Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 25 декабря 2018 года № 606 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-12-25.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 5-марты № 135 "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324, 2012-жылдын 12-октябрындагы № 716 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын натыйжалуу аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Терроризмди (зкстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контроль эрежелерине коюлуучу жалпы талаптар жөнүндө жобо;
- Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоо жана верификациялоо жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана маалымат берүүчү жактар тарабынан маалыматтарды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына берүү тартиби жөнүндө жобо;
- Жалпыланган материалды берүү жана карап чыгуу жөнүндө жобо;
- Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, каражаттарды бир калыпта кармоо жана бошотуу тартиби жөнүндө жобо;
- Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы чара көрүү маселелери боюнча кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо тартиби жөнүндө жобо;
- Көзөмөлдөө органдарынын тизмеси жана алардын ыйгарым укуктары жөнүндө жобо;
- Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жактардын тизмеси жөнүндө жобо.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 2012-жылдын 12-октябрындагы № 716 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдүк кылуу мамлекеттик кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 2012-жылдын 12-октябрындагы № 716 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
.
7-тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 135 токтому менен бекитилген
Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы чара көрүү маселелери боюнча кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы чара көрүү маселелери боюнча кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы чара көрүү маселелери боюнча кадрларды даярдоонун жана кайра даярдоонун жалпы тартибин белгилейт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
ОУБ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын окуу-усулдук борбору; Финансылык чалгындоо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы; ТЭК/КЛАКА - терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы чара көрүү; маалымат берүүчү жактар - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн жактар; кадрлар - маалымат берүүчү жактардын кызматкерлери жана ТЭК/КЛАКА маселелери менен иш жүргүзгөн бөлөк кызыкдар адамдар; ички контроль кызматы - ТЭК/КЛАКА максатында ички контроль эрежелерин жүзөгө ашырууга жана Финансылык чалгындоого билдирүүлөрдү берүүгө жооптуу маалымат берүүчү жактын ыйгарым укуктуу кызматкери же түзүмдүк бөлүгү.
2. Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо тартиби
3. Маалымат берүүчү жак ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, ошондой эле өзүнүн ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндө өз кызматкерлерин даярдоо жана кайра даярдоо графигин иштеп чыгат.
4. Маалымат берүүчү жактын жетекчиси (же анын ыйгарым укуктуу адамы) ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндө окуудан өтүүгө жана өз кызматкерлери (алар бар болгон учурда) үчүн окутуу жүргүзүүнү уюштурууга милдеттүү.
5. ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндө адистердин кесиптик деңгээлин ырааттуу жогорулатуу жана аларды даярдоо максатында маалымат берүүчү жактардын кадрларын даярдоо жана кайра даярдоо ОУБда гана ишке ашырылат.
6. ОУБда ТЭК/КЛАКА маселелерин жүргүзгөн маалымат берүүчү жактардын кызматкерлери окушат. Маалымат берүүчү жактын жетекчиси (же анын ыйгарым укуктуу адамы) ТЭК/КЛАКА максатында окуудан өтүүгө тийиш болгон кызматкерлердин тизмесин бекитет.
Маалымат берүүчү жактар өздөрүнүн эсебинен ички контроль кызматынын кызматкерлерин жана башка кызматкерлерди (алардын ыктыярына жараша), анын ичинде жетекчилерди жана алардын орун басарларын ОУБда окутууну жылына бир жолудан кем эмес (окутуу графигине ылайык) өткөрүүгө милдеттүү. Ички контроль кызматынын кызматкерлери ОУБда окуудан өтүүгө тийиш, анын ичинде төмөнкүдөй учурларда:
- ички контроль кызматына ишке алынып жатканда;
- Кыргыз Республикасынын ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндөгү жаңы ченемдик укуктук актылары кабыл алынганда;
- кызматкерлер ТЭК/КЛАКА боюнча ички контроль системасынын талаптарын бузушканда;
- жумуш берүүчүнүн (же анын ыйгарым укуктуу адамынын) чечими боюнча.
Окутуунун уюштурулушу жана өз убагында болушу үчүн жоопкерчиликти маалымат берүүчү жактын жетекчиси тартат.
