Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды башкаруу жөнүндө»указы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 16-апрели ПЖ № 202
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук
жана аймактык бөлүмдөрүн жайгаштыруу үчүн
пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык
имараттарды башкаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине жана "Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык
Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, мамлекеттик администрациялык имарат-
тарды башкарууну өркүндөтүү максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан
аткарылып жаткан, мамлекеттик башкаруу органдарын жайгаштыруу жана мам-
лекеттик администрациялык имараттарды пайдалануу боюнча функцияларды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өткөрүп берүү максатка ылайыктуу деп
эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
- "Мамлекеттик администрациялык имараттарды пайдалануу жана күтүү
боюнча борбор" мамлекеттик ишканасын (мындан ары - Борбор) анын балан-
сында турган мамлекеттик администрациялык имараттар менен Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын карамагына өткөрүп берсин;
- мамлекеттик администрациялык имараттарды башкарууну ишке ашыруу-
чу бөлүмдүн штаттык бирдиктерин эмгек акынын тиешелүү фонду, оргтехни-
касы жана жабдуулары менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппа-
ратына өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын түзүмүнө
тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Борборго төмөнкү функциялар берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечими менен мамле-
кеттик администрациялык имараттарга мамлекеттик органдарды, алардын ве-
домстволук жана аймактык бөлүмдөрүн жайгаштыруу боюнча;
- мамлекеттик администрациялык имараттарды натыйжалуу пайдалануу
жагындагы сунуштарды киргизүү боюнча;
- мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бө-
лүмдөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык
имараттардын реестрин жүргүзүү боюнча.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:
- ушул Жарлыктан келип чыккан маселелерди чечсин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин ушул Жарлыкка
ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетек-
чиси өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 4-февралындагы
№ 58 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 13-майындагы №
126 буйругу;
- "Мамлекеттик администрациялык имараттарды пайдалануу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-январындагы № 1 Жар-
лыгы.
7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана мам-
лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- КР Премьер-министринин 2009-жылдын 23-июнундагы № 211 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы "Мамлекеттик администрациялык имараттарын пайдалануу жана…Распоряжение · 23.06.2009 · № 211
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы №658 "Мамлекеттик имараттарды оперативдүү башкарууга берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.10.2009 · № 658
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы N 370 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 16-апрелиндеги "Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана…Постановление · 12.06.2009 · № 370 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-ноябрындагы №681 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратын кайра уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 03.11.2009 · № 681 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 11 "Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык…Постановление · 15.01.2010 · № 11 · Күчүн жоготкон
- Распоряжение Президента КР от 13 мая 2003 года №126 (О передаче на баланс Управления делами Президента Кыргызской Республики государственные административные здания, состоящие на…Распоряжение · 13.05.2003 · № 126 · Күчүн жоготкон
- Распоряжение Президента от 4 февраля 1997 года РП №58 (О проведении полной инвентаризации занимаемых государственными учреждениями, организациями и предприятиями зданий…Распоряжение · 04.02.1997 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-январындагы № 1 " Мамлекеттик администрациялык имараттарды пайдалануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.01.2006 · № 1 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Распоряжение Президента КР от 13 мая 2003 года №126 (О передаче на баланс Управления делами Президента Кыргызской Республики государственные административные здания, состоящие на…Распоряжение · 13.05.2003 · № 126 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Распоряжение Президента от 4 февраля 1997 года РП №58 (О проведении полной инвентаризации занимаемых государственными учреждениями, организациями и предприятиями зданий…Распоряжение · 04.02.1997 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-январындагы № 1 " Мамлекеттик администрациялык имараттарды пайдалануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.01.2006 · № 1 · Күчүн жоготкон