Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-01-12.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 12-январы №18 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2007-ж., 28-август, № 61) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Стандарттар жана метрология улуттук институту" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Метрология боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 1-берененин экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
3. 5-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "авторизациялоо" деген сөз алып салынсын.
4. 8-берене төмөнкү мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Ченөө каражаттарына карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
5. 9-берененин 3-бөлүгүндөгү жана 10-берененин 3-бөлүгүндөгү "көрсөтүлгөн иштерге авторизациялоону" деген сөздөр "ченөө бирдейлигин камсыз" кылуу боюнча мамлекеттик орган ыйгарым укук берген" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 9-берененин бешинчи бөлүгүндөгү "типти бекитүү тууралуу сертификат" деген сөздөр "белгиленген формадагы документтер" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. Бүткүл текст боюнча "ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган белгилейт" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 11-беренеде:
- 1-бөлүктүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 4-бөлүктөгү "сертификат" деген сөз "белгиленген формадагы документ" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 13 жана 14-беренелер төмөнкү редакцияда берилсин:
"13-берене. Юридикалык жактардын метрологиялык кызматтары тарабынан ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарын сыноону жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоону жүргүзүү. Ченөө каражаттарынын айрым түрлөрү боюнча текшерүү жана калибрлөө лабораториялары жок болгон учурда ченөө бирдейлигин бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын чечими менен юридикалык жактардын метрологиялык кызматтарына ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында (мындан ары - ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында) ченөө каражаттарын сыноону жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоону жүргүзүү укугун берүүгө жол берилет. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында сыноолорду жүргүзүүгө талапкер юридикалык жактар билдирилген иш-аракеттер жаатында ченөө каражаттарын даярдоо, импорттоо, сатуу жана оңдоо ишин жүргүзбөөгө тийиш. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында сыноолорду жүргүзүүгө талапкер юридикалык жактардын бул иш-аракеттер үчүн зарыл болгон төмөнкү шарттары болууга тийиш:
- колдонулуучу эталондорунун жана ченөө каражаттарынын байкоодо болушу;
- тийиштүү жумуштарды жүргүзүү үчүн жабдуулар жана жайлар;
- калыс, адилет жана дасыккан персоналдын болушу;
- бул иш-аракеттерди ишке ашырып жаткан адамдардын белгиленген метрологиялык эрежелерди жана ченемдерди сакташы.
Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү, чечимди кайра чакыртып алуу максатында юридикалык жактарга сыноолорду жүргүзүүгө укук берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт. 14-берене. Ченөө каражаттарын даярдоону, оңдоону жана сатууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди каттоо. Ченөө каражаттарын даярдоо жана сатуу боюнча юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин ишин каттоону жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Каттоону метрология боюнча ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт.".
2-берене.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин бул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМАТ
"Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги тарабынан "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 727 токтомун ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан, анда "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жогоруда көрсөтүлгөн министрликтин курамында, азыркы учурга чейин жок болуп келген Ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдын республикада болушу каралган. Жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылар менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн структурасы өзгөртүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине техникалык жөнгө салуу жана метрология чөйрөсүндө аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын ыйгарым укуктары берилген. Бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Стандарттар жана метрология боюнча борборуна кайра өзгөртүү жүргүзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекция түзүлгөн. Ошептип, "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ченөө бирдейлигин камсыз кылуу камсыз кылуунун улуттук системасынын структурасын түзүү аяктаган жана дүйнөлүк метрологиялык тажрыйбага ылайык келген-кыргыз Республикасында ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу боюнча бирдиктүү саясатты жүргүзүүнү камсыз кылуучу бирдиктүү борборлоштурулган орган түзүлгөн. Кыргыз Республикасында ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу боюнча улуттук саясатты жүргүзүүнү иштеп чыгуу жана координациялоо жана иш-аракеттерди мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлгөн. Кыргыз Республикасында ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча саясатын иш жүзүндө жүзөгө ашыруунун маселелери Стандарттар жана метрология боюнча борборуна жана Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекцияга жүктөлгөн. Ошол эле учурда Стандарттар жана метрология боюнча борбор типтерди бекитүү максатында ченөө каражаттарын текшерүү жана сыноо боюнча иштерди жүргүзүүдө монополист болуп саналбайт, анткени бул иштер, Стандарттар жана метрология боюнча борбордо ченөөнүн айрым түрлөрү боюнча улуттук жана алгачкы эталондорду жок болгон учурда аларды жүргүзүүгө авторизациялоону алган юридикалык жактардын метрологиялык кызматтары тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Авторизациялоого талапкер болгон юридикалык жак иш-аракеттерди өткөрүп берүү жаатында ченөө каражаттарын даярдоо, импорттоо, сатуу жана оңдоо менен алектенбеши керек жана тийиштүү деңгээлдеги эталондорго ээ болууга тийиш. "Авторизациялоо" жана "аккредитациялоо" деген түшүнүктөр бири-бири менен айкалышпай тургандыгын жана бири-бирин алмаштырбай тургандыгын так түшүнүү керек, анткени аккредитациялоо ыктыярдуу негизде калибрлөөчү жана сыноочу лабораториялардын компетенттүүлүгүн тастыктоо үчүн жүргүзүлөт. Юридикалык жактардын метрологиялык кызматтарын авторизациялоо метрологиялык кызматтардын айрым түрлөрүн (тибин бекитүү максатында ченөө каражаттарын текшерүү жана сыноо) жүргүзүүгө метрологиялык иш-аракеттерди мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө гана жүргүзүлөт. Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу ченөө бирдейлигин камсыз кылуунун мамлекеттик системасынын структурасын түзүүнү аяктоого мүмкүндүк берет.
