизилчү жылдын 1-октябрына карата» деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Тизме Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет. Тизмеге толуктоолор жылына бир жолу, өтүп жаткан жылдын 25-декабрынан кечиктирбестен киргизилет. Тизмеге киргизилген ишканалар пайдага салыкты төлөөдөн 3 жылга, Тизме бекитилген жылдан кийинки жылдын 1-январынан баштап бошотулушат.»;
- 4-пунктунда:
биринчи абзацындагы «Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигине» деген сөздөр «Экономикалык жөнгө салуу министрлигине» деген сөздөргө алмаштырылсын; үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында: «пайда салыгы боюнча декларациянын» деген сөздөр «бирдиктүү салык декларациясынын» деген сөздөргө алмаштырылсын; «салыктык» деген сөздөн кийин «анын ичинде проценттер, үстөктөр жана салыктык санкциялар (салыктык карыз, ашыкча төлөө)»деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пунктунда:
биринчи жана үчүнчү абзацтарындагы ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү «Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү «Экономикалык жөнгө салуу министрлиги» деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи абзацы «курамына» деген сөздөн кийин «мамлекеттик органдардын,» деген сөздөр менен толукталсын; бешинчи абзацынын төртүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги комиссиянын протоколдук чечиминин негизинде ишкананы Тизмеге киргизүү жөнүндө токтомдун долбоорун иштеп чыгат жана аны бекитүү үчүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өтүп жаткан жылдын 15-декабрынан кечиктирбестен жиберет, тандоо критерийине ылайык келбесе ал жөнүндө ишканага маалымдайт.».
2. Бул токтом расмий жарыялангандан отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы №517 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча…Постановление · 12.08.2009 · № 517 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 токтомуПостановление · 03.06.2019 · № 263
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы №517 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча…Постановление · 12.08.2009 · № 517 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 "Кошумча нарк салыгын 80 пайызга төмөндөтүү менен төлөгөн ата мекендик айыл чарба сырьёсун иштетүүчү тамак-аш жана…Постановление · 03.06.2019 · № 263 · Күчүн жоготкон