Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бир терезе» борбору» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 27-августу № 539 "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 756, 2014-жылдын 27-январындагы № 55, 2020-жылдын 9-январындагы № 2, 2021- жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы № 315 "Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү концепциясы жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө" жана 2009-жылдын 4-февралындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси жөнүндө" токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдында "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 55 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
21. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин чектүү саны 26 штаттык бирдик саны менен (тейлөө жана техникалык персоналды эсепке албаганда) белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 756 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик…Постановление · 02.02.2010 · № 54
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-майындагы № 191-б (Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Чек аралык кызматтарды жакшыртуу" региондук долбоору боюнча каржылоо…Распоряжение · 21.05.2013 · № 191-р
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бир Терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫУказ · 27.08.2009 · № 539 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.01.2020 · № 2 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана…Постановление · 06.06.2007 · № 211
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы №315 "Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү концепциясы жөнүндө"токтомуПостановление · 19.06.2008 · № 315 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-февралындагы №76 "Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси…Постановление · 04.02.2009 · № 76 · Күчүн жоготкон
- КР Кыргыз Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30 октябрындагы № 756 "Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.10.2012 · № 756 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик…Постановление · 14.10.2016 · № 549 · Күчүн жоготкон