Министр
Т.Сариев
| Колдонулуп жаткан Мыйзам | Жаңы редакциядагы Мыйзам |
|---|---|
| 1-статья. Бул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр Бул Мыйзамдын максаты үчүн төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат: [авторизациалоо юридикалык жакка ченөө каражаттарынын тибин бекитүү максатында ченөө каражаттарына сыноону жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациалоону жүргүзүүгө жана (же) текшерүүгө Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту (мындан ары - Стандарттар жана метрология улуттук институту) тарабынан укуктардын берилиши;] мамлекеттик метрологиялык көзөмөл - ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жагындагы ченемдик укуктук актылардын милдеттүү талаптарынын сакталышын текшерүүнү ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылуучу ишмердик; ченөө бирдейлиги - ченөөнүн жыйынтыктары чоңдуктардын жол берилген бирдигин туюнтууну колдонууга жана ал ченөөлөрдөгү ката жиберүү ыктымалдыгы белгилүү чегинен чыкпай тургандыгын көрсөткөн ченөө абалы; мыйзамдык метрология - мыйзамдык талаптар менен байланышкан ишмердикке таандык жана ченөөлөргө, ченөө бирдиктерине, ченөө каражаттарына жана ченөөнүн ыкмаларына тийиштүү болгон метрологиянын бөлүмү; ченөө каражаттарын калибровкалоо - ушул ченөө каражаттарынын чыныгы метрологиялык мүнөздөмөсүн аныктоо максатында ушул ченөө каражаттарынын жардамы менен алынган чоңдуктун мааниси менен чоңдуктун эталондун (үлгүнүн) жардамында аныкталган маанисинин ортосундагы катнашты белгилөөчү операциялардын жыйындысы; ченөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоо - бул ченөө каражаттарынын метрологиялык касиеттерин аныктоо үчүн аткарылган ченөө каражаттарын изилдөө жана алынган маалыматтарды көрсөтүү менен документтерди берүү; метрологиялык экспертиза - метрологиялык талаптарды, эрежелерди жана нормаларды, биринчи иретте алардын ченөө бирдейлиги жана тактыгы менен байланышкандарын колдонуунун тууралыгын талдоо жана баалоо; метрология - ченөөлөр бирдейлигин камсыз кылуучу методдор жана алардын каражаттар жана талап кылынган тактыкка жетишүү ыкмалары жөнүндөгү илим; ченөө каражаттарын текшерүү - ченөө каражаттарынын жарактуулугун жана алардын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин ырастоо максатында аткарылуучу операциялардын жыйындысы; эталондорду салыштыруу - бирдей шарттагы бир деңгээлдик тактыктагы эталондор менен кайтадан жаралган бирдик чоңдуктарынын маанилеринин ортосундагы катнашты белгилөөчү операциялардын жыйындысы; ченөө каражаты - нормаланган метрологиялык мүнөздөмөлөрү бар, ченөө үчүн арналган техникалык каражат; заттын (материалдын) курамынын же касиетинин стандарттык үлгүсү ушул заттын (материалдын) курамын же касиеттерин мүнөздөөчү чоңдуктун өлчөмдөрүн калыбына келтирүү жана (же) сактоо үчүн арналган заттын же материалдын белгилүү саны түрүндөгү ченөө каражаты, анын мааниси ченөө каражаттарын текшерүүдө, калибровкалоодо, градуировкалоодо, ченөөлөрдү аткаруу методикаларын аттестациялоодо бардык өлчөмдөрүн берүү үчүн пайдаланылуучу жана белгиленген тартипте стандарттуу үлгү катары бекитилген метрологиялык аттестациянын натыйжасында белгиленген; ченөө каражаттарынын тибин бекитүү - ченөө каражаттарынын тиби белгиленген талаптарга шайкеш келээрлиги жөнүндө [Стандарттар жана метрология улуттук институту] чыгарган чечим; чоңдук бирдигинин эталону - бирдикти калыбына келтирүү жана (же) сактоо жана анын өлчөмдөрүн текшерүү схемасы боюнча төмөнкү деңгээлдеги ченөө каражаттарына өткөрүп берүү үчүн арналган ченөө каражаты (же ченөө каражаттарынын комплекси); баштапкы эталон - ченөөлөрдүн ушул түрүндөгү жогорку метрологиялык касиеттерге ээ болгон, ага баш ийген ченөө каражаттары андан бирдик ченемин алган эталон; улуттук эталон - мамлекеттин аймагында баштапкы сапатында ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдын чечими менен таанылган эталон. | 1-статья. Бул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр Бул Мыйзамдын максаты үчүн төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат: мамлекеттик метрологиялык көзөмөл - ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жагындагы ченемдик укуктук актылардын милдеттүү талаптарынын сакталышын текшерүүнү ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылуучу ишмердик; ченөө бирдейлиги - ченөөнүн жыйынтыктары чоңдуктардын жол берилген бирдигин туюнтууну колдонууга жана ал ченөөлөрдөгү ката жиберүү ыктымалдыгы белгилүү чегинен чыкпай тургандыгын көрсөткөн ченөө абалы; мыйзамдык метрология - мыйзамдык талаптар менен байланышкан ишмердикке таандык жана ченөөлөргө, ченөө бирдиктерине, ченөө каражаттарына жана ченөөнүн ыкмаларына тийиштүү болгон метрологиянын бөлүмү; ченөө каражаттарын калибровкалоо - ушул ченөө каражаттарынын чыныгы метрологиялык мүнөздөмөсүн аныктоо максатында ушул ченөө каражаттарынын жардамы менен алынган чоңдуктун мааниси менен чоңдуктун эталондун (үлгүнүн) жардамында