Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Имаратты өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2011-жылдын 13-январы № 6-б Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 82 «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Жогорку Кеңешинин Парламентин жайгаштыруу жөнүндө» Декретине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 11 «Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын оперативдүү башкаруусуна Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 207 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик административдик имаратты өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2011-жылдан тартып чыгымдардын сметасы боюнча ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имаратты күтүүгө республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына каражат карасын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
Премьер-министри
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 11 "Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык…Постановление · 15.01.2010 · № 11 · Күчүн жоготкон