Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-10-21.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 15-январы № 11 Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-августундагы № 151, 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Мамлекеттик администрациялык имараттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу жана мамлекеттик органдарды жайгаштыруу менен байланышкан маселелерди ыкчам чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына караштуу Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жана кармоо боюнча департаментти анын балансында турган мамлекеттик администрациялык имараттары менен кошо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын карамагына эки жумалык мөөнөттө өткөрүп берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына караштуу Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жана кармоо боюнча департаментти өзүнүн карамагына өткөрүп алсын жана белгиленген тартипте аны кайра уюштурууну жүргүзсүн;
- ушул токтомдон келип чыккан башка маселелерди чечсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду:
министрликтердин, ведомстволордун жана облустук мамлекеттик администрациялардын сунуштары боюнча мамлекеттик органдарды, уюмдарды жана ишканаларды республиканын региондорундагы мамлекеттик имараттарга жана жайларга жайгаштыруу жөнүндө чечим чыгарат; Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын, министрликтердин, ведомстволордун, облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик администрациялык имараттарынын реестрин бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик администрациялык имараттардын реестрине киргизилген мамлекеттик администрациялык имараттарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги менен бирдикте белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Мамлекеттик имараттар департаментинин балансына өткөрүүнү-кабыл алууну камсыздайт; Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Мамлекеттик имараттар департаментинин балансында турган, бир мамлекеттик орган жайгашкан мамлекеттик администрациялык имараттарды кийинки күтүлүшүн жана эксплуатацияланышын контролдоо менен ошол мамлекеттик органга белгиленген тартипте пайдаланууга берүүгө укуктуу. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-августундагы № 151, 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-июлундагы № 429 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын административдик имараттарды пайдаланышы боюнча жыйынды реестрди бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин балансына "Манас" кинотеатрынын имаратын өткөрүп берүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-октябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратын жайгаштыруу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-мартындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-октябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратын жайгаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 16-апрелиндеги "Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды башкаруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-декабрындагы № 830-б буйругу.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри
Д.Үсөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (11)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-декабрындагы № 206-р (Кызматтык жайдын акысыз пайдалануу шартында бекитип берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 13.12.2010 · № 206-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-январындагы № 6-б (Имаратты өткөрүп берүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 13.01.2011 · № 6-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 27-б (Имаратты өткөрүп берүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 09.02.2011 · № 27-р
- КР Премьер-министрин 2010-жылдын 15-январындагы № 11 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңешти бекитүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 15.01.2010 · № 11
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы N 370 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 16-апрелиндеги "Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана…Постановление · 12.06.2009 · № 370 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 20 июля 2000 года № 429 "Об утверждении Сводного реестра по использованию административных зданий органами государственного управления…Постановление · 20.07.2000 · № 429 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-октябрындагы № 485 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин…Постановление · 20.10.2007 · № 485 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.10.2013 · № 575 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-августундагы №151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.08.2010 · № 151 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-мартындагы №183 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-октябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык…Постановление · 19.03.2009 · № 183 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 16-апреля №202 "Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик…Указ · 16.04.2009 · № 202
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-октябрындагы № 485 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин…Постановление · 20.10.2007 · № 485 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы N 370 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 16-апрелиндеги "Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана…Постановление · 12.06.2009 · № 370 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 20 июля 2000 года № 429 "Об утверждении Сводного реестра по использованию административных зданий органами государственного управления…Постановление · 20.07.2000 · № 429 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-мартындагы №183 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-октябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык…Постановление · 19.03.2009 · № 183 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-августундагы №151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.08.2010 · № 151 · Күчүн жоготкон
8 ичинен 7 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.