7-статья. Аткаруу бийлигинин кинематографияны мамлекеттик колдоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу республикалык органы
Күчүндө · 21.02.2018 редакциясы
Кинематографияны мамлекеттик колдоону жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укук Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органына жүктөлөт. Аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органы жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Аткаруу бийлигинин кинематография жаатындагы республикалык органынын ишинин негизги багыттары: кинематография жаатындагы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорун иштеп чыгуу; мамлекеттик программалардын киноматографияны сактоого жана өнүктүрүүгө тиешеси бар бөлүгүн иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; республикалык бюджеттин кинематографияга кеткен чыгымдар жагын иштеп чыгууга катышуу; кинематографиянын инфраструктурасын өнүктүрүүнү координациялоо; Кыргыз Республикасынын аймагында фильмдерди жүгүртүүнү, көрсөтүүнү жөнгө салуу, фильмдин укуктуу ээлерин коргоо, көрөрмандар аудиториясынын курактык категориясын аныктоо максатында фильмдерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана аларга жүгүртүү күбөлүгүн берүү; улуттук фильм жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана бекитүү; улуттук фильмдин күбөлүгүн берүү; кинематография жаатында билим берүүнү, кинематография илимин өнүктүрүүгө жана кинематографияда иштеген чыгармачыл, инженердик-техникалык жана башка кесиптеги адистерди даярдоого көмөк көрсөтүү; кинематография жаатындагы мамлекеттик статистикалык отчеттуулук тутумун иштеп чыгуу, кинематография уюмдарынын реестрин жүргүзүү; кинематография жаатында эл аралык байланыштарды өнүктүрүү, кинематографиянын эл аралык уюмдарында, комиссияларында өкүл болуу, кеңешмелерге, конференцияларга жана башка иш-чараларга катышуу болуп саналат.
Берененин тексти 21.02.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/919/st-7" title="7-статья - Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>