Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
402-статья. Жашы жетпегендин жазадан сот тарабынан атайын же башка тарбиялоо мекемесине жиберүү менен бошотулушу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 44-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 июля 2012 года № 114
(1) Эгерде өтө оор кылмыш же анча оор эмес кылмыш жөнүндө ишти кароодо бул кылмышты жасаган жашы жетпегенди жашы жетпегендер үчүн атайын тарбиялоо мекемесине жайгаштыруу жолу менен жазалоонун максатына жетишилет деп табылса, сот айыптоо өкүмүн чыгарып, жашы жетпегенди жаза өтөөдөн бошотууга жана жашы жеткенге чейин аны аталган мекемеге жиберүүгө укуктуу. (2) Эгерде жашы жетпеген оңолгондугунан улам бул чаранын андан аркы таасирине муктаж эмес болсо, анын атайын тарбиялоо мекемесинде болушу жашы жеткенге чейин токтотулушу мүмкүн. Адам он сегизге толгондон кийин анын тарбиялоо мекемесинде болушун узартууга жалпы билим берүүчү же кесиптик даярдыкты аяктаганга чейин гана жол берилет. Адамдын атайын тарбиялоо мекемесинде болушун токтотуу же болбосо анда болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маселе мекеменин администрациясынын жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биргелешкен сунушунун негизинде өкүм чыгарган же соттолгон жашы жетпегендин жашаган жери боюнча соттун же мекеме турган жердин сотунун судьясы тарабынан он күндүк мөөнөттө жеке каралат. (3) Сот заседаниесине соттолгон жашы жетпеген, анын мыйзамдуу өкүлү, адвокат, прокурор, мекеменин администрациясынын өкүлү жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү чакыртылат. Прокурордон жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринен башка көрсөтүлгөн адамдардын келбей коюшу иштин каралышына тоскоол болбойт. (4) Сот заседаниесинде мекеменин администрациясынын жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын биргелешкен сунушу иликтенип, ишке катышкан адамдардын пикирлери угулат. (5) Ишти кароонун натыйжалары боюнча судья өзүнчө бөлмөдө токтом чыгарат, ал сот заседаниесинде окулууга тийиш. (6) Токтомдун көчүрмөсү беш күндүк мөөнөттө соттолгон жашы жетпегендин өкүлүнө, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана өкүм чыгарган сотко жиберилет. (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-402" title="402-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>