аныкталган маанисинин ортосундагы катнашты белгилөөчү операциялардын жыйындысы; ченөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоо - бул ченөө каражаттарынын метрологиялык касиеттерин аныктоо үчүн аткарылган ченөө каражаттарын изилдөө жана алынган маалыматтарды көрсөтүү менен документтерди берүү; метрологиялык экспертиза - метрологиялык талаптарды, эрежелерди жана нормаларды, биринчи иретте алардын ченөө бирдейлиги жана тактыгы менен байланышкандарын колдонуунун тууралыгын талдоо жана баалоо; метрология - ченөөлөр бирдейлигин камсыз кылуучу методдор жана алардын каражаттар жана талап кылынган тактыкка жетишүү ыкмалары жөнүндөгү илим; ченөө каражаттарын текшерүү - ченөө каражаттарынын жарактуулугун жана алардын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин ырастоо максатында аткарылуучу операциялардын жыйындысы; эталондорду салыштыруу - бирдей шарттагы бир деңгээлдик тактыктагы эталондор менен кайтадан жаралган бирдик чоңдуктарынын маанилеринин ортосундагы катнашты белгилөөчү операциялардын жыйындысы; ченөө каражаты - нормаланган метрологиялык мүнөздөмөлөрү бар, ченөө үчүн арналган техникалык каражат; заттын (материалдын) курамынын же касиетинин стандарттык үлгүсү ушул заттын (материалдын) курамын же касиеттерин мүнөздөөчү чоңдуктун өлчөмдөрүн калыбына келтирүү жана (же) сактоо үчүн арналган заттын же материалдын белгилүү саны түрүндөгү ченөө каражаты, анын мааниси ченөө каражаттарын текшерүүдө, калибровкалоодо, градуировкалоодо, ченөөлөрдү аткаруу методикаларын аттестациялоодо бардык өлчөмдөрүн берүү үчүн пайдаланылуучу жана белгиленген тартипте стандарттуу үлгү катары бекитилген метрологиялык аттестациянын натыйжасында белгиленген; ченөө каражаттарынын тибин бекитүү - ченөө каражаттарынын тиби белгиленген талаптарга шайкеш келээрлиги жөнүндө МЕТРОЛОГИЯ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН чыгарган чечим; чоңдук бирдигинин эталону - бирдикти калыбына келтирүү жана (же) сактоо жана анын өлчөмдөрүн текшерүү схемасы боюнча төмөнкү деңгээлдеги ченөө каражаттарына өткөрүп берүү үчүн арналган ченөө каражаты (же ченөө каражаттарынын комплекси); баштапкы эталон - ченөөлөрдүн ушул түрүндөгү жогорку метрологиялык касиеттерге ээ болгон, ага баш ийген ченөө каражаттары андан бирдик ченемин алган эталон; улуттук эталон - мамлекеттин аймагында баштапкы сапатында ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдын чечими менен таанылган эталон. |
| 4-статья. Эл аралык кызматташтык Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган жана [Стандарттар жана метрология улуттук институту] метрология боюнча регионалдык жана эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын атынан чыгат. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, ага Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишим менен ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат. | 4-статья. Эл аралык кызматташтык Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган жана МЕТРОЛОГИЯ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН метрология боюнча регионалдык жана эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын атынан чыгат. Эгерде Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, ага Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишим менен ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат. |
| 5-статья. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуунун улуттук системасы Ченөө бирдейлигин камсыз кылуунун улуттук системасы, ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү эрежелеринин жыйындыларын, алардын катышуучуларын жана бүтүндөй ченөө бирдейлигин камсыз кылуу системасынын иштөө эрежелерин көрсөтөт. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуунун улуттук системасынын катышуучулары болуп төмөндөгүлөр эсептелет: бул тармакта ченөө бирдейлигин камсыз кылуу системасынын иштөө жана иштерди аткаруу эрежелерин белгилеген ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органы; Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорун түзүү, сактоо жана колдонуу, авторизациялоо, баштапкы эталондорду бекитүү, ченөө каражаттарынын тибин бекитүү, текшерүү жана метрологиялык аттестациялоо боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу [Стандарттар жана метрология улуттук институту;] ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптардын сакталышын текшерүүнү ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы: метрологиялык жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын башка кызматтары; ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча ишмердикти ишке ашыруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө иштерди аткарууда метрологиялык кызматты же башка ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча уюштуруучулук түзүмдү түзүү милдеттүү болуп эсептелет. | 5-статья. