373-статья. Соттор тарабынан соттуулукту алып салуу жөнүндө өтүнүчтөрдүн каралышы
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 41-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 76-статьясына ылайык соттуулукту алып салуу жөнүндө маселе жаза өтөп жаткан адамдын жашаган жери боюнча сот тарабынан ошол адамдын өтүнүчү боюнча чечилет. (2) Өтүнүчтүн келип түшкөндүгү жөнүндө прокурорго маалымдалат. Сот заседаниесине прокурордун келбей коюшу өтүнүчтү кароого тоскоолдук кылбайт. Өзүнүн соттуулугун алып салуу жөнүндө өтүнүч каралып жаткан адам сотко катышууга милдеттүү. (3) Соттуулукту алып салуу жөнүндө өтүнүчтү кароо судьянын доклады менен башталып, андан кийин сот чакырылган адамдарды жана прокурордун корутундусун угат. (4) Соттуулукту алып салуу жөнүндө өтүнүчтөн баш тартылган учурда, бул жөнүндө кайталап өтүнүч берүү баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартып кеминде алты ай өткөндөн кийин козголушу мүмкүн. (КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
373-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- ПОЛОЖЕНИЕ о комиссиях по делам несовершеннолетних (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 27 декабря 1994 года N 893)Положение · 27.12.1994 · № 893 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу жонундоЗакон · 08.08.2004 · № 111 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-373" title="373-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>