Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-августундагы № 154 „Аскер кызматчыларына пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө“ токтомун күчүн жоготту деп табуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 13-сентябры № 513 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-августундагы № 154 "Аскер кызматчыларына пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп табуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88 жана 90-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле 2011-жылдын 4-январындагы Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун чечиминин жана 2013-жылдын 25-апрелиндеги мыйзам бузууларды жоюу тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-августундагы № 154 "Аскер кызматчыларына пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечиминин долбоорун эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жана коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 010-жылдын 9-августундагы №154 "Аскер кызматчыларына пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.08.2010 · № 154 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Өкмөтүнүн 010-жылдын 9-августундагы №154 "Аскер кызматчыларына пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.08.2010 · № 154 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.