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуунун улуттук системасы Ченөө бирдейлигин камсыз кылуунун улуттук системасы, ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү эрежелеринин жыйындыларын, алардын катышуучуларын жана бүтүндөй ченөө бирдейлигин камсыз кылуу системасынын иштөө эрежелерин көрсөтөт. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуунун улуттук системасынын катышуучулары болуп төмөндөгүлөр эсептелет: бул тармакта ченөө бирдейлигин камсыз кылуу системасынын иштөө жана иштерди аткаруу эрежелерин белгилеген ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органы; Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорун түзүү, сактоо жана колдонуу, авторизациялоо, баштапкы эталондорду бекитүү, ченөө каражаттарынын тибин бекитүү, текшерүү жана метрологиялык аттестациялоо боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу МЕТРОЛОГИЯ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН; ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптардын сакталышын текшерүүнү ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы: метрологиялык жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын башка кызматтары; ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча ишмердикти ишке ашыруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө иштерди аткарууда метрологиялык кызматты же башка ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча уюштуруучулук түзүмдү түзүү милдеттүү болуп эсептелет. |
| 6-статья. Чоңдуктун бирдиктери Кыргыз Республикасында Эл аралык бирдиктер системасынын (СИ) он эселенген жана үлүштүк бирдиктери колдонулат, аны Мыйзамдык метрологиянын эл аралык уюмунун (ММЭУ) сунушу менен, Чен жана салмак боюнча башкы конференция кабыл алган. Кыргыз Республикасында чоңдуктардын бирдиктеринин аталыштары, белгилениши, жазуунун жана колдонуунун эрежелери [ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдар] тарабынан белгиленет. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан системадан тышкаркы чоңдук бирдиктери Эл аралык бирдиктердин системасы менен бирдей колдонууга берилиши мүмкүн жана аларды колдонуунун эрежелери, жазылышы жана белгилениши аныкталган. Экспортко коюлган продукциялардын мүнөздөмөлөрү жана параметрлери, анын ичинде ченөө каражаттары келишимде (контрактта) белгиленген чоңдуктун бирдиктеринде туюнтулушу мүмкүн. | 6-статья. Чоңдуктун бирдиктери Кыргыз Республикасында Эл аралык бирдиктер системасынын (СИ) он эселенген жана үлүштүк бирдиктери колдонулат, аны Мыйзамдык метрологиянын эл аралык уюмунун (ММЭУ) сунушу менен, Чен жана салмак боюнча башкы конференция кабыл алган. Кыргыз Республикасында чоңдуктардын бирдиктеринин аталыштары, белгилениши, жазуунун жана колдонуунун эрежелери КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНЕТ. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан системадан тышкаркы чоңдук бирдиктери Эл аралык бирдиктердин системасы менен бирдей колдонууга берилиши мүмкүн жана аларды колдонуунун эрежелери, жазылышы жана белгилениши аныкталган. Экспортко коюлган продукциялардын мүнөздөмөлөрү жана параметрлери, анын ичинде ченөө каражаттары келишимде (контрактта) белгиленген чоңдуктун бирдиктеринде туюнтулушу мүмкүн. |
| 7-статья. Чоңдуктун бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондору Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун системасы өлкөнүн улуттук метрологиялык инфраструктурасынын бөлүгү болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын керектөөлөрүнө ылайык анын техникалык өнүгүшү менен байланышкан чоңдуктун мыйзамдаштырылган бирдиктерин жайылтуу жана колдоо үчүн түзүлөт. [Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган] Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун Мамлекеттик реестрин жүргүзүү, чоңдук бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү тартибин белгилейт. Кыргыз Республикасынын улуттук эталондору ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитүүгө жатат. Кыргыз Республикасынын улуттук эталондору Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелет жана менчиктештирүүгө жатпайт. Эталондук базаны өнүктүрүү жана өркүндөтүү, эл аралык эталондорго Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун байкоо жүргүзүүсүн камсыздоо, аларды сактоо тартиби, чоңдук бирдиктеринин ченемдерин кайра өндүрүп чыгаруу, башка ченөө каражаттарына жана жумушчу эталондоруна бул чоңдук бирдиктеринин ченемин өткөрүп берүү эталондорду кармоочулар тарабынан камсыздалат. | 7-статья. Чоңдуктун бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондору Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун системасы өлкөнүн улуттук метрологиялык инфраструктурасынын бөлүгү болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын керектөөлөрүнө ылайык анын техникалык өнүгүшү менен байланышкан чоңдуктун мыйзамдаштырылган бирдиктерин жайылтуу жана колдоо үчүн түзүлөт. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун Мамлекеттик реестрин жүргүзүү, чоңдук бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү тартибин БЕЛГИЛЕЙТ. Кыргыз Республикасынын улуттук эталондору ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитүүгө жатат. Кыргыз Республикасынын улуттук эталондору Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелет жана менчиктештирүүгө жатпайт. Эталондук базаны өнүктүрүү жана өркүндөтүү, эл аралык эталондорго Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун байкоо жүргүзүүсүн камсыздоо, аларды сактоо тартиби, чоңдук бирдиктеринин ченемдерин кайра өндүрүп чыгаруу, башка ченөө каражаттарына жана жумушчу эталондоруна бул чоңдук бирдиктеринин ченемин өткөрүп берүү эталондорду кармоочулар тарабынан камсыздалат. |
