Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-статья. Кинематографияны мамлекеттик каржылоонун шарттары жана тартиби
Күчүндө · 21.02.2018 редакциясы
Кинематографияны жарым-жартылай мамлекеттик каржылоо кинематографияны мамлекеттик колдоонун түрлөрүнүн бири болуп саналат. Мамлекеттик каржылоо аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органы тарабынан республикалык бюджеттин тиешелүү финансылык жылга кинематография үчүн каралган чыгымдарынын чектеринде кинематография уюмуна, улуттук фильмдин продюссерине, жүгүртүүчүсүнө, көрсөтүүчүсүнө каражаттарды бөлүп берүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Кинематографияны мамлекеттик каржылоо тиешелүү финансылык жылга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн кеминде 0,1 пайызы өлчөмүндө белгиленет. Кинематографияны мамлекеттик каржылоонун шарттары жана тартиби аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органы тарабынан аныкталат жана аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органынын жана улуттук фильмдин продюссеринин, жүгүртүүчүсүнүн, көрсөтүүчүсүнүн ортосундагы тиешелүү келишимдер менен бекемделет. Мамлекеттик каржы аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органынын жана улуттук фильмдин продюссеринин, жүгүртүүчүсүнүн, көрсөтүүчүсүнүн ортосундагы келишимде каралгандан башка максаттарга пайдаланылышы мүмкүн эмес.
Берененин тексти 21.02.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/919/st-9" title="9-статья - Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>