402-1-статья. Жашы жетелектердин кылмыштары жөнүндө иштер боюнча элдешүү жол-жоболору (калыбына келтирүү сот адилеттиги)
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 44-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Анча чоң эмес кылмыш же анчейин оор эмес кылмыш жасаган жашы жетелекке карата элдешүү жол-жоболору колдонулушу мүмкүн. (2) Жазык иши боюнча шектелген, айыпталган жашы жетелекке карата кылмыш иши боюнча элдешүү жол-жоболору төмөнкү шарттар болгон учурда дайындалат:
1) жашы жетелек мурда жазык жоопкерчилигине тартылбаган жана соттолбогон;
2) жазык ишинде жабырлануучу болгон;
3) жашы жетелек шектүүнүн, айыпкердин күнөөсү далилденген;
4) жашы жетелек шектүү, айыпкер чын дилинен өкүнгөн жана келтирилген зыяндын ордун толтурган;
5) жашы жетелек шектүү, айыпкер жана жабырлануучу элдешүү жол-жоболоруна катышууга макул болгон.
(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
402-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-402-1" title="402-1-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>