| 8-статья. Ченөө каражаттары Ченөө каражаттары чоңдуктардын маанисин, Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте колдонууга уруксат берилген бирдиктерди аныктоо үчүн пайдаланылат. Ченөө каражаттарына ченемдер, заттардын жана материалдардын курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрү, ченөө приборлору, ченөө системалары жана комплекстери, ошондой эле ченөөнүн милдеттерин аткарган башка түзүлүштөр кирет. Ченөө каражаттарына техникалык каражаттарды киргизүү жөнүндө чечимди [Стандарттар жана метрология улуттук институту] кабыл алат. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө тиешелүү ченөөнү жүргүзүүдө ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте тиби бекитилген, метрологиялык аттестациядан жана текшерүүдөн өткөн ченөө каражаттары колдонулушу керек. | 8-статья. Ченөө каражаттары Ченөө каражаттары чоңдуктардын маанисин, Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте колдонууга уруксат берилген бирдиктерди аныктоо үчүн пайдаланылат. Ченөө каражаттарына ченемдер, заттардын жана материалдардын курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрү, ченөө приборлору, ченөө системалары жана комплекстери, ошондой эле ченөөнүн милдеттерин аткарган башка түзүлүштөр кирет. Ченөө каражаттарына техникалык каражаттарды киргизүү жөнүндө чечимди МЕТРОЛОГИЯ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН кабыл алат. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө тиешелүү ченөөнү жүргүзүүдө ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте тиби бекитилген, метрологиялык аттестациядан жана текшерүүдөн өткөн ченөө каражаттары колдонулушу керек. ЧЕНӨӨ КАРАЖАТТАРЫНА ТАЛАПТАР КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНЕТ. |
| 9-статья. Ченөө каражаттарынын жана заттар менен материалдардын курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрүнүн тибин бекитүү Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуу үчүн арналган Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген, же Кыргыз Республикасында чыгарылган ченөө каражаттары жана стандарттык үлгүлөрү жүгүртүүгө чыгарылганга чейин тиби бекитилүүгө тийиш. Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүнүн тартибин жана типти бекитүү белгисинин таризин [ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган] белгилейт. Типти бекитүү максатында ченөө каражаттарын сыноону жана стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоону [Стандарттар жана метрология улуттук институту], ошондой эле белгиленген тартипте [көрсөтүлгөн иштерге авторизациялоону] юридикалык жак жүргүзөт. Кыргыз Республикасында чыгарылган же бир нускада же майда партияларда импорт боюнча алынган, же алгачкы текшерүүлөрдүн, метрологиялык аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча ченөө каражаттарын колдонууга жол берилет. Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жөнүндө чечим ченөө каражаттарын сыноонун жана стандарттык үлгүлөрдү лабораториялар аралык аттестациялоонун оң жыйынтыктарынын негизинде [Стандарттар жана метрология улуттук институту] тарабынан кабыл алынат жана [типти бекитүү туралуу сертификат] менен күбөлөндүрүлөт. Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн бекитилген тиби [Стандарттар жана метрология улуттук институту] жүргүзгөн ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрүнүн Мамлекеттик реестрине киргизилет. Бекитилген типтин ченөө каражаттарына жана ар бир нускасын коштогон пайдалануучу документтерге белгиленген формада ченөө каражаттарынын тибин бекитүү белгиси коюлат. Стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүдө пайдаланылуучу документтерге типти бекитүү белгиси түшүрүлөт. Типти бекитүүдө ченөө каражаттарынын текшерүү аралыгындагы интервал жана стандарттык үлгүлөрдүн аракеттенүү мөөнөтү белгиленет. | 9-статья. Ченөө каражаттарынын жана заттар менен материалдардын курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрүнүн тибин бекитүү Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуу үчүн арналган Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген, же Кыргыз Республикасында чыгарылган ченөө каражаттары жана стандарттык үлгүлөрү жүгүртүүгө чыгарылганга чейин тиби бекитилүүгө тийиш. Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүнүн тартибин жана типти бекитүү белгисинин таризин КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БЕЛИГИЛЕЙТ. Типти бекитүү максатында ченөө каражаттарын сыноону жана стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоону МЕТРОЛОГИЯ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН, ошондой эле белгиленген тартипте ЧЕНӨӨ БИРДЕЙЛИГИН КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРГЕН юридикалык жак жүргүзөт. Кыргыз Республикасында чыгарылган же бир нускада же майда партияларда импорт боюнча алынган, же алгачкы текшерүүлөрдүн, метрологиялык аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча ченөө каражаттарын колдонууга жол берилет. Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү жөнүндө чечим ченөө каражаттарын сыноонун жана стандарттык үлгүлөрдү лабораториялар аралык аттестациялоонун оң жыйынтыктарынын негизинде МЕТРОЛОГИЯ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН тарабынан кабыл алынат жана БЕЛГИЛЕНГЕН ҮЛГҮДӨГҮ ДОКУМЕНТТЕР менен күбөлөндүрүлөт. Ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн бекитилген тиби МЕТРОЛОГИЯ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН жүргүзгөн ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрүнүн Мамлекеттик реестрине киргизилет. Бекитилген типтин ченөө каражаттарына жана ар бир нускасын коштогон пайдалануучу документтерге белгиленген формада ченөө каражаттарынын тибин бекитүү белгиси коюлат. Стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүдө пайдаланылуучу документтерге типти бекитүү белгиси түшүрүлөт. Типти бекитүүдө ченөө каражаттарынын текшерүү аралыгындагы интервал жана стандарттык үлгүлөрдүн аракеттенүү мөөнөтү белгиленет. |
| 10-статья. Ченөө каражаттарын текшерүү Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулган ченөө каражаттары алгачкы жана андан кийинки (мезгилдүү) текшерүүлөргө жатат. Ченөө каражаттарын текшерүүгө көрсөтүү тартиби жана тизмеси [ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган] тарабынан белгиленет. Ченөө каражаттарын текшерүүнү [Стандарттар жана метрология улуттук институту], ошондой эле белгиленген тартипте [көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүүгө авторизацияланган] юридикалык жак жүргүзөт. Ченөө каражаттарын текшерүүнү иш жүзүнө ашыруучу адистер [ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган] бекиткен тартипте текшерүүчү катарында аттестациядан өтүүгө тийиш. Ченөө каражаттарын текшерүүнүн оң жыйынтыктары текшерүүнүн белгиси жана (же) текшерүү жөнүндө күбөлүк менен күбөлөндүрүлөт. Пайдаланылуучу документтерге текшерүү жөнүндө жазууну кошумча киргизүүгө жол берилет. Ченөө каражаттарын текшерүүнүн жыйынтыктарын тариздөөнүн тартиби ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. | 10-статья. Ченөө каражаттарын текшерүү Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулган ченөө каражаттары алгачкы жана андан кийинки (мезгилдүү) текшерүүлөргө жатат. Ченөө каражаттарын текшерүүгө көрсөтүү тартиби жана тизмеси КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМөТү ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНЕТ. Ченөө каражаттарын текшерүүнү МЕТРОЛОГИЯ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН, ошондой эле белгиленген тартипте ЧЕНӨӨ БИРДЕЙЛИГИН КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ЫЙГАРЫМ УКУК БЕРГЕН юридикалык жак жүргүзөт. Ченөө каражаттарын текшерүүнү иш жүзүнө ашыруучу адистер КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БЕКИТКЕН тартипте текшерүүчү катарында аттестациядан өтүүгө тийиш. Ченөө каражаттарын текшерүүнүн оң жыйынтыктары текшерүүнүн белгиси жана (же) текшерүү жөнүндө күбөлүк менен күбөлөндүрүлөт. Пайдаланылуучу документтерге текшерүү жөнүндө жазууну кошумча киргизүүгө жол берилет. Ченөө каражаттарын текшерүүнүн жыйынтыктарын тариздөөнүн тартиби КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНЕТ. |
| 11-статья. Ченөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоо Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү колдонулган ченөө каражаттары метрологиялык аттестациялоодон өткөрүлөт: Кыргыз Республикасында чыгарылган же импорт боюнча бир нускада же майда партиялар менен алынгандар; [жекече алынган жана жумушчу эталондор катарында колдонуу үчүн арналгандар;] мурдатан метрологиялык мүнөздөмөсү белгиленбеген шарттарда колдонуу үчүн арналган тиби бекитилген ченөө каражаттарынын бир нускалары. Ыктыярдуу тартипте метрологиялык аттестациялоого мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнөн тышкары колдонулуучу ченөө каражаттары дуушар болушу мүмкүн. Ченөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоо [ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган] белгилеген тартипте. [Стандарттар жана метрология улуттук институту] тарабынан жүргүзүлөт. Ченөө каражаттарынын метрологиялык мүнөздөмөлөрү көрсөтүлгөн [сертификат] метрологиялык аттестациянын негизинде берилет. | 11-статья. Ченөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоо Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү