Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 ноября 2025 года № 739 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики "О противодействии финансированию преступной деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-11-14.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 25-декабры № 606 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2022-жылдын 18-августундагы № 463, 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтому)
"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;
- Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо, 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө жобо, 4-тиркемеге ылайык;
- Финансылык чалгындоо органынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо, 5-тиркемеге ылайык;
- Террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө жобо, 6-тиркемеге ылайык;
- Операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу, тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүндүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби жөнүндө жобо, 7-тиркемеге ылайык;
- Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин электрондук маалымат базасы жөнүндө жобо, 8-тиркемеге ылайык;
- Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алынып өткөн декларацияланган накталай акча каражаттарынын жана көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин электрондук маалымат базасы жөнүндө жобо, 9-тиркемеге ылайык;
- Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө жобо, 10-тиркемеге ылайык;
- Ички контролдоо программасына коюлуучу жалпы талаптар жөнүндө жобо, 11-тиркемеге ылайык;
- Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 12-тиркемеге ылайык;
- Эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобо, 13-тиркемеге ылайык;
- Террористтик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо, 14-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 135 "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери тууралуу" токтомунун 1-пунктунун экинчи абзацы, 2-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары, 3 жана 10-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябрындагы № 716 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-октябрындагы № 721 "Кыргыз Республикасынын чегинен мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылып кеткен активдерди артка кайтаруу боюнча чаралар тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 2-24 абзацтары.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрындагы № 106 жарыяланды
Премьер-министри
М. Абылгазиев
1-тиркеме
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын КУРАМЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-августундагы № 463 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы, Комиссиянын төрагасынын орун басары. Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун директору; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 12 · цитата келтиргендер: 51 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (51)
- Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички…Постановление · 19.08.2020 · № 2020-П-14/46-4-(ПС)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомуна карата 1-тиркеме Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш…Положение · 14.08.2019 · № 2019-П-12/42-1-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомуна карата 2-тиркемеПоложение · 14.08.2019 · № 2019-П-12/42-1-(НПА
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августу № 2019-П-12/42-1-(НПА) "Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди…Постановление · 14.08.2019 · № 2019-П-12/42-1-(НПА)
- Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө ЖОБО ( Кыргыз…Положение · 26.05.2010 · № 36/7
- "Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 токтому менен бекитилген)Положение · 09.12.2015 · № 76/8
- Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 06.08.2018 · № 87
- Мамлекеттик жана жеке нотариустардын кесиптик ишине текшерүү жүргүзүүнүн тартибиПорядок · 29.12.2023 · № 218
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.07.2015 · № 543
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2016 · № 104
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электрондук колтамга жөнүндө", "Террористтик ишин каржылоого жана кылмыштуу…Постановление · 12.06.2020 · № 335
- КР Улуттук Банкы 2020-жылдын 18-мартындагы № 2020-П-14/12-3-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 "Банктык чекене кызмат…Постановление · 18.03.2020 · № 2020-П-14/12-3-(ПС)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 40 "2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай…Постановление · 28.01.2022 · № 40
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабры № 2021-П-14/75-4-(НПА) "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм…Постановление · 29.12.2021 · № 2021-П-14/75-4-(НПА)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери тууралуу" токтомуПостановление · 28.05.2012 · № 324 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик санариптик платформа аркылуу санариптик формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн убактылуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын…Порядок · 25.02.2020 · № 113 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №135 "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 05.03.2010 · № 135 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна "Ички контролдоо программасына коюлуучу жалпы талаптар жөнүндө ЖОБО"Положение · 25.12.2018 · № 606 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна "Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО"Положение · 25.12.2018 · № 606 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы…Положение · 25.12.2018 · № 606 · Күчүн жоготкон
51 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (12)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө"…Постановление · 18.08.2021 · № 143
- Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 06.08.2018 · № 87
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү…Постановление · 14.11.2025 · № 739
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2016 · № 104
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.07.2015 · № 543
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери тууралуу" токтомуПостановление · 28.05.2012 · № 324 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-октябры № 721 "Кыргыз Республикасынын чегинен мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылып кеткен активдерди артка кайтаруу боюнча…Постановление · 17.10.2012 · № 721 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябры № 716т "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомуПостановление · 12.10.2012 · № 716 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.07.2014 · № 373 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-августундагы № 463 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 "Террористтик ишти каржылоого…Постановление · 18.08.2022 · № 463 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 18 мая 2016 года № 264 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О вопросах Государственной службы…Постановление · 18.05.2016 · № 264 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы №…Положение · 30.09.2019 · № 2019-П-14/50-2-(ПС)
- Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке резидент эмес жактардын банктык эсептерин ачуу жана тейлөө жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын…Временное положение · 23.01.2024 · № 16
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.07.2014 · № 373
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 "Террористтик ишти каржылоого…Постановление · 07.10.2024 · № 605
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 "Террористтик ишти каржылоого жана…Постановление · 03.07.2023 · № 331 · Күчүн жоготкон