7. ОУБда ТЭК/КЛАКА маселелери менен иш жүргүзгөн Финансылык чалгындоонун, көзөмөл органдарынын кызматкерлери жана башка кызыкдар адамдар да окушат.
8. ОУБда ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндө кадрларды окутуу окуучулардын ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан окутуу программасына ылайык жүргүзүлөт.
Окутуу программасы төмөнкүлөрдү караштырууга тийиш:
а) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндө маалымат берүүчү жактын ички документтерин окуп-үйрөнүүнү;
б) кызматкер кызматтык милдеттерин аткарып жатканда ички контролду жүзөгө ашыруу эрежелерин жана жол-жоболорун, ошондой эле ТЭК/КЛАКА жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын жана ички контролду уюштуруу жана жүзөгө ашыруу максатында кабыл алынган маалымат берүүчү жактардын уюштуруу-тескөө документтерин аткарбагандыгы үчүн кызматкерге карата колдонулушу мүмкүн болгон жоопкерчилик чараларын окуп-үйрөнүүнү;
в) терроризмди (экстремизмди) каржылоонун жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) типологияларын, мүнөздүү схемаларын жана ыкмаларын, ошондой эле шектүү (адаттан тыш) операцияларды жана бүтүмдөрдү айкындоонун критерийлерин жана алардын белгилерин окуп-үйрөнүүнү;
г) окутуу программасына ылайык, башка материалдарды окуп-үйрөнүүнү.
9. Окутуу планына ылайык окуусун аяктаган адамдар жыйынтыктоочу сынак тапшырышат. Жыйынтыктоочу сынакты өткөрүү тартиби жана сынакты алуу боюнча комиссиянын курамы ОУБнун чечими менен аныкталат.
Жыйынтыктоочу сынакты ийгиликтүү тапшырган адамдарга ОУБ мамлекеттик мааниге ээ документ болуп саналган, белгиленген үлгүдөгү сертификатты берет.
3. Кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону каттоо
10. Маалымат берүүчү жак өзүнүн кызматкерлеринин окуудан өткөндүгүн каттоону маалымат берүүчү жактын жетекчиси тарабынан белгиленген тартипте жүргүзөт.
Кызматкердин окуудан өткөндүгүн тастыктоочу документтер кызматкердин өздүк көктөмөсүнө тиркелет.
11. ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндө даярдалган кадрларды борборлоштуруп каттоо максатында ОУБ тийиштүү маалыматтар базасын түзөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (10)
- КР Өкмөтүнө караштуу финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын 2017-жылдын 23-январындагы № 1/нпа "Тизмектерди маалымдамаларды, типтүү формаларды жана нускамаларды бекитүү…Приказ · 23.01.2017 · № 1/нпа
- "Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, Кыргыз Республикасындагы алмашуу…Положение · 30.06.2010 · № 52/5
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 486-б (Иш-чаралар планын аткаруу боюнча Ведомстволор аралык планын бекитүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 09.10.2012 · № 486-р · Күчүн жоготкон
- Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, каражаттарды бир калыпта кармоо жана бошотуу тартиби жөнүндө ЖОБОПоложение · 05.03.2010 · № 135 · Күчүн жоготкон
- "Жалпыланган материалды берүү жана карап чыгуу жөнүндө" ЖОБОПоложение · 05.03.2010 · № 135 · Күчүн жоготкон
- "Көзөмөлдөө органдарынын тизмеси жана алардын ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 135 токтому менен бекитилген)Положение · 05.03.2010 · № 135 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №135 "Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого)каршы аракеттенүү боюнча…Положение · 05.03.2010 · № 135 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана маалымат берүүчү жактар тарабынан маалыматтарды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик…Положение · 05.03.2010 · № 135 · Күчүн жоготкон
- "Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жактардын тизмеси жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын…Положение · 05.03.2010 · № 135 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №135 "Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү…Положение · 05.03.2010 · № 135 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө"…Постановление · 25.12.2018 · № 606 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери тууралуу" токтомуПостановление · 28.05.2012 · № 324 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы №647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.10.2011 · № 647
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.07.2015 · № 543
- Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 31.07.2006 · № 135 · Күчүн жоготкон