колдонулган ченөө каражаттары метрологиялык аттестациялоодон өткөрүлөт: Кыргыз Республикасында чыгарылган же импорт боюнча бир нускада же майда партиялар менен алынгандар; мурдатан метрологиялык мүнөздөмөсү белгиленбеген шарттарда колдонуу үчүн арналган тиби бекитилген ченөө каражаттарынын бир нускалары. Ыктыярдуу тартипте метрологиялык аттестациялоого мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнөн тышкары колдонулуучу ченөө каражаттары дуушар болушу мүмкүн. Ченөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоо КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕГЕН тартипте МЕТРОЛОГИЯ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН тарабынан жүргүзүлөт. Ченөө каражаттарынын метрологиялык мүнөздөмөлөрү көрсөтүлгөн БЕЛГИЛЕНГЕН ҮЛГҮДӨГҮ ДОКУМЕНТ метрологиялык аттестациянын негизинде берилет. |
| 12-статья. Метрологиялык экспертиза Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин долбоорлору, башка ченемдик укуктук актылар милдеттүү метрологиялык экспертизага жатат. Метрологиялык экспертиза жүргүзүү тартиби [ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган] тарабынан белгиленет. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнөн тышкары ыктыярдуу тартипте стандарттарга, долбоордук, конструктордук, технологиялык документтерге, ченөө каражаттарга жана башка объекттерге метрологиялык экспертиза жүргүзүлүшү мүмкүн. | 12-статья. Метрологиялык экспертиза Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча талаптарды камтыган техникалык регламенттердин долбоорлору, башка ченемдик укуктук актылар милдеттүү метрологиялык экспертизага жатат. Метрологиялык экспертиза жүргүзүү тартиби КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНЕТ. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнөн тышкары ыктыярдуу тартипте стандарттарга, долбоордук, конструктордук, технологиялык документтерге, ченөө каражаттарга жана башка объекттерге метрологиялык экспертиза жүргүзүлүшү мүмкүн. |
| 13-статья. Авторизациялоо [Айрым учурда ченөө каражаттарынын тибин бекитүү максатында ченөө каражаттарын сыноону жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоону жана (же) текшерүүнү жүргүзүүгө Стандарттар жана метрология улуттук институтунун чечими боюнча юридикалык жактын метрологиялык кызматын авторизациялоого жол берилет. Авторизациялоого талапкер юридикалык жак ишмердиктин өткөрүп берилүүчү тармактарында ченөө каражаттарын жасап чыгаруу, импорттоо, сатуу жана оңдоо иштери менен алектенбеши керек. Авторизациялоо бул ишмердик үчүн керектүү шарттардын бардыгын Стандарттар жана метрология улуттук институту текшерип чыккандан кийин жүргүзүлөт: өткөрүп берилүүчү ишмердиктин түрлөрүн ишке ашыруу үчүн жабдуулар жана жайлар; пайдалануучу эталондордун жана ченөө каражаттарынын байкоо жүргүзүүсү; адилеттүү квалификациялуу персоналдын болушу; белгиленген метрологиялык эрежелерди жана нормаларды бул ишмердикти ишке ашырган жактардын сактоосу. Авторизациялоо жол жобосун жүргүзүү, авторизация алган юридикалык жактын метрологиялык кызматынын ишмердиги, авторизация тууралуу чечимин кайтарып алуу ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат]. | 13-статья. Авторизациялоо Юридикалык жактардын метрологиялык кызматтары тарабынан ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында ченөө каражаттарына сыноо жана (же) стандарттык үлгүлөрүнө аттестациялоону жүргүзүү Айрым учурларда ченөө бирдейлигин камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын чечими боюнча каражаттарын юридикалык жактардын метрологиялык кызматтары тарабынан ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында (мындан ары - ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында сыноолор) ченөө каражаттарына сыноо жана (же) стандарттык үлгүлөрүнө аттестациялоону жүргүзүүгө укук берүүгө жол берилет. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында сыноолорду жүргүзүүгө талапкер болгон юридикалык жактар билдирилген иш-аракеттер жаатында ченөө каражаттарын даярдоо, импорттоо, сатуу жана оңдоо менен алектенбөөгө тийиш. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында сыноолорду жүргүзүүгө талапкер болгон юридикалык жактар бул иш-аракеттер үчүн зарыл болгон төмөнкү шарттар болууга тийиш: - колдонулуучу эталондорунун жана ченөө каражаттарынын байкоодо болушу; - тийиштүү жумуштарды жүргүзүү үчүн жабдуулардын жана жайлар; - калыс, адилет жана дасыккан персоналдын болушу; - бул иш-аракеттерди ишке ашырып жаткан адамдардын белгиленген метрологиялык эрежелерди жана ченемдерди сакташы. Ченөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында сыноолорду жүргүзүүгө юридикалык жактарга укук берүүнүн жана чечимди кайта чакыртып алуунун тартибин ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНЕТ. |
