8-статья. Кинематографияга мамлекеттик колдоо көрсөтүү
Күчүндө · 21.02.2018 редакциясы
Кинематографияга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн түрлөрү төмөндөгүлөр: кинематография жаатында мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларын кабыл алуу; мамлекеттик заказдарды жана киносанжыраны толук мамлекеттик каржылоо; улуттук фильмдерди тартууну, нускасын көбөйтүүнү, жүгүртүүнү жана көрсөтүүнү жарым-жартылай мамлекеттик каржылоо; кинематография уюмдарынын ишине жеңилдик берүү менен валюталык жана башка жөнгө салуу болуп саналат. Кинематографияга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн негизги чаралары: улуттук фильмдерди, анын ичинде балдар жана өспүрүмдөр үчүн фильмдер менен улуттук дебют-фильмдерди түзүүгө; кинематографиянын материалдык-техникалык базасын сактоого жана өнүктүрүүгө; улуттук фильмдерди жүгүртүү жана көрсөтүү үчүн шарттарды түзүүгө; билим берүү жана илимий-техникалык программаларды ишке ашырууга; кинофестивалдарды жана башка маданий иш-чараларды өткөрүүгө; эл аралык кинофестивалдарга жана башка маданий иш-чараларга катышууга багытталууга тийиш. Кинематографиянын бардык уюмдары мамлекеттик колдоо алууга укуктуу.
III глава Кинематографияны мамлекеттик каржылоо
Берененин тексти 21.02.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/919/st-8" title="8-статья - Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>