Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 3 июня 2019 года № 263 "Об утверждении Перечня видов экономической деятельности, осуществляемых предприятиями пищевой и перерабатывающей промышленности (кроме производства подакцизной группы товаров), перерабатывающими отечественное сельскохозяйственное сырье, производящими уплату НДС с уменьшением на 80 процентов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-06-03.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 12-августу N 517 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы N 222, 2010-жылдын 18-ноябрындагы N 278, 2012-жылдын 26-январындагы N 57, 2012-жылдын 25-сентябрындагы N 630, 2013-жылдын 3-майындагы N 226, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 190, 2017-жылдын 5-октябрындагы № 646 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 239-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга жаткан айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын (товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылгандардан бөлөк) тизмесине киргизүүгө тандап алуунун критерийлери жана тартиби;
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 226 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-январындагы N 57, 2013-жылдын 3-майындагы N 226, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 190 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Пайдага салыктан 3 жыл мөөнөткө бошотулууга тийиш болгон (товарлардын акцизделүүчү тобун чыгарууга пайдаланылчудан башка) айыл чарба продукциясын өнөр жайлык иштетүүчү тамак аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы N 278, 2012-жылдын 25-сентябрындагы N 630 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы N 278 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом 2009-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министри
И. Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы N 517 токтому менен бекитилген
Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга жаткан айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын (товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылгандардан бөлөк) тизмесине киргизүүгө тандап алуунун КРИТЕРИЙЛЕРИ ЖАНА ТАРТИБИ (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы N 278, 2012-жылдын 26-январындагы N 57, 2012-жылдын 25-сентябрындагы N 630, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 190, 2017-жылдын 5-октябрындагы № 646 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул критерийлер ишканаларды Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык Пайда салыгын төлөөдөн бошотулган тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесине (мындан ары - Тизме) киргизүү үчүн иштелип чыккан.
2. Тизмеге төмөнкү критерийлерге ылайык келген айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары киргизилет:
- ишкананын иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы N 9 "Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторунун 01, 10,11, 13, 15-бөлүмдөрүнүн тийиштүү подкласстарында көрсөтүлгөн иштин түрлөрүнө ылайык келет;
- салыктык карызы жок болсо.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-январындагы N 57, 2017-жылдын 5-октябрындагы № 646 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Тизме Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет.
Тизмеге толуктоолор жылына бир жолу, өтүп жаткан жылдын 25-декабрынан кечиктирбестен киргизилет. Тизмеге киргизилген ишканалар пайдага салыкты төлөөдөн Тизме бекитилген жылдан кийинки жылдын 1-январынан баштап бошотулушат. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы N 278, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 190 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Ушул критерийлердин 2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген ишканалар жыл сайын 1-октябрдан 1-ноябрга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине арыз менен кайрылууга укуктуу.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- юридикалык жактар үчүн - бирдиктүү салык декларациясынын жана юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин органдарында мамлекеттик катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү, салыктык бирдиктүү салык декларациясынын катталган жери боюнча аймактык салык органынын салыктык карыздарынын жоктугу жөнүндө маалымкаты;
- статистиканын аймактык органынын иш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы N 9 "Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторунун 01, 10,11, 13, 15-бөлүмдөрүнө ылайыктыгы жөнүндө маалымкаты.
- статистиканын аймактык органынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 25-ноябрындагы N 640 "Кыргыз Республикасынын "Экономикалык ишмердиктин түрлөрү" Мамлекеттик классификатору жөнүндө" токтому менен бекитилген, экономикалык иштердин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторунун (мындан ары - ЭИМК) 01.11.9 классында жана 15 жана 17-бөлүмдөрдө көрсөтүлгөн ишканалардын ишинин түрүнө ылайыктыгы жөнүндө маалымкаты.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы N 278, 2012-жылдын 26-январындагы N 57, 2012-жылдын 25-сентябрындагы N 630 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Арыз жана ага тиркелген материалдар Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги түзгөн комиссия тарабынан каралат.
Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын, тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тармактык ассоциацияларынын, союздарынын жана башка бирикмелеринин өкүлдөрү кирет. Комиссиянын ишин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги камсыз кылат. Комиссия өзүнүн ишин жыйналыштарды өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырат. Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышса, укук ченемдүү болот. Комиссиянын чечими комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Комиссиянын ишкананы Тизмеге киргизүү жөнүндө протоколдук чечими Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин коштомо каты менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине 15-декабрдан кечиктирилбей жиберилет. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги комиссиянын протоколдук чечиминин негизинде ишкананы Тизмеге киргизүү жөнүндө токтомдун долбоорун иштеп чыгат жана аны бекитүү үчүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өтүп жаткан жылдын 15-декабрынан кечиктирбестен жиберет, тандоо критерийине ылайык келбесе ал жөнүндө ишканага маалымдайт. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы N 278 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы N 517 токтому менен бекитилген
Ата мекендик айыл чарба сырьесун кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылгандардан бөлөк) берүүчү, 3 жылдык мөөнөткө кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган берүү болуп саналган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ТИЗМЕСИ (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 226 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 "Кошумча нарк салыгын 80 пайызга төмөндөтүү менен төлөгөн ата мекендик айыл чарба сырьёсун иштетүүчү тамак-аш жана…Постановление · 03.06.2019 · № 263 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 226 "6 жылдык мөөнөткө кошумча нарк салыгынан бошотулуучу ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү…Постановление · 03.05.2013 · № 226 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 токтомуПостановление · 03.06.2019 · № 263
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 11 апрелиндеги № 190 токтомуПостановление · 11.04.2016 · № 190
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 26-январындагы №57 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин…Постановление · 26.01.2012 · № 57 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин…Постановление · 25.09.2012 · № 630 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы №278 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин…Постановление · 18.11.2010 · № 278 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы №222 "«2009-жылдын 12-августундагы № 517 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 112-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана…Постановление · 30.09.2010 · № 222 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 646 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.10.2017 · № 646 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (10)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.01.2011 · № 9
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 226 "6 жылдык мөөнөткө кошумча нарк салыгынан бошотулуучу ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү…Постановление · 03.05.2013 · № 226 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 "Кошумча нарк салыгын 80 пайызга төмөндөтүү менен төлөгөн ата мекендик айыл чарба сырьёсун иштетүүчү тамак-аш жана…Постановление · 03.06.2019 · № 263 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы №278 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин…Постановление · 18.11.2010 · № 278 · Күчүн жоготкон
10 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №14 "Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 14
- Постановление Правительства КР от 14 июля 1999 года N 396 "О ходе реализации постановления Правительства Кыргызской Республики от 9 марта 1999 года N 136 "О мерах по погашению…Постановление · 14.07.1999 · № 396 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 25 ноября 1999 года N 640 "О Государственном классификаторе Кыргызской Республики "Виды экономической деятельности"Постановление · 25.11.1999 · № 640 · Күчүн жоготкон
- Государственный Классификатор КР "Виды экономической деятельности" ( Утвержден постановлением Правительства Кыргызской Республики от 25 ноября 1999 года N 640)Классификатор · 25.11.1999 · № 640 · Күчүн жоготкон