| 14-статья. Ченөө каражаттарын жасап чыгарууну, ондоону жана сатууну ишке ашырган юридикалык жакты жана жеке ишкерлерди каттоо [Ченөө каражаттарын жасап чыгаруу, оңдоо жана сатуу боюнча ишмердик Стандарттар жана метрология улуттук институтунда каттоосу бар юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан ишке ашырылат. Каттоо жүргүзүү тартиби ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик орган тарабынан белгиленет]. | 14-статья. Ченөө каражаттарын жасап чыгарууну, ондоону жана сатууну ишке ашырган юридикалык жакты жана жеке ишкерлерди каттоо Ченөө каражаттарын даярдоо, импорттоо, сатуу жана оңдоо боюнча юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин иш-аракеттерин каттоону жүргүзүүнүн тартиби ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНЕТ. Каттоо МЕТРОЛОГИЯ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН тарабынан жүргүзүлөт. |
| 21-статья. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча иштерди мамлекеттик каржылоо Республикалык бюджеттин эсебинен төмөндөгүлөр каржыланат: улуттук эталондук базаны түзүү жана өркүндөтүү, Кыргыз Республикасында ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жана ченөөнүн Эл аралык бирдиктер системасына (СИ) байкоо жүргүзүү боюнча иштери; [Стандарттар жана метрология улуттук институтунун] жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын балансында турган чоңдук бирдигинин улуттук жана баштапкы эталондорун иштеп чыгуу, сатып алуу, өркүндөтүү, сактоо жана колдонуу; ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрүнүн Мамлекеттик реестрин жүргүзүү; метрология жаатындагы илимий- изилдөө иштери; эталондорду эл аралык, региондук, улуттук деңгээлде салыштырууга катышуу; Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорун кармоо үчүн керектүү жайларды, жабдууларды сатып алуу жана иштеп чыгуу; тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу метрология боюнча эл аралык (региондук) уюмдарга катышуу жана мүчөлүк акы төлөө; мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү. | 21-статья. Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча иштерди мамлекеттик каржылоо Республикалык бюджеттин эсебинен төмөндөгүлөр каржыланат: улуттук эталондук базаны түзүү жана өркүндөтүү, Кыргыз Республикасында ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жана ченөөнүн Эл аралык бирдиктер системасына (СИ) байкоо жүргүзүү боюнча иштери; МЕТРОЛОГИЯ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАН жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын балансында турган чоңдук бирдигинин улуттук жана баштапкы эталондорун иштеп чыгуу, сатып алуу, өркүндөтүү, сактоо жана колдонуу; ченөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрүнүн Мамлекеттик реестрин жүргүзүү; метрология жаатындагы илимий- изилдөө иштери; эталондорду эл аралык, региондук, улуттук деңгээлде салыштырууга катышуу; Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорун кармоо үчүн керектүү жайларды, жабдууларды сатып алуу жана иштеп чыгуу; тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу метрология боюнча эл аралык (региондук) уюмдарга катышуу жана мүчөлүк акы төлөө; мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү. |
| 23-статья. Өтмө жоболор Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 2-апрелдеги № 7 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомостору, 1996-ж., № 5, 70-ст.) күчүн жоготту деп табылсын. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча Мамлекеттик инспекциясы жана Кыргыз Республикасынын [Стандарттар жана метрология улуттук институту] тарабынан белгиленген тартипте берилген ченөө бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү документтер колдонулуу мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу. | 23-статья. Өтмө жоболор Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 2-апрелдеги № 7 "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомостору, 1996-ж., № 5, 70-ст.) күчүн жоготту деп табылсын. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча Мамлекеттик инспекциясы жана Кыргыз Республикасынын МЕТРОЛОГИЯ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТУК ОРГАН тарабынан белгиленген тартипте берилген ченөө бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү документтер колдонулуу мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 2-марты № 1685-V "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 02.03.2012 · № 1685-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-апрелиндеги № 1865-V "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу"…Постановление · 19.04.2012 · № 1865-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 1786-V "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 06.04.2012 · № 1786-V
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 10.08.2007 · № 149 · Күчүн жоготкон
- Об обеспечении единства измеренийЗакон · 02.04.1996 · № 7 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №727 "Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 04.12.2009 · № 727 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон